Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Ооганстанда ИМдин чабуулунан он киши набыт болду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстанда шейшемби күнү жанкечтинин жардыруусунан он киши набыт болду.

Бул АКШнын мамлекеттик катчысы Кабулга келип кеткенден кийин болду. Майк Помпео Кабулда президент Ашраф Гани менен жолугуп, “Талибан” менен жарашуу маселесин талкуулады.

10-июлда Ооганстандагы Нангархар провинциясынын Жалалабад шаарында жанкечти өзүн полициянын көзөмөл бекетинин жанында жардырып жиберген окуядан кеминде он киши мерт болду.

Алардын сегизи жайкын тургундар, экөө күч түзүмдөрүнүн адамдары болуп чыкты, дагы төрт киши жаракат алган. Жардыруудан улам айланадагы дүкөндөр менен автоунаалар да өрттөлгөн.

Аймактык аткаруу бийлигинин өкүлү Сохраб Кадеринин айтымында, өлгөндөрдүн арасында жардыруу болгон жерден алыс эмес аралыктагы автоунаа жууган жайда иштеген балдар да бар. Жардыруудан кийин шаар тургуну Али Хан буларды айтты:

- Жардыруу болор замат мен ал жерге жетип бардым. Жети-сегиз машина күйүп жатыптыр. Ошондой эле жети киши жатканын көрдүм.

Бул бомба чабуулу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды. Аталган согушкер топ 1-июлда да Жалалабад шаарында диний азчылыкка кирген индустарды жана сикхтерди бутага алган жанкечтинин жардыруусун уюштуруп, анда 20 киши өлгөн.

Ооганстанда “Ислам мамлекети” террордук уюму, андан тышкары “Талибан” кыймылы да утур-утур кол салып келет. Маселен, Орозо айттан кийин ооган өкмөтү менен элдешүүдөн жана ок атышууну токтотуу сунушунан баш тарткан "Талибандын" өткөн айдагы бир канча кол салуусунан Тахар, Логар, Нангархар, Кандагар жана Багдис провинцияларында ондогон полиция жана карапайым адамдар мерт болгон.

Майк Помпео АКШдагы коалициялык күчтөрдүн жоокерлери менен жолугушуу учурунда. Баграм, 9-июль, 2018-жыл.
Майк Помпео АКШдагы коалициялык күчтөрдүн жоокерлери менен жолугушуу учурунда. Баграм, 9-июль, 2018-жыл.

9-июлда иш сапары менен Ооганстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кабулда президент Ашраф Гани менен жолугуп, “Талибан” менен жарашуу маселесин талкуулады. Ал ооган өкмөтү менен “Талибандын” ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү болот деген үмүтүн билдирди.

Помпео АКШ да "Талибан" менен түз сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин ырастап, бирок тынчтык жараянды оогандар өздөрү жетектеши керектигин кошумчалап, коңшу мамлекеттерден да колдоо талап кылынарын белгиледи.

- АКШ тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдойт жана ага катышат. Бирок тынчтыкты биринчи кезекте оогандыктар чечиши керек.

Майк Помпео быйыл апрелде Кошмо Штаттардын дипломатиялык мекемесин жетектей баштагандан бери Кабулга биринчи жолу келди. Учурда Ооганстанда НАТО күчтөрүнүн курамында 14 миңдей америкалык жоокер бар. Алар “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” сыяктуу экстремисттик уюмдардын согушкерлерине каршы антитеррордук операцияларга катышат. Биргелешкен басма сөз жыйынында Ооганстандын президенти Ашраф Гани:

- Эгер биз 40 жылдык кризис эртең эле бүтүп калат деп ойлосок жаңылышабыз. Бирок тынчтыкка карай кадам ташталды жана эл арасында да үмүт пайда болду, - деди.

Ашраф Гани менен Майк Помпео.
Ашраф Гани менен Майк Помпео.

Ашраф Гани “Талибанды” куралын таштап, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жана саясий партия катары күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга быйыл февраль айында үндөгөн. Бирок согушкер топ ал чакырыкка кулак салган эмес. “Талибан” Орозого байланыштуу жарыяланган утурумдук элдешүүнү узартууну да четке каккан. Алар ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келет. Айрым маалыматтарда өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG