Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Катар ОПЕКтен чыгарын жарыялады


Катардын суюлтулган газ толтурулган танкери Рас-Лаффан деңиз портунда.
Катардын суюлтулган газ толтурулган танкери Рас-Лаффан деңиз портунда.

Катар мамлекети Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму – ОПЕКтен чыга турганын жарыялады. Ал өз чечимин өлкө мындан ары негизги көңүлдү мунай эмес, газ өндүрүүгө бура тургандыгы менен түшүндүрүп жатат. Доха ОПЕКке 1961-жылы мүчө болгон.

Катардын энергетика министри Саад Шарид ал-Каабинин 3-декабрда Дохадагы басма сөз жыйынында айтканына караганда, ал өз чечими тууралуу ОПЕКти кабардар кылды.

- Катар Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму – ОПЕКтеги мүчөлүгүнөн 2019-жылдын январь айынан тартып чыгууну чечти. Бул чечим ОПЕКке бүгүн эртең менен маалымдалды, - деди ал.

Баш кеңсеси Венада жайгашкан ОПЕК уюму Катардын чечими тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бул өкмөттүк эмес эл аралык уюмдун курамында 15 мамлекет бар. Ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Орусия анын мүчөсү эмес, бирок кызматташып жүрөт.

ОПЕКтин курамындагы өлкөлөргө дүйнөдөгү өндүрүлгөн мунайдын 44 пайызы, аныкталган кара май корунун 81 пайызы таандык. Уюм мунай саясатын көзөмөлдөп, кара май базарын туруктуу кармоо милдетин аткарат.

Катар ОПЕКке ал негизделгенден кийин бир жылдан соң, 1961-жылы мүчө болгон. Өлкөнүн энергетика министри Саад Шарид ал-Кааби кошумчалагандай, Доха негизинен кара май өндүрүүгө эмес, суюлтулган газ экспорттоого көңүл бурганы жатат. Азыр өлкө жылына 77 миллион тонна көгүлтүр отун өндүрүп жатса, 2024-жылга барып, анын көлөмүн 110 миллион тоннага жеткирүүнү көздөйт.

Катардын энергетика министри Саад Шарид ал-Кааби.
Катардын энергетика министри Саад Шарид ал-Кааби.

- Бизде мунайдын чоң потенциалы жок, биз бул маселеде ачыгын айтабыз. Биздин потенциалыбыз - бул газ, - деди ал.​

Катар суюлтулган газ сатуу боюнча дүйнөдөгү эң чоң экспортер, ошол эле кезде кара май өндүрүүдө ОПЕКтеги өлкөлөрдүн ичинен 11-орунда, дүйнөдө 17-орунда турат. Маселен, ноябрда ал суткасына 609 миң баррел мунай өндүрүп жатса, кошунасы жана аймактагы атаандашы Сауд Арабиясы күнүнө 10,63 миллион баррел өндүргөн. Башкача айтканда, Катар өндүргөн мунайдын үлүшү ОПЕКте 1,85% гана түзөт.

- Менимче, келечекте көпкө чейин пайда алып келбеген, сиздин негизги ишкердигиңиз болбогон нерсеге байлануу натыйжасыз деп ойлойм, - деди Катардын энергетика министри Саад Шарид ал-Кааби.

2016-жылы ОПЕК жана анын өнөктөштөрү, анын ичинде уюмга кирбеген Орусия да мунайдын баасын туруктуу кармаш үчүн өндүрүштү чектөөнү макулдашкан. Ага ылайык, Катар мунай өндүрүүнү күнүнө 30 миң баррелге азайтуу милдетин алган. Бул макулдашуу бир канча жолу узартылган. 1-декабрда дүйнөдөгү негизги мунай сатуучу болуп саналган Орусия менен Сауд Арабиясы ал келишимди сактай турганын жарыялашты. Акыркы маалыматта кара майдын Брент үлгүсүнүн бир баррели дүйнөлүк базарда 63 доллардан сатылууда.

Катардын жана Сауд Арабиясынын картасы.
Катардын жана Сауд Арабиясынын картасы.

Катардын уюмдан чыгуу тууралуу чечими аймакта өз ара таасир талашып келген кошунасы, ОПЕКтеги негизги кара май экспортточу Сауд Арабиясы менен алака-катышы сыналып турган учурда кабыл алынды.

2017-жылы Сауд Арабиясы башында турган, курамына Бириккен Араб Эмиратттары, Бахрейн жана Египет кирген коалиция Катар менен дипломатиялык байланыштарды токтотконун жарыялаган. Алар Дохага “терроризмди колдойт” деген сыяктуу дооматтарды коюп, Катардан “Иран менен дипломатиялык алаканы токтотуп”, “Түркия менен аскердик кызматташтыкты жыйыштырууну” талап кылган. Катар алардын талабын четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG