“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бишкек шаарынын төрт районуна ачылган күндүзгү стационардык борборлорго акыркы эки күндө 3,5 миңден ашуун адам кайрылган.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
«Алай» футбол клубунун эки оюнчусу COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.
Активисттер 29-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чыгышты.
Өкмөт оору менен күрөшкөн дарыгерлер чарчап, медицина тармагына күч келип турганын айтты. Мындан улам кадр резервин түзүп, аларды окутуу маселеси көтөрүлүүдө.
Жылда ушул маалда балдар биринчи класска кабыл алына баштаса, быйыл окуу кандай болору чечиле элек.
Парламенттик угуу учурунда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору сынга кабылды.
Өкмөттүн басма сөз катчысы коронавирустун жайылышын алдын алуудагы аракетти бир сүрөт менен жокко чыгарбоону өтүндү.
Оштогу "Алай" футбол клубунун оюнчулары жетекчиликке нааразылык билдирип чыгышты.
Соңку үч күндө Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйдү. 16-июнга карата бир күндө өлкө ичинде 100 адамга илдет жукканы аныкталды жана бир бейтап кайтыш болду. Бул - өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
Кыргызстанда карантин алынгандан бери коронавирус жугузуп алгандар көп каттала баштады.
Бишкек мэриясы коронавирус жугузуп алгандар көбөйгөнүнө байланыштуу ири базарлар убактылуу жабыла турганын кабарлады.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Исаков өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албайт.
Биринчи май райсоту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча өкүмүн угузду.
Блогердин иши психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканда каралмай болду.
Телеканалдын жетекчиси муну эркин медианы коркутуу аракети катары баалады.
Өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан кийин көпчүлүк ишкер аялдардын өндүргөн товары сатылбай, үйдө отуруп калган.
Пандемияга байланыштуу Туризм департаменти бир топ долбоорлорду иштеп чыкты.
1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн саммити өттү. Анда адистерден тышкары балдар өздөрү өспүрүмдөрдүн маселелери тууралуу кеп козгошту.
Балдарды коргоо күнү жайдын биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден соолугун жана укуктарын коргоого чакырат.
Дагы жүктөңүз