“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жапон курама командасынын баасы асман чапчыган оюнчулары, ойноо стили боюнча Интернеттеги ачык маалыматтарга көз жүгүрттүк. Анын ичинде ФИФАнын рейтингине сереп салып, Кыргызстандын курама командасынын «көк самурайлар» деген атаандашы тууралуу маалымат топтодук.
Кыргызстандын калкынын 36 пайызын жашы 18ге жете элек өспүрүмдөр түзөт. 2015-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй өлкөдөгү балдардын 40 пайызы жакырчылыкта жашайт. Ошол себептен алар жаш кезинен жумушка тартылат.
Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.
Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.
Быйылкы күздүн көркү өзгөчө. Айланадагы алтын түс суктандырып, ошол эле учурда кусалантат дагы.
Адистер Кыргызстанда соңку жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктан каза таап, кылмышка барган аялдар көбөйгөнүн айтышууда.
2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.
Бишкекте хоккей боюнча «Кыргыз темир жолу» мекемесинин кубогу үчүн мелдеш өттү. Ага 4 команда катышып, жыйынтыгында «Хан-Теңри» командасы жеңүүчү болду.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияны бүгүн 2:1 эсеби менен утту.
Бишкекте «орто кылымдагы согуш өнөрлөрү» аттуу фестиваль өттү. Ага 40 жоокер катышып, кылыч менен таймашып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.
Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өттү.
Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасын 7:0 эсеби менен утуп, тандоо оюндарында алгачкы үч упайга ээ болушту.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 7:0 эсеби менен утту.
Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти.
10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешет. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталат.
Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы акцияга чыгышты.
Жогорку Кеңештин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ош шаарында «Азаттык» радиосунун операторуна кол салган окуяны айыптап, «Унчукпай коё албайм» деген акция өткөрдү. Активист "Азаттыктын" айланасындагы акыркы окуяларды "сөз эркиндигине басым" деп баалады.
Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдында аталган кошуундардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдиришти.
Чөлдөгү ыйык жаныбар катары бааланган төө - Бириккен Араб Эмираттарынын символу. Төөлөрдүн жарышын, фестивалдарды, төөлөрдүн сулуулук сынагын, төө базарларын, жада калса төөлөр үчүн курулган ооруканаларды да бир гана Бириккен Араб Эмираттарынан көрүүгө болот.
Казакстандын темир жолдорунун жалпы узундугу 16 614 чакырымды түзөт. Казакстандын түндүгү менен түштүгүн, чыгышы менен батышын гана байланыштырбастан, Азия мамлекеттери үчүн Европага жол ачат.
Дагы жүктөңүз