Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Бийликти басып алуу өнөкөтү


Кыргызстанда мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу өнөкөтү улам жаңы түс алып, өрчүп жатышы мамлекеттүүлүк үчүн коркунучтуу. Буга “Мекен Туу” саясий партиясынын жетекчиси Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын 5-августтагы аракеттери мисал боло алат. Бул тууралуу “Антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков билдирди. Анткен менен У. Барктабасовдун жактоочулары бийликти басып алуу ниеттери болбогондугун жарыялап жатышат.

5-августта Бишкекте элдик курултай өткөрүлөт деп жарыялаган Урмат Барктабасовдун жактоочулары бийликке төрт талап коюшту. Алар У. Барктабасовго 2005-жылы козголгон кылмыш ишин жабуу, быйылкы референдумдун жыйынтыгын тааныбоо, парламенттик шайлоону токтотуу жана У. Барктабасовду премьер-министрлик кызматка дайындоону талап кылышты.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков мындай шарттарды коюу аркылуу, күчкө салуу менен бийликти алуу аракети өнөкөткө айланып бара жаткандыгына токтолду:

- Кара күч менен бийликке умтулуп, премьер-министрликти мага бергиле дегени акылга сыйбаган иш. Таңкалыштуу көрүнүш. Экинчиден, мына 7-апрелден кийин айрым саясий партиялар арасында же болбосо кайсы бир күчтөрдүн ичинде ушинтип эле бийликти басып, алып койсо болот турбайбы деген коркунучтуу ой пайда болгону ырас. Анткени ушундай өнөкөт бир эмес бир нече жолу болуп калган.

Тартип сакчыларынын артка кайтуу талабына карабастан милициянын чынжырчасын жарып өтүүгө аракет кылган Урмат Барктабасовдун жактоочулары соккуга кабылып, артка чегинип качууга аргасыз болгон. Алар таштай качкан унаалардын ичинен курал-жарак жана ок-дары табылган. Бирок муну барктабасовчулар аларга жалган жалаа жабуу катары баалашты. Акыйкатчы Турсунбек Акун да Бишкекти көздөй кирип келе жатышкан Барктабасовдун жактоочуларынын бийликти басып алуу ниети болгон деген расмий бүтүмгө ишене бербейт:

- Биз алар менен сүйлөшкөндө “биз ак калпак кийип келе жатканбыз. Эч кандай жаман ниетибиз жок болчу, курултай өткөрүп эле таркап кетет болчубуз” деп жатышат. Өзү бийлик айкөлдүк менен анын кылмыш ишин кыскартып, анын жөндөмдүүлүгүн, каражатын пайдаланса болмок. А. Жекшенкуловдун, И. Исаковдун кылмыш иштери кыскартылып, акталып чыгышпадыбы. К. Бакиевдин режиминен кор болгондордун бардыгы эле акталбадыбы. Анан эмнеге бул адам акталбай калды? Ушул жери түшүнүксүз болуп калды да. Камап, соттогондон кимге пайда? Мына укук коргоо органдарына элдин дооматы кайра күчөй баштады. Булар Бакиевдерден ашып түштү деп жатышат.

Анткен менен 5-августта кечинде Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Урмат Барктабасов жана анын жакын жактоочуларынан он эки адам кармалып, камакка алынды. Аларга башаламандык уюштуруу, мамлекеттик бийликти басып алуу жана мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү беренелеринин негизинде кылмыш иштери козголду.

Ички иштер министри Кубатбек Байболов менен Улуттук коопсуздук кызматтынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев 5-августтагы окуяны контрреволюциялык аракет катары баалашты. Саясатчы Мирослав Ниязов мамлекеттик бийликти басып алуу аракети азыркы бийликте отургандардын өздөрүнөн калган өнөкөт-үлгү болуп калгандыгын белгилейт:

- Эми булар өздөрүнүн аракеттерин актайлы деген ой менен жүрүшөт. Бул - контрреволюция эмес. Бул өздөрү көрсөткөн үлгүнү башкалары үйрөнүп алышып, ошону эле жасап жатышат. Башка эч нерсе жок бул жерде. Анткени тигил бийликтегилер өздөрү да ушундай жол менен келишкен. Башка бийликке келебиз деген адамдар да ошол жолду пайдаланып бийликке келебиз деген ой менен жасалган иш болду.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясий партиялардын ага карата даярдыгы күчөдү. Талдоочулар мында акыл-эс менен идеянын жарышынан мурун, кадимки кара күчтүн күрөшү үстөмдүк кылып кетпейби деп чочулап жатышат.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков айрым бир саясий күчтөр өздөрүнүн куралдуу топторун түзүп, аскердик даярдыктан өткөрүп жатышат деген билдирүүсүн жарыялады:

- Биздин кээ бир коомдук уюмдар жана саясий партиялар өздөрүнүн мобилдик топторун түзүп алышып, кээ бир жашыруун жерлерде, тоолордун этектеринде атканды үйрөтүп, жигиттерин машыктырып жатышат. Ошонун натыйжасында калган куралдарды бири-бирине сатып жатышат. Мына Таласта 6-апрелде 730 автомат жоголгон. Ошонун жартысынан көбү колдо жүрөт. Кимдин колунда экендиги дайынсыз. Ошонун айынан азыр куралдуу топтор пайда болуп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 5-августта атайын операция учурунда барктабасовчулардын жанынан сегиз автомат, ок-дары жана кол гранаталары табылган.

XS
SM
MD
LG