Калааны көрктөндүргөн ары кызыктуу, сырдуу картиналар дүйнөсүнө саякат жасайбыз.
Көчөлөргө көрк кошкон искусство
Бишкектин имараттарына, жол боюндагы дубал, өтмөктөргө тартылган өзгөчө сүрөттөргө көзүңүз түштү беле? Көчө сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган картиналар эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.

1
Семён Чуйковдун "Советтик Кыргызстан кызы" картинасынын заманбап үлгүсү №12 мектептин имаратын кооздоп турат.

2
Калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына, өтмөктөрүнө көрк берген сүрөттөр мындан төрт жыл мурун тартылган. Алар жарандарга жылмайууну тартуулап, балдарды коргоого, Бишкекти сүйүүгө чакырат.

3
Атактуу баскетболчу Майкл Жордандын образы түшүрүлгөн картина жарандарды тазалыкка үндөйт.

4
Ош базарына жакын жердеги имаратка түшүрүлгөн бул картина балдарды коргоого арналган. Тилекке каршы, жанаша курулган жаңы имарат сүрөттүн жарым жаап калган.

5
Сүрөтчү Владимир Рогачёвдун Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" китебине түшүрүлгөн "Балалык" деген иллюстрациясы. Чүй проспекти жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилиши.

6
Шопоков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

7
Бишкектеги Панфилов - Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги дубалдарга тартылган сүрөттөр “Биримдикте бактылуубуз” деп аталган фестивалдын алкагында 2014-жылы тартылган.

8

9
Дубалдагы сүрөттөр коомдогу өзгөрүүлөрдү, айтылбай келген көйгөйлөрдү чагылдырып турат.

10

11

12
Адамдын ой чабыты чексиз экенине бул картина далил.

13
Кыргыздын оймо-чиймесинен алынган граффити.

14
6-кичи райондогу көпүрө.

15
Тамгаларды да өзгөчө стилде жазуу граффитчилерге таандык.

16
Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын короосундагы "Мен Бишкекти сүйөм" картинасы.

17
Жаштарды спортко, сергек жашоого үндөгөн картина.

18
Кожомкул атындагы спорт ордосунун бош жаткан бассейни көчө сүрөтчүлөрүнүн "мекенине" айланды. Мында түрдүү жанрдагы иллюстрацияларды көрүүгө болот.

19

20