"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кытай парламентинин жылдык сессиясынын алкагындагы жыйындарда Тибеттеги козголоңдун кезектеги жылдыгына тушташ Далай Ламанын маселеси кайрадан көтөрүлдү.
Оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын тергөө органдары ыктай баштаган расмий версияга маркумдун кызматташтары да, талдоочулар да ынанган жок. Немцовдун санаалаштары саясатчыны өлтүргөндөрдөн да, буга буюрутма бергендерди табуунун мааниси чоңдугуна көңүл бурушууда.
ЖККУ башкатчысы Николай Бордюжанын Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар абдан эле көптүгү, коомдук – саясий турмушка таасир берип жатканы, алар чет өлкөдөн каржыланганы жана мунун баары эске алынуусу керектиги тууралуу айткандары эмнени каңкуулайт?
Аскерий бюджеттин өсүшү менен катар Кытайдагы антикоррупциялык өнөктүк кызматтагы жана отставкадагы генералдарды, армиянын "жолборсторун" да бутага алууда.
АКШ жана Европа лидерлери эгер Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттары аткарылбаса, олуттуу чара көрүү зарылдыгын макулдашты.
Америкалык “Форбс” журналынын жаңы рейтинги дүйнөдө миллиардерлер саны өскөнүн көрсөттү.
Президент Барак Обама Иран менен түзүлүүсү ыктымал келишимди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун АКШ Конгрессиндеги сөзүн утурлай коргоду.
Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү жүрүштөрү өттү. Саясатчыны белгисиз адам Москванын чок ортосунда 27-февраль түнү атып кеткен эле.
Түркмөнстандын Ооганстан менен чек араны бекемдөө чаралары ооган түркмөндөрүнүн нааразылыгын жаратты. Алар Түркмөнстан жер тартып алып жатканын айтышууда.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 82 пайыздан ашыгы катышкан. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Украина майдан тилкесинен оор куралдарды чыгарууга киришкенин билдирүүдө. Расмий Киевдин ырастоосунда, алар мындай кадамга жоокерлер соңку эки суткадан бери жоготууга учурабаган соң барууда.
Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири, издөөдөгү Алмамбет Анапияевдин Минскидеги өлүмү расмий Бишкекке Бакиевдер маселесин кайрадан көтөрүп чыгууга жүйө болду.
Кошмо Штаттардын өкмөтү орусиялык компьютер хакери жана киберкылмыштарга шектелген Евгений Богачевду кармоого жардам бере ала турган маалымат үчүн 3 миллион доллар сыйлык жарыялады.
Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга караганда өлкөнүн чалгын кызматы - Моссад Ирандын өзөктүк программасынан азыраак тынчсызданганын күбөлөндүргөн жашыруун маалымат ачыкталды.
Президент Путин “Орусия -1” телеканалына интервью берип жаткан чакта, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусия менен АКШ Украина боюнча кайрадан кайым айтышты.
Кытай Индия премьер-министринин Бээжин талашып жүргөн аймакка барышына кескин нааразылык билдирди.
Харьковдо теракт катары мүнөздөлгөн жардырууну расмий Киев Орусия менен байланышта кароодо. Украин армиясы ок атышуу толук токтомоюнча, майдан тилкесинен оор куралдар чыгарылбай турганын ачыктады.
Азия чөлкөмүндөгү азыркы экономикалык жараяндар аймакта “акча согушу чыкпайбы?" деген камтамачылыкты жаратты.
Украин президенти БУУнун мандаты астындагы бейпилдик орнотуучу күчтөрдү чакыруу чечимин ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттары аткарылбай жаткан кезде жарыялады.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин Украинада мартабалуу кызматка дайындалышы расмий Тбилисиге жаккан жок. Кечээ украин элчиси Грузиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бирок тараптар Саакашвилинин иши боюнча эки ортодогу пикир келишпестик мамлекет аралык мамилеге залакасын тийгизбейт деп ырастоодо.
Дагы жүктөңүз