"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Йемендин 20 миллион тургуну же өлкө калкынын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Ал үчүн 4 миллиард доллар чогултуу зарыл. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон бүгүн кечинде өлкөдөгү нааразылык акцияларына байланыштуу кайрылуу жасайт.
Узап бара жаткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Йемендеги жоолашкан тараптар өлкөдөгү согушту токтотуу максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөнү жатат.
Франциянын президенти өлкөнүн дээрлик бардык аймагын камтыган акцияларды басуунун айласын издеп жатат.
Бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген, сот тарабынан “экстремисттик” деп табылган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын жактаган алматылык Асат Абишев өткөн жумада төрт жылга соттолду.
Катар мамлекети Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму – ОПЕКтен чыга турганын жарыялады. Ал өз чечимин өлкө мындан ары негизги көңүлдү мунай эмес, газ өндүрүүгө бура тургандыгы менен түшүндүрүп жатат. Доха ОПЕКке 1961-жылы мүчө болгон.
Аргентинанын борбору Буэнос-Айреске “Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин лидерлери чогулууда.
АКШнын сенаторлору журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сауд Арабиясынын бийлигине карата саясатын өзгөртпөгөнү үчүн президент Дональд Трамптын администрациясын сындашууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган жолугушуудан баш тартышы мүмкүн.
Батыш мамлекеттери Орусияны 25-ноябрда кармалган украин деңиз аскерлерин тезинен бошотууга чакырды.
Президент Трамп Мексиканы жана Борбордук Америка өлкөлөрүн мигранттар агымын токтотууга чакырды.
Кытайда жакындары камалган кыргызстандыктар 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарына чогулду.
Тажикстандын Жогорку соту чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүүгө негизги айыпкер болуп табылган Хусеин Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыратты.
Украинада Евромайдан окуяларынын башталганына беш жыл болду. 2013-жылы 21-ноябрда украиналыктар ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлигине каршы көтөрүлгөн. Үч айга созулган нааразылык акциялары учурундагы полиция менен элдин кагылышынан 100дөй киши курман болгон.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Украинанын чыгышындагы облусту көзөмөлдөгөн, Москва колдогон жикчилдердин жаңы лидери Денис Пушилин Орусия менен кызматташтыкты күчөтөрүн жарыялады.
Германиянын канцлери Ангела Меркел Европанын чыныгы армиясын түзүү тууралуу оюн билдирди. Өткөн жумада Франциянын президенти Эммануэл Макрон да ушундай эле демилге көтөргөн. Бирок Европанын армиясын түзүү идеясын алардын НАТОдогу башкы өнөктөшү, АКШнын президенти Дональд Трамп сындап жатат.
12-13-ноябрда Израилдин күчтөрү менен палестиндер бири-бирине абадан сокку урушту.
Калифорния штатындагы токойдогу өрт 40тан ашык кишинин өмүрүн алды, дагы 200дөн ашык адам дайынсыз болууда.
Дагы жүктөңүз