"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Түркияда президенттин партиясы өкмөттү жеке куроо укугуна кайрадан ээ болду. АК партиянын жеңишинен кийин эле Конституцияны өзгөртүү чакырыктары айтылып жатат.
Талдоочулар мамлекеттик саясаттагы бул бурулушту кытай бийликтеринин калктын картаюусун алдын алып, экономикалык өсүшкө дем берүү, эркектер менен аялдар саны ортосундагы ажырымды азайтуу аракети катары чечмелешүүдө.
Мамлекеттик катчы Жон Керринин Борбор Азияга алгачкы иш сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кырдаалга, ИМ тобунун аймакка туудурган коркунучуна басым жасалчудай.
Германия түмөндөгөн мигранттарды артка кайтарууну көздөөдө. Өкмөттүн жарыясына караганда, алар Ооганстандан жана Балкан өлкөлөрүнөн келип, Германиядан башпаанек алууну көздөгөндөр.
Венада бүгүн Сирия боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр башталат. Ага алгачкы ирет Иран дагы катышканы турат.
Бул күндөрү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге каршы козголгон жаңырыктуу кылмыш иши каралууда.
Дүйшөмбү күнкү зилзала Ооганстан менен Пакистанда 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Курмандыктар саны алдыда дагы өсүшү мүмкүн. Бул жолку жер силкинүүсүнүн күчү Түштүк менен катар Борбор Азияда да бир топ сезилди.
Сириянын экинчи ири шаары - Алепподон 35 миңдей киши качып чыкты. БУУнун гуманитардык жардам боюнча мекемесинин маалыматына караганда, бул өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан улам болгон.
КМШ өлкөлөрүнүн Казакстандагы саммитинде аскерий кызматташтык концепциясына кол коюлду, президенттер эл аралык терроризмге каршы күрөшүү маселеси боюнча атайын билдирүү жасашты.
Президент Барак Обама бул тууралуу Ооганстанда "Талибан" кыймылы кайра күчөп, ооган аскерлеринин ага каршы күрөшүү жөндөмү боюнча тынчсыздануулар айтылып жаткан кезде жарыялады.
Орусия Эл аралык авиация уюмун малайзиялык жүргүнчү учактын кыйрашы боюнча жаңы иликтөө баштоого чакырса, Украина кийинки чара эми кылмыш иши болуусу керектигин айтып чыкты.
АКШда Демократиялык партиядан президенттикке үмүткөрлөрдүн алгачы телетаймашы өттү. Анда негизинен ички саясаттын талаштуу маселелери үстөмдүк кылып, Барак Обамадан кийин Ак үйдү ээлөөнү умтулган демократтар коомчулукка өз көз-караштарын жеткирүүгө аракеттеништи.
Кытай соту кечээ коррупциялык эки ири иш боюнча өкүм чыгарды. Жогорку даражалуу мурдагы эки аткаминердин бири он алты жылга, экинчиси он үч жылга түрмөгө кесилди.
Байкоочулар эгер коррупцияга Мишел Платининин да катышы бардыгы аныкталса, бир кездеги даңазалуу футболчунун ФИФА президенттигине шайлануу мүдөөсү таш кабарын айтышууда.
Орусия Сириядагы аба соккуларынан улам Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү менен алакасын бузуп алышы мүмкүн. Аймактагы сунни араб мамлекеттеринин жана алардын калкынын Орусиянын Сириядагы аскерий аракетине карата реакциясына байкоо салган талдоочулар мына ушундай ойду айтышууда.
Алгачкы ракеталык атуулар кечээ АКШ, НАТО жана Түркия Орусиянын Сириядагы аскерий операциясы “Ислам мамлекети” тобуна гана каршы багытталганынан мурдагыдай эле күмөн санап жаткан кезде жасалды.
Аба мейкиндиги Орусия тарабынан кеминде үч ирет бузулганына нааразы болгон Анкара Москвага бул маселе боюнча сүйлөшүүнү сунуш кылды.
Дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 40% камсыздаган өлкөлөр өзүнчө эркин соода аймагын түзүүдө. Он эки мамлекет Транс-Тынч океан өнөктөштүгү деп аталган келишимге эки күн мурда жетишти.
АКШ “Ислам мамлекети” тобуна адамдарды азгыруу менен алектенген орусиялык согушкерлерге санкция жарыялады.
Беларуста 11-октябрда кезектеги президенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Лукашенко анда жеңерине бөркүндөй ишенгени менен ага чакырык таштадык дегендер да чыкты. Бирок оппозиция элди шайлоону бойкоттоого үндөөдө.
Дагы жүктөңүз