Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Саясий ачкачылык максатына жетеби?


Бишкекте ачкачылык акциясы башталганына үч жума болду
Бишкекте ачкачылык акциясы башталганына үч жума болду

Саясий камактагылардын боштондугун талап кылган ачкачылык акциясы башталганына үч жуманын жүзү болду. Бул аралыкта расмий бийлик буга карата эч кандай мамилесин билдирген жок. И. Исаковдун Алайдагы тарапкерлери генералдын акталышын талап кылып, митинг-пикет сыяктуу нааразылык иш-чараларын баштап атышат.

Алай районундагы каршылык акциясы
Социал-демократиялык партиянын Бишкектеги баш кеңсесинде саясий камактагыларды бошотуу талабы менен ачкачылык акциясы башталгандан бери 62 киши акцияга катышты. 3-февралда төрт киши ачкачылык кармашты. Алардын бири Зулайка Калыбаева 13-январдан бери аралыгында 2-3 күндөн тыныгуу менен ачкачылык кармоодо:

-Мына үч аптанын жүзү болду. Билген кишиге бул эмне деген убакыт? Ушул убакыттын ичинде бир да киши бийликтен келип, биздин абалыбызды сурап койгон жок. Милийсасы келет “канча киши отурасыңар?” деп, врачтар ал-акыбалыбызды сурап келип атышат. Алардан башка бизден кабар алган эчким болгон жок. Бийликке элдин кереги жокпу?

Ачкачылык кармап отургандардын абалы менен таанышуу үчүн күн сайын туш тараптан келгендер бар. Бул жолу Москва районунун тургуну, азыркы учурда Петровка чатагын уюштурган деп айыпталып, камакта жаткан Сапар Аргынбаевдин апасы Уулболсун эне келген экен. Ал ачкачылык кармап отургандарга тилектештигин билдирүү үчүн келиптир:

-Мындай абал менин да башымдан өткөн. Петровка чатагына түздөн-түз тиешеси бар адамдарды камабай, жок жерден менин уулумду камап койгондо мен да жүрөгүм зыркырап, ачкачылык кармаганмын. Булардын абалын өтө түшүнүп турам. Бийлик чоң кылмыш кылган кишилерди жазалабай, тескерисинче элдин укугун коргоп, колдогондорду камап атат, -дейт Уулболсун Аргынбаева.

Саясий ачкачылык үч жумадан бери И. Исаковдун кичи мекени Сопу-Коргондо да уланууда. Бул жерде акцияга катышкандардын саны 100 кишиден ашты. Бул мезгил ичинде жогорку бийлик тараптан саясий ачкачылык жарыялап отургандардын талабын угуп, абалы менен таанышкан эч ким болгон жок. Башкаруучу партиянын парламенттеги өкүлдөрү акцияны оппозиция өзүнүн пайдасы үчүн уюштуруп, пайдаланып жатат деген пикирин айтып келүүдө.

-Ар кандай иш мыйзам чегинде болуш керек. Мен да мурда мамлекеттик кызматта иштеп келгенмин. Ар бир тыйынды багыты менен, сарамжалдуу колдонуу керек. Эгер андай болбосо, буга жол берген адам жазасын тартууга тийиш. Бул ишти саясатташтыруунун таптакыр кереги жок,-
дейт "акжолчу" депутат Айнура Кенжебаева.

Оппозиция лидерлери ачкачылык акциясына тиешеси жоктугун, анын демилгечилери да, катышуучулары да бийлик тарабынан саясий куугунтукка алынгандардын жакындары, тарапкерлери деп билдиришүүдө.

БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси А. Бекназаров
ачкачылык иш-чарасына оппозиция көрсөтмө берүүгө укугу жоктугун “Азаттыкка” айтты:

-Ачкачылык качан токтойт, аны биз айталбайбыз. Аны ошол акцияны демилге көтөрүп, баштаган адамдар өздөрү качан чечим кабыл алса, ошондо токтойт. Аны биз “бул күнү башта, ачкачылык жарыяла, митинг-пикетке чык” деп көрсөтмө бербейбиз, берүүгө укугубуз да жок.

Өзүнүн боштондугун талап кылып, тарапкерлери ачкачылык жарыялоосуна генерал Исмаил Исаков да каршы экендигин абакта жатып жазган кайрылуусунда билдирген. Анын жактоочулары болсо генерал акталмайынча дагы ар кандай иш-чараларга барышарын айтышууда. Кечээ Сопу-Коргон айлында митинг өткөргөн И. Исаковду коргоо комитети 5-февралда Алайдын борборуна жөө жүрүш жасап, ал жерде де нааразылык иш-чараларын уюштурмакчы болуп жатышат.


"Азаттык" тасмасында: Саясий куугунтукту токтотууга чакырык


Саясий куугунтукту токтотууга чакырык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG