"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кытайдагы “кара дүйшөмбүнүн" эпкини менен артка кеткен Азия, Европа жана АКШнын биржалык индекстери бүгүнкү соодада кайра калыбына келе баштаганы байкалды.
Миңдеген качкындардын агымын токтотуу максатында Македония Греция менен чек арасында өзгөчө абал киргизди. Европанын чек араларында мигранттар кризиси күндөн-күнгө курчуп жатат.
Президент Назарбаев кечээги жыйында кризис казак экономикасынын бардык секторлорун каптаганын моюнга алып, өкмөттү ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.
Украинанын чыгышында майдан тилкесинин айланасында атышуулардын күчөшү үчүн орус жана украин бийликтери кайрадан бири-бирин айыптоого өтүштү.
Путин Украинадан былтыр аннексияланган Крымда кечээ Орусиянын Мамлекеттик кеңешинин жыйынын өткөрүп, туризмди өнүктүрүү маселесин талкуулаган эле.
17-августа КСДП курултайын өткөрүп, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Шайлоо алдында дагы бир нече партиянын курултай өткөрүүсү белгиленген.
16-августта Бишкекте “Ата Мекен” жана “Бир бол” партиясынын шайлоо алдындагы курултайы өтүп, талапкерлердин тизмелери жарыяланды.
Азербайжанда бийликтеги режимдин кезектеги сынчылары түрмөгө кесилди. Бул ирет коомдук активист жана укук коргоочу жубайлар Лейла жана Ариф Юнус соттолушту. Баку бийлигинин бул кадамын адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар сынга алышкан.
Тяньцзинь шаарындагы жарылуунун ыктымал кесепеттеринин кооптуулугу – ал болгон кампада химиялык заттар сакталгандыгында.
Улуттук акчанын кунун атайлап кетирүү Кытайдын соода көрсөткүчтөрү начарлаган учурга туш келгендиктен бул валюта реформасына караганда экспортту колдоо чарасына көбүрөөк ыктап тургандай.
Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы бажы бекеттер алынып, Евразия экономикалык биримдигинин жол-жобосу Кыргызстан үчүн да күчүнө кирди. Көз карандысыздыктын 24 жылынан кийин бир бажы жана экономикалык мейкиндиктеги жашоо кандай болот? Мурдагы Бажы, азыркы Евразия экономикалык биримдигинин Орусиядан башка мүчөлөрү кандай кыйынчылыктарды, кызыкчылыктар кагылышын баштан кечиришти? "Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу бүгүн ушул маселелерге арналды.
Түркияда азыр коалициялык өкмөт курала албай өлкө мөөнөтсүз шайлоого барышы мүмкүн жана буга бийликтеги АК партия өзү да кызыкдар деген пикир үстөмдүк кылууда.
Орусия АКШны “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшкө Сирияны да кошууга чакырууда. Вашингтон жана анын өнөктөштөрү буга караманча каршы.
Орусияда "санкциялык согуштун бир жылдыгына тушташ Батыштыкы делген тамак-ашты, мөмө жана жер-жемишти атайлап жок кылуу жараяны жүрүп жатат.
Европа мыйзамсыз мигранттардын агымынан коргонуу аракетин күчөтүүдө.
Бээжинде ушул аптада Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкын (AIIB) негиздөө келишимине кол коюлду. Азырынча Кытай үстөмдүк кылуучу бул банк Азия чөлкөмүндө инфраструктураны жакшыртууга жардам берет деп күтүлүүдө.
Украинада Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Бирок Донбасс аймагына эч кандай өзгөчө макам берилбей турганын козголоңчулар жана Орусия сынга алууда.
Дефолтко кадам таштаган Грециянын өкмөтү эл аралык кредиторлордун шартын бир аз өзгөртүүлөр менен кабыл алууга даярдыгын билдиргени кабарланууда.
Грециянын өзүндө банктар, баалуу кагаздар базары кеминде бир аптага жабылды. Азыркы өкмөт карыз маселесин 5-июлда жалпы элдик референдумга салганы жатат.
Түркмөнстан Конституциясын өзгөртүүгө кайрадан камынууда. Жаңы өзгөртүүлөр азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун кеминде дагы эки мөөнөт бийликте калышына жол ачат деп күтүлүүдө.
Дагы жүктөңүз