Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

ФИФАдагы коррупциянын УЕФАдан чыккан илинчеги


Мишел Платини Кыргызстанга келген учур. 9-октябрь, 2012-жыл.
Мишел Платини Кыргызстанга келген учур. 9-октябрь, 2012-жыл.

Дүйнөнүн эң башкы футбол уюму - ФИФАдагы коррупциялык жаңжалдын улам жаңы өңүтү ачылууда. Уюмдун этикалык комитети ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен катар УЕФАнын президенти Мишел Платинини да кызматтан убактылуу четтетти. Байкоочулар эгер коррупцияга Платининин да катышы бардыгы аныкталса, бир кездеги даңазалуу футболчунун ФИФА президенттигине шайлануу мүдөөсү таш кабарын айтышууда.

Дүйнөнүн футбол уюмдарындагы азыркы кризисти британдык “Гардиан” гезити өзгөрүү үчүн убакыт келгенинин жышааны деп мүнөздөдү. Анткени бул абройлуу басылманын пикиринде, футбол ассоциациялардын эл аралык федерациясы – ФИФА бүгүн шал абалына кептелген мамлекетти элестетип турат.

Уюмдун этикалык комитети 8-октябрдагы чечими менен ФИФАнын президенти Йозеф Блаттерди, вице-президенти, кореялык миллиардер Чун Мон Чжунду, башка катчы Жером Валькени жана алар менен бирге Европанын футбол федерациясы - УЕФАнын президенти Мишел Платинини кызматтан убактылуу четтетти.

Блаттер, Вальке жана Платини кызматтан сүрүлгөн жана футболго байланышкан ишмердик менен алектене албай турган мөөнөт азырынча 90 күн деп мерчемделсе, вице-президент Чун Мон Чжун өз кызматын кеминде алты жыл ээлей албайт. Буга катар ага 100 миң швейцар франкы өлчөмүндө айып пул да салынды.

Убактуу болсо да кызматтан четтетилген үлкөн футбол чиновниктердин арасына УЕФА президенти Мишел Платининин кирип калганы кызуу талкууланууда.

"Рейтердин" кабарчысы менен маегинде бул жаңылыкты комментарийлеп жатып, Англиянын футбол федерациясынын башычысы Грейг Дайк алар азыр деле Платини ФИФАнын президенти болууга татыктуу деген ойдо экенин, бирок эгер ал коррупция боюнча күнөөлүү деп табылса, бул колдоону токтотушарын белгиледи:

- Биз ал ФИФАнын кийинки президенти болушун колдоп жатканбыз. Анткени Платини УЕФАнын президенти катары көп жакшы иштерди жасады деп эсептейбиз. Эгер далилдер анын күнөөсүз экенин көргөзсө, биздин турумубуз өзгөрүүсүз калат. Бирок эгер далилдер ал коррупциялык практикага аралашканын көргөзсө, биз аны колдобой турганыбыз анык.

Этика комитетинин кызматтан четтетүү боюнча чечимдери ФИФАнын президентин кезексиз шайлоону утурлай чыгып отурат. Комитет жазалагандардын экөө Мишел Платини менен Чун Мон Чжун дүйнөнүн футбол уюмун башкаруу үчүн келерки жылдын 26-февралына мерчемделген шайлоодо талапкерлигин коюшарын жарыялаган. Шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгү чоң деп күтүлген Платини эми жарыштан чыгып калчудай болуп турат.

ФИФАнын баш кеңсеси жайгашкан Швейцариянын прокуратурасы өткөн айда президент Йозеф Блаттерге каршы кылмыш ишин ачып, дүйнөлүк чемпионаттын оюндарын теледе көрсөтүү укугу Кариб өлкөлөрүнө сатылган учурдагы келишимдердин мыйзамдуулугун иликтей баштаган.

Платини Блаттердин кайра шайланышын куттуктап жатат. Цюрих, 29-май, 2015-жыл.
Платини Блаттердин кайра шайланышын куттуктап жатат. Цюрих, 29-май, 2015-жыл.

Иликтөөнүн жүрүшү 2011-жылы ФИФА УЕФА президентине эки миллион швейцар франкын төлөп бергенин көргөзгөн. Прокурорлорду ушул акчанын чоо-жайы кызыктырып жатат.

Бир кездеги футбол жылдызы Платини кириптер болгон күмөндүү иш жума күнү француз гезиттери башкы бетине чыгарган окуя болду. Париждин Maxime ысымдуу тургуну Рейтердин кабарчысына мындай деди:

- Мен ал күнөөсүз деп үмүттөнөм. Футболчу, машыктыруучу, ишкер адам катары Платини чоң ийгиликтерге жетишти эле. Мен чын эле ал моралдык жактан күмөндүү иштерге, жаман нерсеге барган жок деп үмүттөнөм. Эгер анын мыйзамсыз иштерге барганы аныкталса, анда миллиондогон кишинин көңүлү кайт болот, чынында эле ФИФАнын президенттигине шайлана албайт, өзгөчө Блаттердин бүлүнткүч доорунан кийин. Менимче, ФИФА чындап эле Блаттердикине каршы нерселерге муктаж.

Коррупциялык жаңжалдардан башы чыкпагандыктан чемпионаттарды өткөрүү укуктары сатылат, теле келишимдерден чотур алынат деген ырастоолордон улам ФИФА реформага муктаж деген пикирлер көптөн бери эле айтылып келет.

Бирок Англиянын футбол федерациясынын башчысы Грейг Дайктын пикиринде, реформаны ФИФАнын өз ичинен чыккан адам жасай албайт:

- Эгер көңүл бурсаңыз, ФИФА 40 жылдан бери коррупцияга баткан уюм. Андыктан аны реформалоо абдан кыйын. Кеңири масштабдагы реформаны футболго сырттан келген адам гана жасай алат.

Теги боюнча швейцар, 79 жаштагы Йозеф Блаттер ФИФАнын президенттигине бешинчи мөөнөткө быйыл май айында кайра шайланып алган. Бирок көп өтпөй эле медианын жана коомчулуктун кысымынан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Буга шайлоонун жуп алдында Швейцарияда ФИФАнын жогорку даражалуу жети чиновнигинин камакка алынышы, АКШ жалпысынан дүйнөлүк футболго тиешеси бар 14 кишиге, анын ичинде ФИФАнын кызматтагы жана мурдагы алты чиновнигине пара алган, арам акчаны адалдаган деп кылмыш ишин ачканы себеп болгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG