Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

"Бул эл берген микрофон". Депутаттын жообу


Камила Талиева жана Дайырбек Орунбеков. Коллаж.
Камила Талиева жана Дайырбек Орунбеков. Коллаж.

Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун сынына жооп берип, элдин үнүн жеткирип жатканын, "бул үчүн эч кимден уруксат сурабай турганын" айтты.

Депутат Дастан Бекешев да Бишкектеги Ботаникалык бакта курула турган футбол аянтчасын айтып чыгып, ушундай эле сынга кабылган.

"Элдин үнүн эл берген микрофондон жеткирем"

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева 15-январдагы парламент жыйынында президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун сынына жооп берип, “Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу” мыйзам долбоорун окуп чыкканын билдирди.

Ал "элдин үнүн эл берген микрофондон" жеткире турганын айтты.

Камила Талиева.
Камила Талиева.

“Мен сурабайм эч кимден, бул эл берген микрофон, Орунбековдун микрофону эмес. Ошол элдин үнүн жеткирейин деп атам. (...) Бизге үйрөтүшпөсүн. Биз мыйзамды семичкедей чагып окуйбуз. 21-октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлорун окуп, комментарий берсек кетпей турган. Кечээ күнкү мыйзамдарды мен 10 жолудан окугам”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин 14-январдагы отурумунда Министрлер кабинети сунуштап жаткан “Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу” документ каралып, талкуу жараткан.

Жыйында Камила Талиева долбоордо мамлекеттик кызматкерлерге “Кеменгер” деген наам берилери жазылганын айтып, ага каршы чыккан.

"Бул мыйзам долбоорунун автору ким болду экен? Бул мамлекеттин душманы. Кайсы гана министрлик болбосун, ал президентти жана Жогорку Кеңешти уят кылып жатат. Мисалы, мен Эл акынын айтпай эле коеюн. Кеменгер деген наам мамлекеттик кызматкерлерге берилет дейт. "Кеменгер" наамын мамлекеттик кызматкерге берсек, ал кызматкер бир күнү коррупцияга айыпталып кармалса, "аа, бул кеменгер эмес, жеменгер экен" деп алып коебузбу? Кеменгер деген улуу наам менен Калыгул, Жеңижок сыяктуу адамдарды атасак жарашат. Эл акыны дегенди алып салышыптыр. Бул миңдеген жылдар мурун берилген. Эмне, Жеңижок, Барпы, Арстанбекти да Эл жазуучусу дейбизби? Кыргыз адабиятындагы поэзия жанрын чийип салабызбы? Эгер бул мыйзамды карап, кабыл ала турган болсок, Жогорку Кеңеш шерменде болобуз!" - деген депутат.

Талиеваны бир нече депутат колдоого алган. Улан Примов миңдеген жарандар мамлекеттик наам, сыйлыктарды алуу үчүн жылдап эмгектенип, күтөрүн белгиледи. Ушундай эле ойду депутат Гуля Кожокулова да билдирип, "чийки" мыйзам долбоорлорун даярдап келген аткаминерлерди жоопко тартуу зарыл деп белгиледи.

Бирок төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоору өтө маанилүү экенин айтып, талкуулоо зарылчылыгын эскертти.

"Президент сыйлыктарга мораторий киргизди. 46 сыйлык бар экен. Ошону 20га түшүрүп атат. Айрым адамдардын сыйланганы коомчулукта нааразылык жараткан учурлар бар. Бул реформанын артында президент турат. Муну эл күтүп турат. Артка кайтаруу жоопкерсиздикке жатат. Биринчи окууда карап, сунуштарыбызды берели", - деди төрага.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун талкуулоо баяндамачынын жоктугуна байланыштуу күн тартибинен алынган.

Депутаттарга айтылган сын

Ушундан кийин президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында түшкөнүн, анда “Кеменгер” деген наам берүү жок экенин билдирген. Ошондой эле маселе көтөрөр алдында алгач тактап алып, анан чыгууга чакырган жана президенттин "популизм менен алектенбегиле" деген сөзүн эске салган.

"Депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу сүйлөптүр. Депутат айым, “мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталган мыйзам долбоорунда “Кеменгер” наамы деген бар экен. Ушу кантип болсун, мындай сыйлыкты ким ойлоп таап сунуш кылды” деп өкмөттү сындап жатат. Камила Абдразаковна, Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе көтөрүп жатканда алгач тактап алып, анан микрофонго чуркасаңыз болмок. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында расмий киргизилген. Мыйзам долбоорунда “Кеменгер” наамы деген сөз жок. Долбоорду кайра карап чыгып, жакшылап окуп көрүүнү сунуштайм. Ал эми “эл акыны”, “эл жазуучусу” деген наамдар бириктирилип калыптыр депсиз, эми аны депутаттар талкуулап, сунуш берип, толуктап, алымча-кошумча кылып койсо болот", - деген Орунбеков.

Мындан сырткары Орунбеков 14-декабрда Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бакка байланыштуу маселе көтөргөн депутат Дастан Бекешевго дагы жооп берген.

Дайырбек Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков.

