Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Укук коргоочу коркутуп-үркүтүүлөргө кабылды


Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Бишкектеги бир нааразылык акцияда, 2007-жылдын 18-декабры.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Бишкектеги бир нааразылык акцияда, 2007-жылдын 18-декабры.

18-августта Ош шаарында жүргөн укук коргоочу Азиза Абдирасулованы коогалаңдын жабырлануучулары кармап алышып, кол көтөргөнгө чейин барышкан. Укук коргоочу буга Акыйкатчы Турсунбек Акун Улуттук каналдан айткан туура эмес маалыматтар себеп болду деп эсептейт.

Акыйкатчы Турсунбек Акун андан бир күн мурда, 17-августтун кечинде Улуттук биринчи каналдан бир катар укук коргоочулардын аттарын атап, алар коогалаң учурунда бир жактуу маалымат беришкен деп айыптаган болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы Ош шаардык мэриясынын алдынан кармап алышкан жакындарын жоготкон адамдардын тобу аны чыккынчы катары айыпташып, кол көтөргөнгө чейин барышкан.

Азиза Абдирасулова Акыйкатчы Турсунбек Акундун сыналгыдан ага байланыштуу айткан чагымчыл сөздөрү жабырлануучулардын канын кызыткан деп эсептейт:

- Материал теледен кеткенден кийин эле мага коркутуп-үркүткөн чалуулар келе башташты. Мен өзүм деле аны көргөн эмес элем. “Эже, этият болуңуз сиз тууралуу катуу ушактар тарап жатат деп чалгандар да болду. Анан эле эрте менен мэрияга кирип бара жатсам элүү-алтымыштай аял киши мени тосуп алышып, кол салышты. “Турсунбек Акун айтты сен кыргыздарды жамандап, тыңчылык кылып жатыпсың” дешип тегеректеп алышып, кол көтөрүп жиберишти. Негизинен ошол окуяларда жакындарын жоготкон адамдар экен. Эки саат бою барымтадагы адамдай кармап турушту. Прокуратурадан арыз жазасызбы деп сурашты. Бирок мен аларга тең келбей, алар жакындарын жоготуп кан жутуп жатса алар мени аябаса дагы мен аларды аяайын деп, мага кол көтөргөндөр боюнча да, мени барымтага алышкандыктары боюнча да арыз жазган жокмун.

Турсунбек Акун болсо укук коргоочу Азиза Абдирасуловага карата жалган маалымат таратып, анын коопсуздугуна шек келтире турган жагдайга себепчи болоюн деген ниетте эмес экендигин айтат. Ошол эле учурда Акыйкатчы Турсунбек Акун коогалаңда эл аралык уюмдар менен кызматташкан айрым укук коргоочулардын калыстыктан тайган аракеттерине сыналгы аркылуу баа бергендигин кайталады:
Акыйкатчы Турсунбек Акун

- Эл аралык уюмдун өкүлдөрүн күтүп алышып, жанында жүрүшкөндүктөрүн, аларды өзбек тектүү жарандар жабыркаган аймактарга гана алып барып жүрүшкөндүктөрүн өз көзүм менен көргөмүн. Керек болсо күбөлөр деле бар. Мен аны жамандабай эле, ошол бир жактуу маалымат берген учурларын айтып, эл аралык уюмдарга акыйкат жана калыс маалымат беришсе болмок деген эле оюмду айткамын. Жанагы кыргыздар жырткычтык кылышты, армия куралдарды берип коюп кыргын кылды деген сыяктуу маалыматтарын айткамын. Ага чейин окуя кантип башталгандыгын, кимдер биринчи жырткычтыкты көрсөткөн далилдер деле толтура болчу да. Негедир алар тууралуу унчугушкан эмес.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдрасулова өзүнүн дарегине айтылган мындай дооматтарды Акыйкатчы тарабынан атайылап жасалып жаткан кара өзгөй маалымат чабуулу катары баалайт. Укук коргоочу айым коогалаңда чатакташкан тараптардын эки жагында тең болуп, адам укугунун бузулган учурларын бирдей каттоого алып жүргөндүгүнө токтолду. Акыйкатчы Турсунбек Акундун активдүү укук коргоочулардын дарегине карата айткандарын Азиза Абдрасулова анын кызмат ордун сактап калуу аракети катары баалап, сотко бере тургандыгын жарыялады:

- Азыр адвокат алдым. Турсунбек Акундун жалган маалыматтынан, анын чагымынан менин коопсуздугума коркунуч келип олтурат. Сотто ал менин кайсы эл аралык уюмдарды кантип күтүп алып, алар менен кантип жүргөндүгүмдү, кандай маалыматтарды бергендигимди далилдеп берсин. Турсунбек Акун эмне себептен мындай кылып жаткандыгы боюнча менин жоромолум бар. Мындан мурун мага Акыйкатчынын орду сунушталган болчу. Бирок мен баш тарткамын. Ал ордумду тартып алат деп коркуп, ушундай иштерди баштап жатат.

Анткен менен коогалаң учурунда айрым укук коргоочулардын маалымат берүүдө аша чапкан учурлары көп болгондугун белгилегендер да аз эмес. Расмий бийлик өкүлдөрү мына ушундай жагдайлар коомдогу туруктуулукту камсыздоого тоскоол болгондугун эскертишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Курсант Асанов коомчулукта укук коргоочуларга карата жакшы эмес пикирлердин жаралышына алардын өздөрүнүн да салымы бар деген ойдо:
Курсан Асанов

- Азиза эже Ош коогалаңы башталгандан кийин барган. Кээ бир учурларда эжелер туура эмес маалыматтарды берип жатышкандыгы байкалды. Айрыкча Наримандагы операция боюнча чындыкка коошпогон маалыматтарды берип жиберишкен. Эгерде бизде тынчтык болсун десек, эл ичинде ынтымакчылык калыптансын десек, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күйсөк ушундай маалыматтарды бериш керек беле? Ошондуктан кандай маалымат болсо дагы чын бышыгына жетип туруп анан жарыяласак. Болбосо капа болгон жактар көп болот экен. Азиза эже мага азыркы абалын айтып чалган. Анын өмүрүнө коркунуч бар экендиги анык болсо, бизге арыз менен кайрылсын.

Анткен менен укук коргоочулар шериктештиги кийинки мезгилде аларга карата жүрүп жаткан айрым терс аракеттердин артында мындан “эл душманын издеп” упай топтогусу келген кайсы бир саясий күчтөр турушу мүмкүн деп болжолдошот.

Оштук укук коргоочу Изаттилла Рахматтуллаев мына ошондуктан баш көтөрүп, ачык сүйлөгөн активисттерди коомчулуктун алдында беделин кетирүү жана аларга карата күч колдонуу аракеттери орун алууда деп эсептейт:

- Азыркы учурда айрым аялдардын тобу кайсы бир күчтөрдүн саясий буюртмасын аткарып жаткандай болуп жатат. Азыркы күндө мына укук коргоочу Азиза Абдрасуловага ушундай мамилеге туш болду, Абдыманап Халилов деген укук коргоочуну уруп кетишти. Жарандык коомду бири-бирине кайраштырам деген бир күчтөр бар окшоп турат. Болбосо жөңөкөй эл мынчалыкка барбайт болчу.

Ошол эле учурда серепчилер коомчулукта адам укугун коргоо кыймылынын принциптерин түшүнбөстүк жана андан пайдалангысы келген кызмат адамдарынын аракети укук коргоочулар боюнча терс пикирлердин орун алышына ортоктош болгонун белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG