"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган автоунаа экинчи жолу кырсыкка кабылгандан кийин коомчулукта коопсуздук маселеси көтөрүлдү.
Жогорку сот көз карандысыз "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча чечим чыгарды. Ага карабай журналисттер ишмердигин уланта беришерин айтышты. Медиа коомчулук, эл аралык уюмдар эркин маалымат каражаттарынын бири саналаган "Клооп Медианын" жабылышын сөз эркиндигине басым-кысым деп сыпатташууда.
Кыргызстандын эгемендик күнүнүн урматына уюштурулуучу концертке согушту колдогон орусиялык ырчылардын чакырылышы нааразылык жаратууда. Бийлик өкүлдөрү аларга гонорар төлөнбөй турганын, өздөрү демилге көтөрүп келүүнү каалаганын билдирди. Коомчулукта бул жоопко ишенбей сындагандар көбөйдү.
Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Коомчулукта мындай документ кабыл алынбаса деле жергиликтүү элдин мигранттарга карата маанайын курчутушу ыктымал экенин айткандар бар.
Орусияда кыргызстандык ондогон жигит интернетте кайрылуу жасап, Москвадагы “жүрүм-туруму бузулган кыргызстандык кыздарды” жазалаарын жарыялашты. Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү алардын тек-жайын тактап, айрымдарын Москвадагы кеңсесине чакырып сүйлөштү.
Орусиянын паспортун алуу бир учурда борборазиялык мигранттарга жакшы маяна алууга, ылайыктуу жумуш табууга, социалдык колдоого, ашыкча текшерүүдөн кутулууга болгон аргасыздык эле. Эки жылдан бери миңдеген кыргыз мигрантты мекенине кайтып келип, кыргыз паспортун ала баштады.
Кыргыз өкмөтү интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалды. Орус жергесиндеги мигранттарга басым күчөгөн шартта Москвадагы элчиликтин дарегине сын айткандар арбын. Жаңы элчи мигранттар менен кандай иштешет? Ал эмнелерге көнүл бурушу зарыл?
Орусия Борбор Азия мигранттарга эрежелерди катаалдаштырган шартта кыргыз бийлиги Евразия экономикалык биримдигине мүчө экенин эске салды.
"Сахарово" борборунда кармалып чыккан кыргызстандык мигрант Аскар Ускенбаев Орусияда кыргызстандыктар кабылган кыйынчылыктар тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.
Макс Георг Майер социалдык тармактардагы баракчасына кыргызча жазып, өлкөнү түрө кыдырып, ак калпакты башынан түшүрбөй кыргызстандыктарга таанылган.
Кыргызстанда 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча талкууларды кайрадан күн тартибине чыгарды. Маркумдун жакындары бул окуя үчүн анын күйөөсүн айыптап жатышат. Милиция окуя иликтенип жатканын билдирсе, укук коргоочулар зомбулук маселесине көңүл бурууга чакырууда.
Орус бийлиги чет элдик мигранттарды өлкөдөн чыгаруунун шартын жеңилдеткен мыйзам сунуштап жатат. Ага ылайык, административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мигранттарды Орусиядан чыгарууга жол ачылат.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда, бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат. Бул жайга кирип чыккан мигранттар жана алардын жакындары “Азаттыкка” борбордун кармоо шарттары туурасында айтып берди. Мигранттар менен иштеген укук коргоочулар "Сахаровону" Украинадагы согушка тартуунун негизги очогу деп эсептешет.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда учурда бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат.
Президент Садыр Жапаров парламент кабыл алган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды.
Бишкекте пластикалык операциядан кийин абалы оорлошуп, көз жумганы айтылган келиндин өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү дээрлик 1,5 жылдан бери уланууда. Маркумдун жакындары дарыгерлер менен соттошууда. Медициналык клиника бардык талаптар аткарылганын "Азаттыкка" билдирди.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп жатканын айтууда.
Башка бир түгөйлөргө бала төрөп берүү үчүн карын эне программасына катышып, Грузияга кеткен кыргызстандык келин көз жаргандан кийин акысын өндүрө албай жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылды.
Дагы жүктөңүз