Тоо арасына жашынган Зардалыга айыл макамы 2015-жылы берилген. Зардалыда 30 чамалуу түтүн туруктуу жашайт. Башталгыч класстар үчүн мектеп, ФАП бар.
Айтылуу Зардалыга сапар
Баткен шаарынан 130 чакырым аралыкта турган Зардалы айылынын аты коомчулукка Баткен окуясынан кийин кеңири таанылган.

1
Зардалы айылынын үстү жагынан көрүнүшү.

2

3
Зардалыдан 50 чакырым алыстыктагы Шудуман аймагы.

4
Зардалы айылындагы борбордук көчө. Бул көчөдө мектеп жана ФАП жайгашкан.

5
Кургатылган өрүк.

6
Зардалыда чай очокко кайнатылат.

7
Зардалыны этектеп аккан дайра.

8
Шудуман аймагындагы жылуу суу (гейзер) чыккан жерге дарыланганы келгендер үчүн жазылган эскертме. Аймакка ат менен эшектен башка унаа-көлүк бара албайт.

9
Чөмөлө.

10
Ээсин күткөн ата конуш. Зардалы айылында туруктуу жашабагандар жыл сайын жайында өрүк кургатыш үчүн ата конуштарына барып, бир нече жума жашап келишет.

11

12
Зардалынын тургундары тандырды да өздөрү жасап алышат.

13
Кожо-Ашкан ашуусуна карай жолдогу капчыгай.

14
Өрүкзар.

15
Зардалы айылындагы жалгыз эки кабаттуу үй.

16
Шудуман аймагына баруучу жолго курулган убактылуу көпүрө. Арткы фондо мурунку көпүрөнүн бетондон куюлган түркүгүн суу агызып кеткенин көрүүгө болот.

17
Шудумандагы конокко жайылган дасторкон.