Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толо элек эки миллион 456 миң бала бар. Анын жарымынан ашыгын (51%) эркек балдар түзөт.
Бактысы түркүн, баары сүйкүм балдар
Балдарды коргоо күнү жайдын биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден соолугун жана укуктарын коргоого чакырат.