Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Лейлек: Короодогу жарылуу, эне-баланын абалы


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

5-январь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу зат жарылып, эки адам жараат алды. Расмий органдардын маалыматы боюнча, 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темирлерди жыйнап жатканда жарылуу болгон.

Баштапкы маалымат боюнча, жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн экени айтылууда. Укук коргоо кызматтары териштирүү баштап, учурда Тажикстан тарапка да маалымат берилгени белгилүү болду.

Тажикстан менен чек арада жайгашкан Арка-2 айылындагы окуя 5-январда кечке жуук болгон. Айылдын 32 жаштагы тургуну тестиер кызы менен короосунда жаткан эски темир-тезекти жыйнап жатып, арасындагы белгисиз затты алып, үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал жарылып кеткен.

Натыйжада экөө тең жараат алып, Кулунду айылындагы ооруканага түшкөн. Аларга алгачкы жардам көрсөтүлдү, дарыгерлер операция жасашкан.

Саламаттык сактоо министрлиги жардыргыч заттан жабыркаган эне-бала санавиация аркылуу Ошко дарыланууга жеткирилерин кабарлады.

"Министрдин жетекчилиги астында адистердин кеңешмеси өтүп, ага Ош, Баткен жана Лейлек аймактык ооруканаларынын дарыгерлери катышты. Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт", - деп жазылды мекеменин маалыматында.

Министрлик бейтаптардын абалы оор бойдон калып жатканын билдирди.

"Абалы оор эле. Кечээ ичинен, ичегисинен жана бутунан жараат алган кызына да, ичинен жана бутунан жараат алган апасына да операция жасалды. Азыр санавиация менен дарыгерлер алып келе жатышат. Мен контролдоп жатам. Ош облустук ооруканасына жеткирип, ал жактан Бишкек менен бирге онлайн консилиум уюштурабыз", - деп билдирди 6-январда "Азаттыкка" министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Арка-2 айылындагы жарылуу болгон үй 2022-жылы чек ара чатагында дээрлик толук өрттөнүп кеткен.

Баткен милициясынын маалымат кызматынын башчысы Дамира Юсупова жарылган нерсе чек арадагы куралдуу кагылыш учурунда жарылбай калган зат болушу мүмкүн деп болжолдонуп жатканын билдирди:

“Бул окуя Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталды. Окуя болгон жерге инженердик-сапёрдук топ чакыртылып, курчоого алынган. Учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертиза дайындалып, алгачкы текшерүү жүрүп жатат. Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушуп, сүйлөшүү да жүргүздү”.

Жарылуу болгон үйдүн тургуну, 39 жаштагы А.К. белгисиз жардыргыч зат 2022-жылдын 16-сентябрындагы коңшу өлкө менен болгон куралдуу жаңжалдан калган болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Окуя тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы да маалымдап, Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жолугушуусу болуп, анда жарылуу тууралуу тажик тарапка маалымат берилгенин кабарлады.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) ошол эле күнү тараткан маалыматта Арка-2 айылындагы жарылуу боюнча Лейлек райондук милициясынын жана Тажикстандын Согд облусунун Гафуров райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары да жолугуп, чек арага жакын аймактарда эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылды.

Тажикстандын расмий органдары же жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азырынча эч кандай маалымат же комментарий бере элек.

Окуя болгон соң эл арасында дүрбөлөң болбошу үчүн дароо түшүндүрүү чаралары жүргүзүлгөнүн аталган айылдын башчысы Медербек Баетов айтты:

“Азыр абал жакшы эле. Туура түшүнүү менен эле кабыл алып жатышат. Башка айла жок, ушундай болуп кетти. Эски темирлердин арасында калып кеткен экен. Эч ким байкабай, көрбөй калыптыр. Эл дүрбөлөң болгон жок. Азыр эле жабыркагандардын атасы, жакындары менен да сүйлөштүм. Алар ооруканада. Окуя болгондон кийин дароо ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Азыр дагы текшерип жатышат. Абалы туруктуу. Эл арасында да дароо WhatsApp топтор аркылуу, башка жолдор менен түшүндурүп жатабыз.”

Баткен облустук акимчилиги бул окуя боюнча бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өз багытында ыкчам чара көргөнүн, жараат алган эне-балага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы орто деп сыпатталып жатканын маалымдады. Учурда жабыркаган энеси менен кызы Кулунду аймактык ооруканасында дарыгерлердин жардамын алып жатканы, дары-дармек жетиштүү экени айтылды.

Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматкерлери окуянын чоо-жайын элге туура жеткирүү максатында алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Күч кызматтары жергиликтүү элди этияттыкка чакырып, шектүү заттарга, буюмдарга тийбөөгө жана тиешелүү органдарга тезинен кабарлоого чакырууда.


2022-жылы 14-17-сентябрда чек арада куралдуу жаңжал катталып, анда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Кыргызстан тарап 8 млрд сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 430дай үй өрттөлүп, жашоого жараксыз абалга келип, өкмөт аларды кайрадан куруп берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG