Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Кытай жарылуунун кесепети менен күрөшүүдө


Жарылуудан кийинки көрүнүш. Тяньцзинь, 13-август.
Жарылуудан кийинки көрүнүш. Тяньцзинь, 13-август.

Кытайдын порттук Тяньцзинь шаарындагы ири жарылуудан өлгөндөрдүн саны өсүп, кеминде 44кө жеткени кабарланууда. Бийликтер бул үчүн жоопкерлер катуу жазаланарын убада кылып жатат. Жарылуунун ыктымал кесепеттеринин кооптуулугу – ал болгон кампада химиялык заттар сакталгандыгында.

Жарылуунун күбөлөрү тартып алган видеотасмага караганда Кытайдын Тяньцзинь шаарынын бир бурчунда шаршемби түнү жанар тоо атылгандай эле болду. Жерден асманга шаар формасында эки ирет от удургуп чыкты.

“Мага өрт алыстай эле сезилген. Бир маалда капыстан эле жарылуу болду. Эмне кыларды билбей, дендароо болуп калдым. Анан дагы бир жарылуу болду. Мен качып жөнөдүм, бирок денем канжалап кетиптир. Ооруканага мени досум жеткирди”, - деди жарылууга күбө болгондордун бири Рейтер агенттигинин кабарчысына.

Жарылууну коштогон өрт.
Жарылууну коштогон өрт.

Кытайдын мамлекеттик медиасы маалымдагандай, Тяньцзиндеги жарылуудан курман болгон элүүгө жакын кишинин 12си өрт кесепети менен күрөшкөн өрт өчүргүчтөр.

Жергиликтүү бийликтердин эсебинде, жаракат алгандардан ооруканаларга 500дөн ашуун киши түштү, алардын алтымыштан ашуунунун акыбалы оор.

Кошмо Штаттардын Геологиялык кызматы Кытайдагы азыркы жарылууну жер титирөөнүн күчү сезилген, сейсмикалык окуя катары каттады. Кытайдын өзүнүн сейсмикалык борборунун эсебинде, биринчи жарылуунун күчү тротил экивалентинде үч тоннага, экинчиси 21 тоннага жеткен.

Тяньцзинь шаарында өзү 15 миллиондой киши жашайт. Ал эми шаардагы порт дүйнөдөгү эң ири он порттун катарына кирет. Жарылуунун айлана-тегерекке жана портко алып келген зыяны бүгүн эртең менен билингендей болду. Порттун айланасында турган, жүк салган контейнерлер оодарылып, миңден ашуун жаңы унаалар тыптыйпыл болуп күйүп, керектен чыкты.

Тяньцзиндин тургундарына жардам көргөзүү. 13-август, 2015-жыл.
Тяньцзиндин тургундарына жардам көргөзүү. 13-август, 2015-жыл.

Жарылуу аймагына жакын имараттар, логистикалык компаниялардын кеңселери да өрттөнүп, кеминде эки чакырым радиустагы имараттардын, турак үйлөрдүн айнектери күбүлүп, дубалдарынан жарака кетти. Бирок жарылуунун ыктымал кесепеттеринин эң кооптусу миллиондогон киши жашаган шаардын асманын уулуу кара түтүн каптаганында. Анткени, кытай бийликтери өздөрү ырастагандай, жарылуу болгон кампада “коркунучтуу жана химиялык заттар” сакталып турган болчу.

Өрттөлгөн унаалар.
Өрттөлгөн унаалар.

Мындан улам кырсыктын кеспеттерин жоюу ишине, “Синхуа” агенттиги кабарлагандай, Бээжин аскер округунун радиациялык, биологиялык жана химиялык коргонуу отряды да тартылып жатат.

Борбор Бээжинден 120 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан шаардын бийликтеринин ырастоосунда, абанын сапатына жүргүзүлгөн мониторинг ал нормага шайкеш экенин көргөзүүдө. Алдыда суунун сапаты да текшерилмекчи.

“Бул жерде жарылуучу жана оңой өрттөнүүчү кооптуу заттарды сактоонун эрежеси бузулуп, катачылык кеткен. Антпесе жарылуу ушунчалык кыйракан алып келмек эмес. Бийликтер эми буга ким жоопкер экенин аныктоосу абзел. Бул жерде кампага ээлик кылган компания күнөөлүү же катачылык өкмөттүн текшерүүчү мекемелеринин көз жумду мамилесинен улам да кеткен болушу мүмкүн”,- дейт Тяньцзиндин тургундарынын бири.

Маалыматтарга караганда, жарылган кампа Ruihai Logistics деген компанияга таандык.

Тяньцзинь шаарын кара түтүн каптаган учур. 13-август, 2015-жыл.
Тяньцзинь шаарын кара түтүн каптаган учур. 13-август, 2015-жыл.

Мамлекеттик “Синхуа” агенттиги кабарлагандай, президент Си Цзинпин жарылуу үчүн жоопкерлерге катуу чара көрүлүүсү керектигин, куткаруу иштерин жүргүзүүдө, дайынсыздарды табуу, жаракат алгандарга жардам берүүдө колдо бар мүмкүнчүлүктүн баары пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр Ли Кэцян болсо жарылуунун себептери кылдат иликтенерин убада кылды.

Өндүрүштүк жайлардагы кырсыктар Кытай үчүн адаттан тыш көрүнүш эмес. Бир жылча мурда өлкөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, автотетиктерди жасоочу заводдогу жарылуудан 75 киши мерт болгон.

Кытай: жарылуудан өлгөндөр саны өсүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG