Эл аралык «Трансмаркет» интернет-басылмасынын баасына ылайык Тажикстандын курама командасы 2 миллион 400 миң евро турат. Тажикстандын эң кымбат футболчусу - 25 жаштагы Парвизжон Уморбоев. «Трансмаркет» аны 500 миң еврого баалаган.
Тажикстандык футболчулар Бишкекте машыгышты
Тажикстандын футбол боюнча курама командасы 17-ноябрда Бишкекке келип, 18-ноябрда Бишкектеги акыркы машыгуусун өткөрдү. Өткөн аптада тажик футболчулары Мьянмага 3:4 эсебинде утулуп калышкан.

1
Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтөт.

2
Футбол ышкыбоздору Тажикстан «ак шумкарлар» үчүн ыңгайсыз атаандаш деп эсептейт.

3
Эки өлкөнүн футбол боюнча курама командалары өз тарыхында 10 жолу беттешип, үч жолу Кыргызстан жеңишке жетсе, бир жолу тең чыгышкан. Калган оюндарда жеңиш тажик футболчулары тарапта болгон.

4
Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде утулган.

5
Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди.

6
Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Мьянма менен болгон оюнда упай жоготконуна кейип, ошол эле учурда Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да билдирди.

7
Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.

8
Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

9

10
5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.