Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Т.Зикиров: Исаков акталса тарайбыз


И.Исаковду бошотууну талап кылган ачкачылык акциясынын катышуучулары.
И.Исаковду бошотууну талап кылган ачкачылык акциясынын катышуучулары.

Ачкачылык акциясы, нааразылык иш-чараларына чыккандарды коркутуп-үркүтүү маселеси боюнча “Азаттыктын” суроолоруна Сопу-Коргондогу И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров жооп берди.

- 9-февралда ачкачылык убактылуу токтотулат деп кабарланууда. Сопу-Коргондо азыр канча киши ачкачылык кармап жатат?

Таалайбек Зикиров: Ачкачылык башталгандан бери Сопу-Коргондо бир айга жакын убакыттан бери 26 адам катышты. Анын ичинен 10 адам такай кармап турду.

- Бүгүн ачкачылык убактылуу токтотулат деп атышпайбы. Сопу-Коргондо качан токтотот?

Таалайбек Зикиров: Азыр 9 адам ачкачылык кармап отурат. Биз мыйзам сыйлаган адам катары эртеңки боло турган сотко кысым болбосун деп, ошол 9 адам кечинде токтотолу деген маанайдабыз.
Милиция кызматкерлери активисттерди, күйөрмандарды, комитеттин мүчөлөрүн бир-бирден чакырып, коркутуп-үркүткөнгө барып атат.


- Кечээ Исаковду коргоо комитетинин айрым мүчөлөрү милициянын кысымына кабылганын маалымдадыңыздар. Негизи эле ушул нааразылык иш-чарасына чыккандарга карата бийликтин, күч органдарынын мамилеси кандай болууда?

Таалайбек Зикиров: Бийликтин өкүлдөрү кысымын дагы эле токтото элек. Мисалы, райондун администрациясы, акими, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы элдин тынчтык митингине, акцияга чыгабыз дегенине ушул убакытка чейин уруксат бербейт. Милиция кызматкерлери активисттерди, күйөрмандарды, комитеттин мүчөлөрүн бир-бирден чакырып, коркутуп-үркүткөнгө барып атат.

Кечээ эле Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнөн Мамасалы Сатыбаев деген биздин бир мүчөнү милициянын бөлүмүнө алып келип, 3 саат кармап, милициянын жетекчисинин орунбасары коркутуп-үркүтүп, “сен митингге катышпа, акцияга катышпа” деп түшүнүк кат жаздырып, И.Исаковдун соттогу сүйлөгөн видео тасмасын элге көрсөтүптүрсүң деген сыяктуу коркутуп-үркүтүү болуп атат.

- Дегеле элдин маанайы кандай? Эгерде эртең сот сиздер талап кылгандай И.Исаковду актап бербей турган болсо кандай кадамдарга барабыз деп атышат?

Таалайбек Зикиров: Ким ак, ким күнөөлүү, кимге кандай куугунтук болуп атканын эл түшүнүп калды. Эртең нааразычылык акциясына баарыбыз барып, ошол жерде турабыз. Эгер генерал Исаковду актаса биз тынч гана тарап кетебиз, болбосо чоң митинг өткөрүп, анан мындан аркы кадамдарды баштайбыз деп турушат.
И.Исаковдун соттогу сүйлөгөн видео тасмасын элге көрсөтүптүрсүң деген сыяктуу коркутуп-үркүтүү болуп атат.


- Кабарларда акыйкатчынын Оштогу өкүлү менен “Кылым шамы” бейөкмөт уюму Алайга барып, нааразычылык чараларын өткөргөн жатканы айтылды. Акыйкатчынын өкүлдөрү буга чейин деле сиздер менен жолугушуп кетти эле. Ошол жолугушуудан кандайдыр бир жыйынтык чыктыбы?

Таалайбек Зикиров: Ошол убакта мурдагы митиндерде арызданган бир-эки адамдын арызын акыйкатчынын өкүлдөрү карап берди. Бирок кысым дагы эле токтотулбай атат. Мен бир мисалды келтирейин: ошол убакта милициянын кызматкерлери бир активистибизди кармап, акчасын алып алган экен. Ошону кайтарып бергенге акыйкатчынын өкүлдөрү жардам берди.

- Рахмат!

"Азаттыктын" архивинен: И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү

11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду.

И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG