Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Азербайжанда активист жубайлар соттолду


Соттолгон жубайлар Лейла жана Ариф Юнус.
Соттолгон жубайлар Лейла жана Ариф Юнус.

Азербайжанда бийликтеги режимдин кезектеги сынчылары түрмөгө кесилди. Бул ирет коомдук активист жана укук коргоочу жубайлар Лейла жана Ариф Юнус соттолушту. Баку бийлигинин бул кадамын адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар сынга алышкан.

Азербайжан сотунун 13-августтагы өкүмү менен 59 жаштагы Лейла Юнус сегиз жарым жылга, жубайы, 60 жаштагы Ариф жети жылга кесилишти. Жубайлар былтыр июлдан бери камакта отурушат. Сот прокурор сураган жаза мөөнөтүн бир аз кыскартты.

Мамлекеттик айыптоочу Лейла Юнусту 11 жылга, ал эми Ариф Юнусту тогуз жылга кесүүнү өтүнгөн болчу. Айыпкерлердин адвокаты Елчин Гамбаров “Азаттык” менен маегиде бул сот ишинин көмүскө жана көрүнөө жактары тууралуу буларга токтолду:

- Юридикалык жактан аларды салык төлөөдөн качкан, ишкердикти мыйзамсыз жүргүзгөн, көз боёмочулукка барган деген айыптардын негизинде соттошту. Бирок куугунтуктун чыныгы жүйөсү Юнустардын үй-бүлөсүнүн коомдук ишмердиги. Мен өзүм сотто бул нерсени ачык эле айттым. Лейла жана Ариф Юнустун кылмыш ишин мен алардын жарандык коомду өнүктүрүү жаатындагы ишмердигине байланыштырам. Биз эле эмес, укук деген нерседен түшүнүгү барлардын баары сот жараяны учурунда коюлган айыптын эч негизи жоктугуна, кылмыш иши фальсификацияланганына күбө болушту. Соттун өкүмү толугу менен баштапкы тергөөнүн гана материалдарына негизделди, күбөлөр суралган жок, дегеле сот жараяны өтпөгөндөй таасир калтырды. Албетте, жакынкы убактарда биз бул өкүмдү апелляцияга беребиз. Ооба, Азербайжандын сотунан адилеттүүлүктү, объективдүү кароону күтүүгө болбойт. Бирок биз Адам укуктары боюнча Европа сотуна жетиш үчүн өлкө ичинен соттук этаптардын баарын басып өтүшүбүз зарыл. Биз Европа соту туура жыйынтык чыгарат деген ишеничтебиз.

Бакуда расмий катталбаган Тынчтык жана демократия институтун негиздеген Лейла Юнус камакка алынган кезде Азербайжандагы саясий айыпкерлер боюнча долбоордун үстүнөн иштеп жаткан эле. Ал эми жубайы, кесиби боюнча тарыхчы Ариф Юнус иликтөөлөрүндө негизинен Тоолуу-Карабак чатагына көңүл буруп келген. Азербайжан бийликтери аларды чыккынчылыкка барды деп айыпташкан. Бул айып алдыда өзүнчө сотто каралуусу керек.

Лейла Юнус сотто өкүм угузулар алдындагы соңку сөзүндө укук коргоочулугунан улам соттолуп жатканын белгилеп, "Азербайжанда кимде-ким диктатурага чакырык таштоого аракеттенсе, ал репрессияга кабылат”,- деп айтты. Лейла Юнус ошондой эле сотко кайрылып, жубайы экөөсүн түрмөгө айдоо алар үчүн өлүм жазасына барабар болоруна токтолду.

Бакуда Лейла жана Ариф Юнустун сотуна чогулгандар.
Бакуда Лейла жана Ариф Юнустун сотуна чогулгандар.

Соттолгондордун кызы Динара Юнустун айтуусунда, бир жылдан ашуун убакыттан бери абакта олтурган ата-энесинин саламаттыгы начар:

- Менде эне-атамды тирүү көрөмбү деген үмүт өчүп бара жатат. Сөз азыр аларды эркиндикке чыгаруу жөнүндө эле эмес, алардын өмүрүн сактап калуу жөнүндө жүрүп жатат. Алар дарыланууга муктаж. Менин энем абдан оорулуу. Сарыктын С формасынан жабыркаган. Акыркы маалымат боюнча, анын бул дарты боордун циррозуна айланып кетиши мүмкүн.

Эл аралык “Хьюман РайтсУотч” уюму Лейла менен Ариф Юнустун сотун “пародия” деп сыпаттаган. Азербайжан бийликтерин аларды камаганы үчүн АКШ, Евробиримдик, Эл аралык Мунапыс, ЕККУ уюмдары сынга алышкан. Алардын баары сот өкүмүн да айыпташты.

Лейла менен Ариф Юнус Азербайжанда акыркы эки жылда камалган активист, укук коргоочу, журналисттердин жазасы аныкталгандарынын азырынча акыркысы болуп калды.

Байкоочулар президент Ильхам Алиевдин бийлиги азыр режимдин сынчыларынын жана башкача ойлонгондордун оозун басуу өнөктүгүн жүргүзүп жатканын айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG