Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Псковдогу десантчылардын көрүстөнү


Псковдун жанындагы көрүстөн.
Псковдун жанындагы көрүстөн.

Орусиянын Псков шаарынын жанындагы көрүстөнгө 2014-жылдын августунда орусиялык дестанчылар көмүлгөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.

Бул кезде Украинанын чыгышында айыгышкан салгылаштар жүрүп жаткан жана ага Псковдогу десантчылар тартылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Украина жана Батыш Орусияны жикчилдерге куралдуу жардам көрсөтөт деп айыптап келишет. Кремл аны четке кагып, Донбасста “ыктыярчылар” гана согушуп жатышы мүмкүн деп айтып жүрөт.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары Псковдун жанындагы көрүстөнгө 2014-жылдын августунда орусиялык дестанчылар көмүлгөнүн көрүп келишкен.

Жоокерлер Леонид Кичаткин менен Александр Осипов Орусиянын Псков шаарынын жанында орун алган Выбуты айылындагы көрүстөнгө көмүлгөн. Экөөнүн тең өлгөн күнү 20-август, 2014-жыл. Бул кезде Украинанын чыгышында айыгышкан салгылаштар жүрүп, Киев ага орус армиясы катышып жатканын айтып чыккан. Москва бул дооматтарды четке кагып, Донбасста ыктыярчылар гана согушуп жатышы мүмкүн деп билдирген.

Псковдун жанындагы көрүстөн.
Псковдун жанындагы көрүстөн.

​2014-жылы Донбасстагы уруш күчөп турган кезде Псковдун жанындагы көрүстөнгө өлгөн адамдарды жашыруун көөмп жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштаган. Бул кабарлар социалдык сайттарда чуу жараткандан кийин кээ бир бейиттердеги жазуулар дароо алынган.

“Новая газетанын” кабарчысы Ирина Тумакова көрүстөн жайгашкан айылга барганда машинасын таш менен уруп, дөңгөлөгүн тешип салышканын эскерди:

- Кылмыш ишин козгошкон. Белгилүү болгондой, дөңгөлөктү Псковдогу аскер бөлүгүнүн десантчылары жарган экен. Тергөөчү мага жарашууну - арызымды алууну сунуштаган.

Ирина Тумакова иликтөөсүн улантып, Выбуты кыштагындагы көрүстөнгө дагы башка адамдар көмүлгөнүн аныктаган. Бул көрүстөнгө азыр да жаңы сөөктөр да коюлуп жатат. Алардын биринде “Сирияда өлгөн” деп жазылган. Башкасында кайда өлгөнү жазылбаса да, аскерде бирге кызмат кылгандарынын атынан коюлган аза күтүү матасы илинип турат.

Псковдун жанындагы көрүстөн.
Псковдун жанындагы көрүстөн.

​Украина тарап жана журналист-иликтөөчүлөр учурунда Донбасска жөнөтүлгөн жана андагы уруштарда өлгөн орус аскерлери тууралуу далилдерди буга чейин да жарыялашкан. Украинанын Башкы штабынын басма сөз катчысы Владислав Волошин азыр да Донбасста орус армиясынын эки миңдей өкүлү бар деп эсептейт:

- Украинанын чыгышында орусиялык кадрлык аскерлер бар, булардын саны эки миңден ашыгыраак. Андан тышкары, “ЛНР”, “ДНР” деген биринчи жана экинчи армиялык корпустар бар. Ал жакта да орусиялык жарандар кызмат өтөйт, бирок жалданма аскер катарында. Булардын саны 35 миңге чейин жетет. Бус аскерий корпустар Орусиянын Башкы штабына баш ийген Түштүк аскердик округунун 8-армиясынын курамына кирет.

Киевдин маалыматына караганда, төрт жыл мурда августта болгон уруштарда украин аскерлери жикчилдер тараптын бир канча аскер техникасын, десанттардын машинасын тартып алган. Украин бийлиги бул техникаларды өлкө чыгышындагы уруштарга Орусиянын катышы барын далилдөө үчүн Киевде сактап коюшкан.

Армия өкүлү Владислав Волошиндин сөзүнө караганда, 2014-жылдан бери Украинанын чыгышындагы орус аскерлеринин саны бир азайып, бир көбөйүп келе жатат:

- Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрү азыр ал жакта күчтөрдү жана каражаттарды жайгаштыруу боюнча жаңы тактиканы сынап жатат. Донбасстагы басып алынган аймактарда орусиялык куралдар, техника калып, бирок аскерлер чыгарылып кетет. Эгер кырдаал курчуп кетсе же зарылчылык жаралып калса, аскерлер бул аймактарга тез жөнөтүлөт.

Донбасстагы кагылыштар 2014-жылдан бери уланууда. Төрт жыл ичинде атышууну токтотуу боюнча бир канча макулдашуу болуп, бирок алар толук сакталбай келе жатат.

БУУнун маалыматына караганда, Украинанын чыгышындагы уруштарда 10 миңден ашык адам көз жумду. Орусия колдогон жикчилдер аймактагы эки облусту “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп жарыялап алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG