“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Мындан туптуура 5 жыл мурда, 2005-жылдын 19-мартында Ошто Элдик курултай болуп, анда Ош облусунун элдик губернаторлугуна Анвар Артыков шайланган. Ошол туштагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасынан тажаган эл мына ушинтип өз алдынча губернаторлорду алмаштыра баштаганы белгилүү. Биз Анвар Артыковду “Азаттыктын” танкы түз обосунда кепке тарттык.
«Ак шумкар» партиясы 23-мартта, Ынтымак курултайынын алдында митинг өткөрөөрүн жарыялады. Партия төрагасы Темир Сариев бул иш чараны жолугушуу деп атап, анда курултайдын күн тартибине беш маселени киргизүү талабы коюлаарын билдирди.
Эртең Аксы окуясына сегиз жыл болот. Аксылык жабырлануучулар Аксы окуясына саясий баа бериле электигин айтып, нааразылык билдирип келатышат. Аксылык жабырлануучулардын арыз-арманын адвокат Сартбай Жайчыбеков "Азаттыкта" берген маегинде чечмеледи.
Өзгөн районунда өткөн түнү белгисиз бирөөлөр Алайдан кайткан «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө кол салып, видеокамерасын тартып алышкан. Андан жабыр тарткандардын бири, партиянын Жалал-Абат облустук координатору Асылбек Текебаевди кепке тарттык.
Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын өкүлдөрү премьер-министр менен 12-мартта болгон жолугушуу майнапсыз болгонун белгилешип, Нарындан кайрадан митинг акцияларга чыгууну чечишти.
Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиеваны 14-мартта Бишкекте электр кубатынын кымбаттыгына каршы акция өткөндөн кийин милиция кармап кетип, түшүнүк жаздырып алып туруп кое берди.
“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы 1998-жылы цианидден жабыркаган барскоондуктарга акчалай компенсация төлөнүп бүткөндүгүн жарыялады. Барскоондуктар болсо компенсация айыл чарбасына келтирилген зыян үчүн гана төлөнүп берилгенин айтышып, уулуу заттан зыян тарткан адамдардын ден соолугу үчүн бир тыйын да төлөнбөгөнүн белгилешүүдө.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындан бир жыл мурун Кытай грантын максатсыз пайдаланган, 2007-жылы Таласта түрк ишкерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып, кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бүгүн А. Жекшенкулов соттогу акыркы сөзүн сүйлөмөк. Бирок сот төрагасынын ооруп калгандыгына байланыштуу соңку жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Кыргыз коопсуздук кызматы Иранда кармалган Абдулмалик Ригиге эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө. Бүгүн Ирандын ПрессТВ агенттигине таянган айрым ММКлар 23-февралда Иранда кармалган Ригини Кыргызстандын атайын кызматтарынын кызматкерлери коштоп жүргөнүн кабарлашкан эле.
Акыркы бир жумадан бери Кыргызстандан жашылча-жемиш жана башка товар ташыган жүк ташуучу автоунаалар кыргыз-казак чек арасында Казакстанга кире албай турушат.
БЭКтин саясий бюросу бүгүнкү жыйынында 17-мартта өтүүчү Элдик курултайга даярдыктарды талкуулады. Мындан тышкары БЭК курамынан Элдик кеңешти чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чимкенттеги Конусбаев бажысы 22-февралда Кыргызстанга келе жаткан жүктөрдү кое бере баштаганы тууралуу маалымдалган. Бирок азырынча андан башка кое берилген автомашиналар тууралуу маалымат жок.
Айрым маалымат каражаттары Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо долбоорун токтоткону тууралуу жазып чыгышты. Кыргызстандагы орус элчилиги азырынча бул тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартууда.
Акыркы маалыматтар боюнча мектептерде рэкетчиликке кыздар да тартылып жатат. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал, кирешелүү стратегиялык ишканалардын сатылышы, Ынтымак курултайы тууралуу «Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Калың жааган кардын кесепетинен жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түрдүү жардамдар берилип жатат. Булар тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Абдышарип Бекилов маалымат берди.
11-февралда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү коомдук ишмер, маркум Салижан Жигитовдун элесине арналган илимий жыйын өтөт. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, аталган университеттин түркология факультетинин мүдүрүнүн орунбасары Лайли Үкүбаева “Азаттыкка” маек курду.
Бүгүн (10-февралда) республикалык аскер соту Исмаил Исаковдун адвокатынын апелляциялык арызын карайт. Буга байланыштуу БЭКтин уюштуруу кыймылынын жетекчиси, адвокат Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” маек курду.
Мамлекет башчынын демилгеси менен өткөрүлүүчү Ынтымак курултайы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Президенттик катчылыктын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов жооп берди.
Ачкачылык акциясы, нааразылык иш-чараларына чыккандарды коркутуп-үркүтүү маселеси боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Сопу-Коргондогу И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров жооп берди.
Дагы жүктөңүз