"Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан 25 адамдын Тажикстандын абагынан качып чыгышынан улам, Кыргызстандын күч түзүмдөрү түштүк-батыш чек ара тилкелериндеги коопсуздук чараларын күчөттү. Ошондой эле өлкөнүн ичиндеги түрмөлөрдүн коопсуздугун чыңдоо маселеси курч бойдон кала берүүдө.
Коомдук телеканалга айланып жаткан Улуттук каналдын Байкоочу кеңеши 26-августта алгачкы отурумуна чогулду. Анда жашыруун добуш менен Элвира Сариева кеңештин төрайымдыгына шайланды. Бул кеңеш телеканалдын жетекчилигин шайлоо, редакциялык саясатын аныктоо, каржылык агымдарын көзөмөлдөө укугуна ээ.
Өзбекстандын чек арачылары тарабынан бир айдан ашуун убакыт бою кармалган Кыргызстандын он бир атуулу мекенине кайтып келишти. Бирок аманит жүктөп келе жаткан үч автоууна жана аларды күзөтүп келе жаткан ички иштер органдарынын кайгуул-күзөт кызматына таандык курал-жарактар кайтарылган эмес.
Өтүп бара жаткан апта июнь айындагы кандуу калабаны иликтеген тараптардын алдын ала жыйынтыктарын жарыялоо иш-чаралары менен башталды. Жума аягы президент Отунбаеванын ЖККУнун Еревандагы саммитине барышы менен толукталды.
ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга киргизилишине каршы тараптар менен өкмөт мунасага келүү аракеттерин көрүүдө. Бул багытта 19-август күнү Бишкекте “ЕККУнун полициясы: макул жана каршы” деген аталыштагы жыйналышта тараптар өз жүйөөлөрүн келтиришип, мунасага келүүнүн чекитин издешти.
18-августта Ош шаарында жүргөн укук коргоочу Азиза Абдирасулованы коогалаңдын жабырлануучулары кармап алышып, кол көтөргөнгө чейин барышкан. Укук коргоочу буга Акыйкатчы Турсунбек Акун Улуттук каналдан айткан туура эмес маалыматтар себеп болду деп эсептейт.
Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусунун аймагындагы “Өзбекнефтигаз” пайдаланып келе жаткан “Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендерин кайтарып алуу боюнча иш-чараларды баштады. Бул боюнча буйрукка президент Роза Отунбаева кол коюп, тиешелүү министрликтерге тапшырма берди.
HRW Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышууларга байланышкан көлөмдүү баяндамасын жарыялады. Анда негизинен калаба кантип башталганы, аны учурунда басуудагы күч түзүмдөрүнүн алсыздыгы жана чатактан кийинки тергөө иштеринин бир жактуу болушуна жол бергендиги үчүн кыргыз бийлиги сынга алынган.
Жакында жыйырмадан ашуун саясий партиянын жетекчилери шайлоону акыйкат, таза өткөрүү, бирин-бири карөзгөй каралоого жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануу боюнча этикалык жүрүм-турум Кодексине кол коюшкан.
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кол тийбестик укугун алуу боюнча Убактылуу өкмөт декретин баш мыйзамга каршы, шайлоо алдындагы саясий авантюра катары мүнөздөдү. Декрет демилгечиси Азимбек Бекназаров эки бозгун президент тең мыйзам алдында бирдей жоопко тартылышы керек деп эсептейт.
Жаңы курамда чогулган Коопсуздук кеңешинин олтуруму кандуу коогалаңдын алдын-алуудагы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерин жеткиликсиз деп тапты.
Жалал-Абаддын Топурак-Бел ашуусунун айланасындагы адам өлтүрүүлөргө катышы бар деген шек менен кармалган милициянын отставкадагы подполковниги Гафуржан Абдурахманов Кызыл-Жардагы психикалык ооруканага которулду.
Июнь айындагы коогалаң боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 3700 кылмыш иши козголду. Анын ичинен этникалык араздашууга алып келген башаламандыктарды жана чагымды уюштуруу боюнча 26 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.
Ош жана Жалал-Абаддагы этникалык араздашууга алып келген кагылышуунун алдын алууда жана тополоңду уюштурду деп шектелген адамдарды кармоодо Кыргызстандын күч түзүмдөрү алсыздыгын көргөзүштү. Коопсуздук Кеңешинин жаңы курамынын олтуруму май-июнь окуяларынын кесепеттерин кароо учурунда ушундай баасын берди.
Кыргызстанда парламенттик шайлоону 10-октябрда өткөрүү жөнүндө Жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Анын алдында Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат жоюлду. Парламенттик шайлоо 27-июндагы референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленди. Шайлоону дайындоо тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы бүгүн түнү кол коет. Бул боюнча президенттин маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов билдирди. Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларына киргизилген өзгөчө абалдан улам шайлоо күнүн жарыялоо кечеңдеп келген.
Апта аягы биринин артынан бири удаалаш келген саясий партиялардын курултайлары менен жыйынтыкталды. 7-августта “Бириккен элдик кыймыл” партиясы курултайын өткөрүп, саясий кеңештин мүчөлөрүн жана төрагасын аныктады. “Ата мекен” партиясынын курултайынын биринчи бөлүгү да ушул күнгө кечкиге белгиленип, оюн зооктор менен коштолду.
Кыргызстанда мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу өнөкөтү улам жаңы түс алып, өрчүп жатышы мамлекеттүүлүк үчүн коркунучтуу. Буга “Мекен Туу” саясий партиясынын жетекчиси Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын 5-августтагы аракеттери мисал боло алат. Бул тууралуу “Антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков билдирди. Анткен менен У. Барктабасовдун жактоочулары бийликти басып алуу ниеттери болбогондугун жарыялап жатышат.
Мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылган отуз төрт объект мамлекеттин эсебине кайтарылды. Анын он төртү кайрадан сатыкка коюлса, калгандары муниципиалдык жана мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилет. Талдоочулар арасында мамлекеттештирүү иш-чаралары бүдөмүк жүргүзүлүп жаткандыктан сатыла турган объектилер мурдагылардан айырмаланбаган шылуундардын колуна кетеби деген тынчсыздануулар бар.
Тышкы иштер министрлиги коомчулукта Кыргызстанга киргизиле турган ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилер тобунун макамы жана анын миссиясы бурмаланып жатканына тынчсызданган билдирүүсүн жарыялады.
Дагы жүктөңүз