"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бир айга созулган шайлоо марафону - парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 2-октябрь түн ортосуна барып жыйынтыкталат. 3-октябрь - Кыргызстанда жымжырттык күнү.
Ооган бийликтери өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарынын басымдуу бөлүгүн талиптерден кайтарып алганын ырастоодо.
Орусиянын Сириянын аймагында кечээ баштаган аба соккулары ал чын эле “Ислам мамлекети” тобунун турумдарын же оппозицияны бутага алдыбы деген күмөн саноолорду жаратты.
Талибан Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарын дүйшөмбү күнкү чабуулдун аркасында басып алды. Бул эл көп жашаган шаардын 2001-жылы күздө, АКШ антитеррордук операция баштаган учурдан бери талиптердин колуна алгачкы ирет өтүшү болду.
Надежда Савченконун адвокаттары сот айыптоочу өкүм чыгарарын азыртан эле болжолдошууда. Учкуч өзү камакта жалган жалаа менен отурганын айтып келет.
Орусиядагы бизнес империясы талкаланган банкир Сергей Пугачев мурда президент Путиндин досу жана анын бийликке келишине салым кошкон ири ишкер катары белгилүү болчу.
МАГАТЭнин башчысы Юкия Аманонун Тегерандагы сапарына тушташ Ирандын талаштуу аскерий жайынан текшерүү үчүн чаңдын үлгүлөрү алынганы белгилүү болду.
“Бийликтин алмашып туруусу үчүн” деп аталган митинг оппозициянын акыркы бир нече айдагы алгачкы нааразылык акциясы болду. Ал Орусиядагы соңку жергиликтүү шайлоо бийликтеги партиянын жеңиши менен аяктаган соң уюштурулду.
Орусиянын Сирия кризисине президент Башар Асадга колдоо көргөзүү менен кийлигише баштаганы бул өлкөдөгү жарандык согушту саясий жол менен жөнгөрүү жолун туңгуюкка кептечүдөй. Москва менен Вашингтон Асаддын саясий жараяндагы жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалициядагы ролун эки башка көрөт.
Вашингтон менен Москва Сирия президенти Башар Асаддын "Ислам мамлекети" тобу менен күрөштөгү ролун эки башка көрүүдө. АКШ Асад бийликтен кетиши керек десе, Орусия буга каршы.
Буга чейин аскерлер менен ПККнын согушкерлери ортосунда жүрүп келген урушка эми башка топтор жана жайкын тургундар да кириптер боло баштаганы көңүл бурдуруп жатат.
Демократиялык оппозиция жалгыз облуста гана шайлоого катыштырылып, бирок ал жактан да сүрүлдү. Байкоочулар шайлоо жүздөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешти.
Евробиримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссия Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири миграция агымын жөнгө салуу боюнча чукул планын жарыялады.
Евробиримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссия фермерлерди колдоо үчүн 500 миллион евро жардам ажыратыларын жарыялады.
Күрт согушкерлеринин артынан кууган түрк аскерлери шейшембиде Ирак менен чек араны кесип өткөнгө чейин барды. Жардырууларга жооп кылып, армия согушкерлердин турумдарына абадан сокку урууларын арбытты.
Быйылкы парламенттик шайлоо партиялык тизмелерди түзүүдө негизги ролду акча ойноду деген коомдук пикирди мурдагыдан да бекемдеди. Байкоочулардын баамында, эгер бул маселеге көңүл бурулбаса пропорционалдык шайлоо системасы, ага катар партиялар өзүн-өзүн дискредитациялайт.
Астана менен Бээжин акчалай наркы 23 миллиард доллардык жаңы келишимдерди Кытайдагы экономикалык солгундоонун кесепетин Казакстан да сезе баштаган учурда түздү.
Украин бийликтери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандагы кагылыш үчүн ашынган улутчулдарды айыпташты. Кагылышта өлгөндөр саны үчкө жетти, жүздөн ашуун киши жаракат алды.
Эстониянын орусиялык расмий өкүлдөр сынга алган бул планы ушул аптада белгилүү болду. Орусия менен чек арасын тосмолоо ниети бардыгын мурдараак Латвия да билдирген.
Расмий Киев орус сотунун өкүмүн кескин сынга алып, маселенин саясий өңүтү бардыгына көңүл бурду. Укук коргоочу уюмдар украин кинорежиссерун буга чейин эле саясий айыпкер катары таанышкан.
Дагы жүктөңүз