"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Коргонуу маселелерине адистешкен интернет басылмалардын маалыматына караганда, Өзбекстан армиясын Airbus үлгүсүндөгү аскерий-транспорттук учактар менен чыңдаганы жатат.
Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим түзүлүүсү талап кылынган акыркы мөөнөт жакындап калды. 30-июнду утурлай Тегеран да, Батыш өлкөлөрү да негизги талаптарын айтууда.
Буга WikiLeaks сайты АКШ Франциянын президенттерин жана башка расмий адамдарын тыңшаганы боюнча документтерди жарыялаганы түрткү берди.
АКШ администрациясы Сириядагы күрттөрдүн аракетин Иракты “Ислам мамлекети” тобунан тазалоо үчүн үлгү катары көрсөтүүдө. Бул аралыкта жихадчылар бүгүн Сириянын байыркы Пальмира шаарынан эки күмбөздү жардырып жиберишкени белгилүү болду.
АКШ Чыгыш Европада оор куралдарын, анын ичинде танктарды, брондуу унааларды жана артиллериясын жайгаштыра турган болду.
Дүйнөдө былтыркы жылдын жыйынтыгы менен террордук чабуулдардын саны үч эсеге көбөйүп кетти. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин терроризм маселелерине арналган жылдык жаңы баяндамасында айтылат.
Байкоочулар демонстранттардын артында саясий күчтөр турбаганына, бирок электр кубатын керектөөчүлөр нааразы болгудай реалдуу себептер бардыгына көңүл бурушууда.
Ооган коопсуздук күчтөрү "Талибандын" согушкерлерине каршы контрчабуулга даярданууда. Ооганстандын Борбор Азияга чектешкен аймактарында согушкерлер быйыл апрелден бери активдешүүдө.
Соңку сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктагандан кийин 22-июнга Евробиримдиктин мамлекет жана өкмөт башчыларынын чукул саммити чакыртылды.
АКШ Чыгыш Европада оор куралдарды ыктымал жайгаштыруусунан кооптонбой турганын айткан Путиндин баллистикалык ракеталар боюнча сөзү Батышта камтамачылык жаратты.
Америкалык гезиттердин жазганына караганда, АКШ бул аймакка оор куралдарын алып келүү менен Орусиянын Украинадагы аракеттеринен кооптонгон өнөктөштөрүн тынчтантууну көздөйт.
Президент Барак Обаманын чечимине ылайык, Ирактагы аскерий машыктыруучулар менен кеңешчилер саны төрт жүз элүүгө көбөйө турган болду.
Бул экстремисттик уюмга каршы күрөшүү жана Иракка колдоо көрсөтүү “Чоң жетиликтин” Германияда аяктаган саммитинин күн тартибиндеги маселелердин бири болду.
Саммитте макулдашылгандай, украин жаңжалынан улам Орусияга каршы киргизилген санкциялар сакталат, эгер кырдаал талап кылса “Чоң жетиликтин” өлкөлөрү жаңы санкцияларды киргизүүгө да даяр.
Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Душанбедеги суу боюнча эл аралык конференцияда Кыргызстандын позициясын билдирди.
АКШ жана Германия лидерлери cаммиттин алкагындагы сүйлөшүүлөрдө Орусияга каршы санкциялар алынбай турганын дагы бир ирет ырасташты. Москва тышкы саясаты өзгөрмөйүнчө бул топко кошула албай турганы да айтылды.
Ушул жекшемби күнкү шайлоодо президент Эрдогандын АК партиясы парламентте басымдуу көпчүлүктү камсыздай алса, өлкө Конституциясын өзгөртүүгө жол ачылып, Түркия парламенттиктен президенттик башкарууга көчүшү мүмкүн.
Украин президенти Петро Порошенко өлкөнүн чыгышында кеңири масштабдагы уруштун кайра жанданып кетүүсү үчүн “эбегейсиз коркунуч” жаралганын эскертти.
Жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, жихадчылардын бомба жасоочу жайлары АКШ баштаган коалициянын аба соккулары аркылуу жок кылынды.
Жаалданган топ “Кыйноого каршы комитет” деген бейөкмөт уюмдун Грозныйдагы кеңсесин талкалагандан кийин президент Рамзан Кадыров бул окуяны иликтөөнү убада кылды.
Дагы жүктөңүз