Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Апта: паранын жаңы "рекорду", Йылдырымдын "насааты"


Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев.
Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев.

Узап бара жаткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга эки күндүк расмий иш сапары менен келип кетти. Ал Кыргызстандын парламент төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Түрк спикери баштаган парламенттик делегация 7-декабрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине да барды.

Бинали Йылдырым Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен жолуккан кезде түрк бийлиги улам козгоп келе жаткан теманы унутта калтырган жок:

- Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышыбызга көлөкө түшүргөн бир маселе бар. Ал Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТО террордук уюму. Бул маселе боюнча Чыңгыз Айтматовдун тилинде бир мисал бере кетейин. Айтматовдун чыгармаларында “Алар силер сыяктуу кийинет, силер сыяктуу сүйлөйт. Бирок өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылат. Өз элинин душмандарына кошулуп, өз улутуна каршы иштейт” деп жазган. Бул каарманды "Манас" эпосунда Көзкаман деген аталыш менен да жолуктурууга болот. Бирок Көзкаман менен маңкуртту чаташтырбаш керек. Маңкурт - бул акылынан айныган, эмне кылганын билбеген бир байкуш. Көзкаман болсо бардыгын билип туруп иш кылган чыккынчы. Гүленчилер дал ушул Көзкаман сыяктуу.

Бинали Йылдырым “гүленчилер” темасын мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков былтыр Түркияга барган кезде да козгогон. Ал эми түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган сентябрда Кыргызстанда жасаган расмий сапарында да, кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков жазында Анкарага барганда да көтөргөн.

Анкара Түркиядагы төңкөрүш аракетине айыптаган Фетхуллах Гүлендин кыймылына таандык делген “Себат” мектептери Кыргызстанда “Сапат” деп өзгөртүлгөн. Расмий Бишкек ал өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун айтып келатат:

- “Сапат” менен биздин өкмөт кандай мамиле кылып жатканы - бул биздин жеке, ички ишибиз. Биздин ички ишибизге кийлигишүү, оюн таңуулоо жакшы эмес деп ойлойм. Биздин бийлик “Сапат” мектептери боюнча абдан туура позицияда келе жатат, - деди талдоочу Сейтек Качкынбаев.

Пара алуудагы “жаңы рекорд”

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул аптада транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жатканда кармалганын кабарлады. Министрдин орун басарынын чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон "кызматы" жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Ал буга чейин ортомчулар аркылуу ошол сумманын 120 миң долларын алганга үлгүргөн.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Жумгалдан Кочкорго чейинки Эпкин - Баш-Кууганды жолун куруу боюнча тендер ишине байланыштуу кармалганын айтып, аны Италиянын компаниясы утуп чыкканын “Азаттыкка” билдирди.

- Ал жерде тендердик комиссиянын төрагасы Жусубалиев болгон. Ал жерде Экономика, Каржы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү бар болчу. Тендер өтүп, ал жерде италиялык бир фирма жеңүүчү болуп табылган. Келишимге кол койгонбуз. Ал азыр кышкы эксплуатация кылып, жазгыга даярданып жатат. Калганын мен деле Интернеттен окудум.

Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев алмак болгон паранын жалпы суммасы 520 миң доллар экени кыргызстандыктарды айран-таң калтырды. Быйыл жазында Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жатканда колго түшкөн. 2015-жылы болсо, Башкы прокуратуранын ал кездеги тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара доолаган деген айып менен камалган жана 14 жылга эркинен ажыратылган.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Транспорт министринин орун басарынын алмак болгон парасы буга чейинки "рекорддорду" басып өттү. Талдоочу Бекбосун Бөрүбашев буларга токтолду:

- Министрдин орун басары 50 миң доллар менен кармалды, бирок бардык суммасы 520 миң доллар экен деп жатышпайбы. Буга элдин көпчүлүгү ишенип жатат. Анткени жол тармагына өтө көп акча которулат. Экинчиден, коррупция менен күрөш Кыргызстанда эч жүргөн жок. Анткени коррупция башкаруу системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Коррупциясы жок бийликке келе алышпайт. Коррупциясы жок депутат боло алышпайт. Коррупциясы жок министр боло алышпайт. Шайлоо да акчанын күчү, коррупциялык жол менен өтөт. Ошентип баары коррупционер болот.

Ал арада Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжанда кармалды. Укук коргоо органдары аны Кыргызстанга алып келүү аракеттерин көрүп жатат. Маалыматтарда Жунусов Нью-Йорктон учуп келгенде Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөн.

Жунусов "2013-2016-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда. Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Жунусовдун кармалышы бажы тармагындагы жалпы коррупцияны эске салды.

- Негизи бул камоо күтүлгөн эле нерсе болчу. Бирок бул жерде Адамкул Жунусов жалгыз эмес да. Ал өзүнүн жардамчылары менен кошо эл аралык топ түзүүгө жетишкен. Муну Кытайга кирип чыккан жүк ташуучу автоунаалардын саны менен эле тактап койсо болот. Биздин Мамлекеттик бажы кызматы маалымат бербесе, Кытайдан сурап ар бир автоунаа үчүн берилген визалардын саны менен кагазга түшүрүлгөн автоунаалардын санын эле салыштырып койсо баары чыгат. Мисалы, айына Кытайга үч миңдей машине кирсе, ошону бөлүп келгенде күнүнө 50-60 машине Бишкек-Торугарт бажыканасы аркылуу кирип, төлөм бериши керек. Жунусовдун тушунда күнүнө канча автоунаа эсептелгенин, Кытайдын декларациясында канча жазылганын билсе эле баары ачыкка чыгат. Азыр “166 миллион сом зыян келтирди” деп атпайбы, бул айсбергдин үстү эле. Эгер ошол маалыматтар ачыкка чыкса, алар керек болсо айына ушунча сумма зыян келтирип турганы чыгып калышы мүмкүн. Экинчиден, жүк ташууда монополист болуп алган дунган фирмалары менен булардын байланышын иликтесе да толтура нерсе чыгат. Бирок Торугартты Жунусов караса, Эркечтамды Райым караган да. Ушуга окшош эле бажыда “орду” бар “Райым миллионду” эмнеге камашпайт? Ал азыр спорт клубдарын каржылап, футбол талаарына жумшап аткан миңдеген долларларын кайдан алганы эмне үчүн такталбайт? Бул кош стандарттуулук болуп калып атпайбы. Эгер бийлик башкаларын камаса, Райымды да кармап, кустурушу керек, - деди "Азаттыкка" журналист Семетей Талас уулу.

Президенттин биринчи телемаеги

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан берки биринчи телеинтервьюсун орусиялык “Россия 24” телеканалына берди. Ал буга чейин интернет сайттарга жана басылмаларга маек берүү менен чектелип келген. Мамлекет башчысы “Россия 24” маегинде ЕАЭБге кошулуу туура чечим болгонун айтып жатып, аны Европа Биримдиги менен салыштырып өттү:

- Бул - биздин келечек. Келечекте ал Еврошаркет сыяктуу чек аралары ачык болуп, биздин жарандар биримдиктин аймагында эркин каттап, уюмга кирген кайсы гана мамлекетте болбосун, өз өлкөсүндөгүдөй кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алгандай шарттар түзүлсө дейм. Мен уюмдун келечегине аябай ишенем. Бизде абдан чоң, кубаттуу дарамет бар. Албетте, Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы бар. Биз дагы ошого барабыз. Бирок ага убакыт керек.

Мамлекет башчынын маеги эфирден Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны болор алдында берилди. 6-декабрдагы кеңештин жыйынына катышкан президент Сооронбай Жээнбеков товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн ЕАЭБ мейкиндигинде жүрүү эркиндигин ишке ашырып, тоскоолдуктарды жоюу зарыл экенин белгиледи:

- Биз чек арадагы рыноктордо атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча кабыл алынган чараларды терең талдап, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары биримдик жөнүндө дайыма оң пикирди калыптандырууга тийишпиз.

Кыргызстан 2015-жылы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразия Экономикалык Биримдигине кошулган. Президент орус телеканалындагы маегинде “Евразия Экономикалык Биримдиги - биздин келечегибиз. Орусия - биздин негизги стратегиялык өнөктөш. Ал биздин негизги стратегиялык өнөктөш болуп келген жана мындан ары да кала берет” деп баса белгилеген. Ал өлкөнүн ички саясаты тууралуу да айтып,“Кыргызстанда ата мекендик жана чет элдик ишкерлерге бирдей шарт түзгөн "инвестициялык оазис" түзүүнү көздөп жатабыз" деди.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Президенттин маегин, айрыкча анын Евразия Экономикалык Биримдигинин болочок валютасы тууралуу пикирин орусиялык басылмалар Кремлдин уюмдун бирдиктүү акчасы болушу керек деп буга чейин айтып келген демилгесин колдоо катары чечмелеп киришти. Ал эми анын маегинде айтылган ойлору Кыргызстандын ичинде карама-каршылыктуу кабыл алынды. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров:

- “Инвестициялык оазис түзөм” деп кимдер гана айтпады? Буга чейин деле айтылып келген. “Демократиянын аралчасы болобуз”, “адам укуктарын сыйлаган өлкөбүз” дедик, ушундай куру кыйкырык, куру ураандардан тажаган жокпузбу? Өнүгө турган мамлекеттер эч кандай кыйкырыгы жок эле өнүгүп жатышпайбы. Инвестициялык климатты түзүүнүн сырлары көп эмес, бир эле сыры бар – ал мыйзам. Конституция жана мыйзамдар кыйшаюусуз иштеген мамлекетте гана инвестициялык климат түзүлөт. Биздин Кыргызстанда Конституция менен мыйзамдар иштешине менин көзүм жетпейт.

Бүткүл дүйнөлүк банктын "Doing Business - 2018" иликтөөсү боюнча Кыргызстан былтыркыдан жети сапка алдыга жылып, 70-орунга чыккан. Ошол эле кезде ал Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин эң артында келе жатат. 190 өлкө катышкан ишкерчиликке ыңгайлуулук түзүү боюнча рейтингде Казакстан 28, Орусия 31, Армения 41, Беларус 38-сапта турат.

Ушул жумада өкмөт бизнеске ыңгайлуулук жаратуу боюнча Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингин жакшыртуу үчүн жыйын өткөрүп, премьер-министр мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Эл аралык кызматташуу уюмунун Борбордук Азия кеңсесинин башчысы Мурат Исмаилов ишкерлерге карата мамилеге мындайча токтолду:

- Инвесторлор жаңы базарга, жаңы рынокторго барарда мамлекет иштеп жаткан инвесторлорго кандай мамиле кылып жатат, кандай шарт түзүп берген деп анализ кылышат. Азыр биз жаңы инвесторлорду алып келүү жөнүндө сөз кылып жатабыз, бирок учурда иштеп жаткандарга кандай мамиле кылып жатканыбызды да эске алышыбыз керек. Кен ишканаларынын тегерегиндеги ызы-чуулар сөзсүз түрдө биздин "Doing Business" боюнча рейтингибизге таасир этет. Анан инвесторлор бири-бирин карап турат. Мисалы, өлкөгө көрүнүктүү жакшы бир инвесторлор келсе, ал башкалар үчүн көрсөткүч болуп калат. Ошол кадыр-баркы бар инвестор барып иштеп жатса, демек анда биз да барсак болот экен да деген кызыгуу болот. Бизге ошондой инвесторлор келбей жатат.

Терек-Сайдагы чатак

Иштеп жаткан инвесторлор демекчи, Чаткал районундагы түркиялык “Эти Бакыр Терексай” ишканасы ушул жумада алтын кендин айланасындагы чатактан кийин убактылуу ишин токтотту.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. Бул маселе 6-декабрда парламентте талкууланганда депутат Рыскелди Момбеков Ички иштер министрлигинин жергиликтүү элге карата кескин чараларын сындады:

- Мындай фактылар катталган болсо - бул чарбалык жумуш. Алар сотко барып чечишип алсын. Ал жерге ошол аймакты тескеген​ милиция кызматкери барсын. Ал эми өзгөчө даярдыктагы “Шумкар” тобунун Терек-Сайга барганы - бул кылмыш. Айылдын элин коркутуп эмне үчүн курал менен кирет? Ошондуктан элдин жини келип жатат. Алар же террорист болбосо, тентектик кылганы үчүн эле 15 кишини камап салдыңар. Сарууда, Жерүйдө, Кумтөрдө да ушундай кылгансыңар. Силер инвесторду коргоп жатасыңарбы же мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жатасыңарбы?

"Кыргызалтын" ишканасынын директору Алмаз Алимбеков “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасына буга чейин жергиликтүүлөр тарабынан коркутуу болгондуктан, инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылып берүү боюнча күч түзүмдөрүнө кайрылышканын айтты.

Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилсе, анын 158и Чаткал аймагы үчүн алынган.

Кендерге байланыштуу нааразылыктар Кыргызстандын башка да аймактарында да болуп келе жатат. Элдин нааразылык жараткан көйгөйлөрдүн бири кен тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр экени айтылып келе жатат.

АКШ-Орусиясы талашы 9М729 ракетасына такалды

Москва “9М729” ракеталык системасынан арылышы керек же анын техникалык көрсөткүчтөрүн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуунунун шартын бузбай тургандай кылып өзгөртүшү зарыл. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын куралдануу жана эл аралык коопсуздук боюнча орун басары Андреа Томпсон 6-декабрда билдирди:

- SSC-8 (9М729 ракетасы) сиздер билгендей, Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуунун талаптарына туура келбейт. Ошондуктан сиздер ал системадан арыласыздар же ага өзгөртүү киргизесиздер. Ушул гана андан ары жылууга өбөлгө болот.

Андреа Томпсонсун айтымында, Орусиянын 9М729 ракетасынын мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүү же такыр жок кылуу көзөмөл алдында жүргүзүлүшү керек.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

4-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да эгер Москва келишимдин шарттарын бузган ракеталарын 60 күндүн ичинде жок кылбаса, анда Вашингтон андан чыга турганын кабарлаган. Ал бул тууралуу Брюсселде НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алдында айтты:

- Бул келишим кандай ийгиликтерди жаратканына карабай, биз бүгүн Орусия куралды көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерин бузуп жатканына каршы турушубуз керек. Мен бүгүн эле министр кызматташтарыма айткандай, биздин мамлекеттерде эки гана жол бар: же биз кумга башыбызды катып отура беребиз же Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимдин шарттарын одоно бузушуна каршы жооп иретинде жөндүү чара көрөбүз. Белгилей кетейин, Орусиянын келишимди бузушу бир түндө эле болгон жок. Ал канаттуу ракеталарды (SSE8) 2000-жылдардын ортосунан бери сыноодо. Ушул фактыларды эске алуу менен Кошмо Штаттар бүгүн Орусия келишимди олуттуу бузду деп тапканын жарыялайт. Эгер Орусия келишим шарттарынын толук жана текшерилгидей аткарылышына алтымыш күн ичинде кайтып келбесе, Кошмо Штаттар да укуктук коргонуу каражаты катары өз милдеттенмелерин токтотот. Биз бир нече себептен улам ушундай чара көрөбүз. Биринчиден, Орусиянын аракеттери АКШнын, биздин өнөктөштөр менен шериктештердин улуттук коопсуздугуна олуттуу шек келтирүүдө. Орусия келишимди бузганы үчүн ага жооп кайтара албагыдай болсок, анын алкагында кала берүүнүн АКШ үчүн эч кандай мааниси жок.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин 4-декабрдагы биргелешкен билдирүүсүндө "Орусиянын 9M729 ракеталык системасын иштеп чыгып, колдонууга бергени келишимдин шартын бузат жана жалпы евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч жаратат" деп айтылат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон эгер Москва Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуунун талаптарын сактабаса, Кошмо Штаттар андан чыга турганын расмий кабарлаган кат алганын маалымдады. Тышкы иштер министрлинин басма сөз катчысы Мария Захарованын 5-декабрда айтканына караганда, анда Орусия келишимдин шарттарын бузуп жатканы айтылып, бирок далилдер көрсөтүлгөн эмес.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов да 5-декабрда Москва чет элдик аскердик атташелер менен жолугуп, "Кошмо Штаттардын келишимден чыгышы Европадагы коопсуздукка эле эмес, жалпы дүйнөдөгү коопсуздукка да тескери таасир этерин" айтты.

Орус президенти Владимир Путин Майк Помпоенун билдирүүсүнө комментарий берип жатып, АКШ 1987-жылы түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуудан чыкса, Москва тиешелүү чараларды көрө турганын эскертти:

- Биз бул келишимди бузууга каршыбыз. Бирок андай боло турган болсо, тиешелүү аракеттерди көрөбүз.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. АКШ “кансыз согуш” доорунан калган келишимден чыгарын биринчи жолу октябрь айында жарыялаган.

Вашингтондун көз карашында, 2017-жылы сыноодон өткөн Орусиянын 9М729 ракетасы ушул келишимдин шарттарын бузат жана анын радиусу 2000 чакырымдан 5500 чакырымга чейин жетет. Бирок Орусия аны четке кагып, учуу узактыгы 500 чакырымдан ашпай турганын билдирип келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG