Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Анын негизинде Курманбек Бакиевди Кыргыз Республикасынын президенти катары таануу тууралуу токтом кабыл алынды. Буга Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоодо 88,71 пайыз добуш топтогондугу негиз берди.
Жаңы шайланган президент шайлоодон кийинки алгачкы маалымат жыйынында жаңы өкмөт түзүү чукул чече турган башкы маселе деп билдирди. Курманбек Бакиев ушул максатта парламентке убактылуу өкмөттүн азыркы курамын дээрлик толугу менен сунуштаганы жатат. Саясий чөйрөдө өкмөт курамын түзүүгө байланышкан маселе башкача өңүттө талкууланууда.
Президенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы көптөгөн атуулдар өз талапкери үчүн добуш бере албай калышты. Буга алардын паспортунда туруктуу жашагандыгы жөнүндөгү белгинин жоктугу кедерги болду. Айрым бейөкмөт уюмдар Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизмейинче шайлоочунун негизги добуш берүү укугун бузган жагдай улана берет деп эсептешүүдө.
Экс-президент Аскар Акаевдин кол тийбестик укугун алып салуу маселеси ушул күздө парламентке сунушталышы ыктымал. Айрым байкоочулар Акаевге байланышкан жагдайдын мындай өнүгүшүнө 17-июндагы окуя негиз бериши мүмкүн деп болжошот. Ал эми экс-президенттин жактоочулары мындай божомолдорду жаңы бийликтин кезектеги майнапсыз аракети катары баалап жатышат.
Кыргызстанда президенттик шайлоого тоскоол кылуучу саясий күчтөр жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Жыйын Жогорку Кеңештин өткөн үч ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча маалымат берүү максатында уюштурулду.
Анжиян окуясында баш паанек издеп Кыргызстанга келген өзбекстандык 450дөн ашык атуулдун жагдайы бир ыктай чечиле элек. Кыргызстан тараптын аларга карата айрым аракеттерин эл аралык уюмдар кескин сынга алып жатышат. Өзбекстандан баш паанек издеп келгендерге байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жооп берди.
1-июлда Вашингтондо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер аралык Ассамблеясынын 14-сессиясы ишин баштады. Бул жыйынга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов катышып жатат. Ассамблеянын алгачкы күнкү жалпы жыйынынан кийин депутат менен кабарчыбыз телефон аркылуу маектешти.
Анжиян окуясында ооп келген өзбекстандык жарандар маселесин Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар комиссарлыгы Женевада, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер аралык ассамблеясы Вашингтондо талкуулашты. Кыргызстанда баш калкалап турган өзбекстандык жарандардын жагдайларын иликтөө иштери аяктай элек.
Аскар Акаевге таандык катары саналган мүлктөрдү иликтөө комиссиясынын төрагасы Данияр Үсөновго «Мунай-Мырза» компаниясы ишкананын абийирине, ар намысына жана кызматтык беделине шек келтирди деген дооматын жарыялады. Ошондон улам ишкана вице-премьер министрдин милдетин аткаруучуну сотко берүүнү көздөп жатат.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык мүлктөрдү териштирүүгө байланыштуу айрым ишканаларга мурда коюлган чектөөлөр 1-июлдан баштап алынып салынат. Буга байланышкан жардыкка президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин кол койду.
Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган делегация Москвадан өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын эки күндүк жыйынына катышып келди. Буга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева ЖККУ кеңешинин сессиясына байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.
24-июнда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Кыргызстандан бул отурумга президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган делегация катышты.
21-июнда Жогорку Кеңеш март окуясынан кийинки өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Талкууда кадр саясатына, 17-июнь окуясына, менчиктештирүүгө байланышкан маселелер боюнча өкмөт кескин сынга кабылды.
17-июндагы өкмөт үйүн ээлеп алуу аракеттери президенттик шайлоого кандай таасир этиши ыктымал? Бул маселе коомчулук талдоосуна түшкөн олуттуу маселелердин бири болууда. Байкоочулар бул окуя президенттик шайлоодо өкмөткө сабак болушу керек деп эсептесе, бийлик өкүлдөрү шайлоо алдында кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн күчтүү чараларды көрөрүн билдирүүдө.
17-июнда Биринчи май райондук соту Урмат Барктабасовдун арызын кароого киришип, бирок ишти бул күнү акырына чыгара алган жок. Буга Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштаган далил документтердин түп нускасынын жок болуп калышы негиз берди.
Айрым маалыматтарда Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны акыркы жылдары төрт эсе өскөндүгү айтылууда. Мунун себебин байкоочулар күч структураларындагы ишти уюштуруудагы чабалдыктын кесепети дешет. Милиция кызматкерлери өздөрү болсо бул жагдайды мамлекеттик колдоонун начардыгы менен байланыштырат.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүн иликтөөнүн жагдайы тууралуу коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлигинин жетекчилери парламентке маалымат беришти. Маалыматтарга караганда, депутаттын өлүмүнө байланышы бар деп шектелген үч адам камакка алынды. Оперативдүү тергөө кызматы учурда ишти кылмыштуу иштерге жана мүлк талашка байланышкан эки божомолдун айланасында иликтеп жатат.
Дүйшөмбүдө Жогорку соттун атуулдук иштер боюнча коллегиясы өз имаратында ишке киришти. Бирок имарат алдында нааразылык билдирип турган шайлоочулар тарашкан жок. Алар дагы эле талаптарынан кайтпай жатышат.
Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевге байланыштуу кылмыш иши козголгондугун жана аны камоо тууралуу санкция берилгендигин жарыялады. Мындай чечимге карата экс-премьер-министр оюн айта элек. Айрым маалыматтарга караганда, Танаев учурда Орусия Федерациясында жүрөт. Бирок анын уулу, «Кыргызкурулуш» ишканасынын жетекчиси Алексей Танаев Башкы прокуратура белгилеп жаткан каражаттын өлчөмүн ашырып айтып жатат деп санап, атасынын күнөөсү бар же жок экенин сот териштирет деген пикирин билдирди.
Конституциялык кеңешме Кыргызстандын Баш мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча шаршемби күнү бүтүм чыгарып, элдин талкуусуна сунуштамакчы. Ал эми 7-июндагы отурумунда кеңешме долбоорун негизинен жактырды. Бирок бул долбоор элдик курултай түзүү тууралуу сунушту камтыган жок. Буга нааразы тараптар отурумдун учурунда Жогорку Кеңештин алдына пикет уюштурушту
Дагы жүктөңүз