Быйыл кыргыз авиациясына 85 жыл. Буга утурлай “Азаттык” өлкөдөгү эң ири аба майданга саякат жасады. Тынып-тынчыбаган авибекеттин жашоосу сүрөттөрдө.
"Манас" - Кыргызстандын аба босогосу
Эл аралык “Манас” аба майданы жылына 2 миллиондон ашык жүргүнчүлөрдү тейлейт. Учуп конгон учактарды агымы күнү-түнү токтобойт.

1
Эл аралык “Манас” аба майданы 1975-жылдын 4-майданы алгачкы жолу Москвадан келген учакты кабыл алган. 1980-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен аба майданга “Манас” деген ат берилген.

2
Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллиондон ашык киши нары-бери учат. Анын жарым миллионго жакыны өлкөнүн ичинде каттайт.

3
“Манас” аба майданынан дүйнөнүн тогуз мамлекетинин 21 шаарына түз учуулар ишке ашат.

4
Авиабекет 13 эл аралык, төрт жергиликтүү авиакомпаниялар менен кызматташат.

5
Аэропорттун ичиндеги бажы көзөмөлдөө бекети.

6
Аба майдандын аймагы 242 миң чарчы метр.

7
“Манас” аба майданында эки миңден ашуун кызматкер эмгектенет.

8
“Манас” аэропортунан учакка отуруп Стамбул, Санкт-Петербург, Москва, Дубай, Астана, Дели, Үрүмчү, Сургут шаарларына жете аласыз.

9
Учактар сапардан келээр замат техникалык текшерүүдөн өтүп, кайра учууга даярдык көрүлөт.

10

11
Аэропортко жөнөрдө паспортуңузду унутпаңыз.

12
Гонконг, Стамбул, Баку, Ташкент жана Шанхай шаарларынан жүк ташыган учактар “Манас” аба бекетине бат-бат конуп, учуп турат.

13
"Манас" аба бекетине 11 эл аралык авиа компаниялардын учактары каттайт. Алардын арасында “Аэрофлот”, “Урал аба жолдору”, "Түрк аба жолдору”, “Сибирь”, “Өзбек аба жолдору”, “Эйр-Астана”, “Тажик эйр”, “Ямал, “Флай Дубай” сыяктуу ири компаниялар бар.

14
Жергиликтүү төрт компания - "Авиатрафик", "Эйр Манас", "Тез жет" жана "Эйр Кыргызстан" эл ташыйт. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат.

15
Күтүү...

16
Авиа бекеттеги бекер wi-fi күткөндөрдү эч зериктирбейт.

17
Аэропорт ачык жер болгондуктан мындагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-20 метрге чейин жетет. Учактар шамалдын согушуна каршы конуп, учат.

18
Мекенге кайтып келүү.

19
Көптөн күткөн жолугушуу.

20
Араба чогулткан да чоң жумуш.