"Президентибиздин тапшырмасы менен азыр оңдолуп жатат. Сейилдеп басып жана чуркай турган тротуарлар курулуп, бактын ичи жарыктандырылып, видео байкоолор, 8,5 чакырым болгон веложол бар. Үч скважина казылып 270 метрден суу чыгарылды. Учурда бактарды тамчылатып сугаруу системасы коюлуп жатат. Куурап калган бактарды калыбына келтирүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү, коргоо жана функционалдык милдеттерине зарыл болгон муктаждыктардын баары жасалууда. 147 гектар болгон Ботаникалык бактын тосмосу толук жаңыланды. Шаардыктардын суранычы эске алынып, таштак, эч кандай бак өспөгөн жерине ден соолукту чыңдоочу аянтча курулууда. Анын ичинде мини футбол аянтчасы дагы бар. Дастан Бекешев мына ушуну айтып, каршы чыгып жатат. Мини футбол аянтчасына жаштар келип машыгат, ойнойт, андан түшкөн каражат кайра эле ошол бакчаны тейлөөгө кеткен муктаждыктарга жумшалат. Буюрса, жай айына чейин бүтөт, ошондо мурдагы абалы менен, кийинки жыйынтыгын салыштырып көрүп, анан баа бересиздер. Ага чейин жумурткадан кыр издеп, каршы чыга берген орунсуз деп эсептейм", - деген.

Жогорку Кеңештин депутаты Бекешев 14-январдагы жыйында Ботаникалык бакка футбол аянтчаларын куруу демилгесине каршы пикирин билдирип, президентке кайрылган. Ал Ботаникалык бактарда уникалдуу өсүмдүктөр бар экенин эске алуу менен мындай демилгелерге тыюу салууну суранган.

Депутат Кубанычбек Самаков Нарындагы көйгөй тууралуу айтканы үчүн сынга кабылып, Фейсбуктагы билдирүүсүн өчүрүп салган эле. Мунун алдында УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, "Регион" телеканалынын башчысы Өткүрбек Рахманов депутаттын айткандарын "ачык эле популизм жана элге жагынуунун жеңил ыкмасы" катары баалаган.


Депутаттын милдет, укуктары

2025-жылдын 30-ноябрындагы парламенттик шайлоодо утуп келген парламент декабрда ант берип, ишин баштаган. Айрым серепчилер бул чакырылышты "президентти колдогон көпчүлүк келди" деп баалашкан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев азыр шайланып келген депутаттар элдин маселесин бийликке трибунадан гана жеткире аларын белгилеп жатат. Ал эми көтөргөн маселесин сынга алуу менен "депутаттарды коркуткандай болду" дейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Депутаттар эл ишеним көрсөткөн адамдар. Элдин арасында кандай көйгөй болсо ошол жерден айтыш керек. Бекешевдин дагы, Талиеванын сөзүнөн да "президент кетсин" деген сөздү уккан жокмун, ал жерде көйгөйдү айтып жатышпайбы, маселе бар деп. Эгер туура болсо жөн эле өкмөт жооп бериш керек, эгер туура эмес болсо дагы өкмөт келип ошол эле трибунадан түшүндүрүп бериш керек. Анан президенттин өкүлү чыгып сүйлөгөнү коркуткандай болуп жатат. Бул жаман адат. Бардыгын эле бузукулар, популисттер деген сөз акыркы жылдары орун алып жатат. Парламентте сүйлөш керек, мүмкүнчүлүк бериш керек. Ал эми көтөрүлгөн маселелер туура эле көтөрүлдү, мисалы, Ботаникалык бак илимий мекеме. Ага муниципалдык стадион же башка нерсе куруу мүмкүн эмес. Керек болсо ал жерден курт-кумурсканы пайлап, илимий иштерди жүргүзүү керек. Азыркы система боюнча депутаттар шайлоочулардын талабын айтыш керек, алар дагы угуш керек, кайра эле алар "эмне кылдың" деп сурайт да".

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева парламенттин функцияларын атап, өлкөдөгү көйгөйлөрдү, укук бузууларды айтып чыгууга депутаттар укуктуу экенин белгиледи:

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

"Депутаттар эл өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функцияны аткарышат. Андан сырткары депутаттар өлкөдөгү одоно укук бузуулар, кандайдыр бир концептуалдуу, стратегиялык өзгөрүүлөр, аткаруу бийлиги сунуштаган демилгелерди карап чыгууга укугу бар. Ага президенттик администрация жана башка өкүлдөр тыюу сала албайт. Негизи аткаруу бийлигинин өкүлдөрү көп сүйлөй бербеш керек, бул, тескерисинче, алар үчүн сунуш. Биз азыр күчтүү президенттик өлкөдө жашайбыз, парламенттин ыйгарым укуктары чектелүү. Парламент чектелүү гана маселелер боюнча өз оюн айтып чыгып жатат. Аткаруу бийлигинин өкүлү ар бир суроо боюнча депутат менен сүйлөшүп, реакция берүүгө укугу жок. Бирок алар өздөрүнө ушуга уруксат берип жатат. Бул парламент институту кагаз түрүндө эле иштеп, эч нерсени сүйлөбөй жүрө берсин деген белги. Бирок депутаттар өздөрү дагы укуктарын сактап, талап кыла билиш керек".

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Мурунку чакырылыштын депутаттары аткаруу бийлигине ыңгайлуу болгон көптөгөн мыйзамдарды кабыл алып берип, каяша айткандарын укук коргоо органдарынын колуна салып берген, айбатсыз иштеди деген сынга кабылган.

Мурдагы чакырылышта Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу болуп, кийин ал кечирим сураган. Байсалов “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

“Депутат айткан сөзү үчүн жоопко тартылбайт”
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Шерине

 

XS
SM
MD
LG