Айрыкча Ош, "Дордой" базарларынын айланасында катаал шартта жашаган үй-бүлөлөр өтө көп. Тар бөлмөлөрдө күн кечирген тургундардын турмушу сүрөттөрдө.
Батирдеги өп-чап турмуш
Бишкекте эң арзан батирдин ижарасы акысы 2 миң сом. Бир короодо эле ондон ашык үй-бүлө күн кечирген батирлер калаанын бардык жаңы конуштарында бар.

1
"Дордой" жаңы конушу.

2
Бул короодо 14 үй-бүлө жашайт.

3
Ар бир бөлмөнүн ижара акысы 3 миң сом.

4
Жаңы конуштарда бир бөлмөлүү батирлерди куруп, ижарага берүү кирешелүү бизнеске айланган.

5
Батирде жашагандар ижара акысынана сырткары суу, электр энергия жана таштанды үчүн өзүнчө акча төлөшөт.

6
Төкөлдөш жаңы конушу. Жуунуучу жай айрым короолордо жок болгондуктан, жашоочулар жумасына бир жолу, 60 сомдон 100 сомго чейин төлөп, мончого түшөт.

7
Назгүл Итикеева төрт баласы менен Төкөлдөш жаңы конушундагы батирлердин биринде баш калкалап келет. Батир үчүн айына 4 миң сом акы төлөйт.

8

9
Көбүнчө мындай батирлерде тигүү цехтеринде, базарда иштеген, көп балалуу үй-бүлөлөр баш калкалайт.

10

11
Ош базарынын айланасындагы турак жайлар. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн короонун так ортосуна очок орнотуп, тамак жасагандар бар.

12
Үйлөр бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Чычкандын ийининдей болгон жолдор менен гана батирлерге барууга болот. Балдар ойной турган аянтча жок.

13
Дубал артындагы кошуналар менен баарлашуу.

14
Төрт дубалдын бир бурчу ашкана болсо, экинчи бурчу жатакана.

15
Санжар Смаилов үй-бүлөсү менен сегиз жылдан бери батирде жашайт. Өзү майып. Тапкан каражаты батирдин ижарасынан жана тамак-аштан ашпайт.

16
Арзан баадагы батирлерге эскилиги жеткен жатаканалар да кирет.

17
Бишкектеги Шота Руставели жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Бишкек Гуманитардык университетинин мурдагы жатанакасы. Азыр менчиктештирилип кеткен.

18
Жатаканадагы жашоочулар тазалыкты сактабагандыктан, коридордо дайыма жагымсыз жыт уюп турат.

19
Бул жердеги ижара акы жаңы конуштарга караганда эки эсеге көп. Эң аразаны жети миң сомдон башталат.

20
Өзүн Айсулуу (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырган айым, сегиз жыл жатаканада батирде жашап, бир жыл мурун дал ошол өзү жашаган жатакананын төртүнчү кабатынан күйөөсү экөө бөлмө сатып алган.