Ооган Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кундузда өткөн түнкү операциялар учурунда 150дөй согушкер жок кылынып, шаар талиптерден тазаланды. Бирок "Талибандын" өкүлдөрү ооган бийликтеринин Кундузду алдык деген ырастоолорун четке кагууда. Алардын айтымында, талиптер курчоодо калбаш үчүн шаардын четине чегинип кетти жана каршылык көргөзүүнү токтоткон жок.
“Франс Пресс” агенттиги Кундуздагы күбөлөргө шилтеме жасап, өкмөттүк күчтөр шаардын борборунда жүргөнүн, көчөлөрдөн талиптердин денелерин көрүүгө болорун, уруш шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө уланып жатканын кабарлады.
АКШ учактары абадан колдоо көргөзгөн ооган күчтөрү 2001-жылдан бери "Талибандын" колуна алгачкы ирет өтүп кеткен провинция борбору - Кундузду кайра бошотууга соңку эки күндөн бери аракеттенип жаткан.
Президент Ашраф Ганинин кеңсеси билдиргендей, ал Кундузду "Талибан" басып алышына шарт түзгөн жагдайларды иликтөө үчүн атайын делегация жөнөтмөкчү. Бул окуя президент Ганинин дарегине ал отставкага кетсин деген чакырыктардын чыгышын да шарттады. Бирок расмий Кабул Кундузга жасалган чабуулдун учугун да кайра эле коңшу Пакистандан көрүп жаткандай.
Президент Ганинин саясий өнөгү, учурда башкы аткаруучунун кызматын ээлеген Абдулла Абдулла Нью-Йорктон "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде буларга токтолду:
- Мен "Талибан" Пакистандан алып жаткан колдоосуз өлкөдөгү аскерий жана коопсуздук кырдаалы башкача болмок деп айтар элем. Бул өтө маанилүү маселе.
Бул аралыкта бүгүн борбор Кабулда жүздөгөн адам демонстрацияга чыгып, “Талибанга өлүм” деп кыйкырып жатышты. Демонстранттар ошондой эле ооган бийлиги ичинде да талиптерге жантарткандар бардыгын айтышып, аларды айыпташты.
Үч жүз миңдей киши жашаган маанилүү стратегиялык шаар катары эсептелген Кундуздун бир күн ичинде "Талибандын" колуна өтүүсү, расмий өкүлдөр менен ал жердеги коопсуздук күчтөрүнүн аэропортко сүрүлүп калуусу буга чейин калыптана баштаган ишенимге сокку ургандай болду. Анткени Кабулдагы өкмөт АКШ менен НАТОнун машыгуусунан өткөн ооган армиясы жана полициясы барган сайын күчтөнүүдө жана эми "Талибанга" аймактарды алдырбоого жөндөмдүү деген ойдо эле.
Жалпы саны 350 миңге жеткен ооган улуттук коопсуздук күчтөрүн машыктыруу АКШнын Ооганстандагы согушту бүтүрүү жараянындагы өзөк маселе болгон.
Өкмөттүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулланын айтымында, Кундуздагы кризис чет элдик аскерлер өлкөдө дагы туруусу зарылдыгын көргөздү:
- Чет элдик жана эл аралык аскерлердин негизги бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ооган коопсуздук күчтөрүнүн мойнуна эбегейсиз жүк түштү. Кундуздагы кырдаал - "Талибандын" бир жылдан берки аракеттери арасынан эң чоң жетишкендиги. Ошол эле учурда ооган күчтөрүнө колдоону сактоо айныксыз болуп турат. Бул чечимди кабыл алуу АКШ президентинин жана администрациясынын ыйгарым укугундагы иш. Бирок мен түшүнгөндөн “Чечкиндүү колдоо” миссиясына жеринде(Оооганстанда) тартылган генералдар менен офицерлердин, биздин өзүбүздүн аскерий жана коопсуздук жетекчилерибиздин көз карашында чет элдик күчтөрдү 2016-жылдан кийин да кармоо зарыл.
АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү быйыл жыл башынан бери негизги көңүлдү ооган күчтөрүн машыктырууга жана кеңеш берүүгө буруп жатат.
Ооганстанда азыр АКШнын он миңге жетпеген аскери калган. Буга чейин жарыяланган план боюнча алар да 2016-жылдын аягына барып, өлкөдөн чыгып кетүүсү керек.