Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

КӨПТӨГӨН АТУУЛДАР ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫША АЛГАН ЖОК


Президенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы көптөгөн атуулдар өз талапкери үчүн добуш бере албай калышты. Буга алардын паспортунда туруктуу жашагандыгы жөнүндөгү белгинин жоктугу кедерги болду. Айрым бейөкмөт уюмдар Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизмейинче шайлоочунун негизги добуш берүү укугун бузган жагдай улана берет деп эсептешүүдө.

Шайлоо кодекси шайлоочудан туруктуу жашаган жери тууралуу белги коюлган паспорт талап кылат. Негизги тизмеде катталган, паспорттуу шайлоочу айдоочунун күбөлүгү, аскер билети, паспорт столдон №9 үлгүсүндөгү справка менен да добуш бере алат. Бирок мыйзамдагы бул тартип шайлоочулардын бардыгына эле ыңгайлуу эмес. Ириде бул ички эмгек мигранттарынын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү шарттайт.

Ага жараша президенттик шайлоодо добуш бере албай калган шайлоочулар аз болгон жок, алардын катарына ириде баш калаада, чоң шаарларда алыскы аймактардан келип иштеп жаткандарды кошууга болот. Маселен, Ош базарында соода кылган Солтонов Жунусбек буларга токтолду:

- Биздин убактылуу каттообуз бар. Ошого карабастан, эртең менен саат 7.00 де участокко барсак, туруктуу жашаган жериңерден шайлагыла деп киргизбей койду.

Ал эми Мамытов Асылбек буларды айтты:

- Биз Айниде жашайбыз да. Бешөөбүз БГУдагы участокко добуш берүүгө барсак силерге болбойт деди. Каттообуз жок, бирок паспортубуз бар эле да.

Мындай билдирүүлөрдүн чын-бышыгын билүү үчүн «Азаттык» радиосунун кабарчысы Бишкек шаарындагы бир катар добуш берүү участогунда сурамжылоо жүргүздү. Алардын бири - №1103 участкалык комиссиянын төрайымы Бактыгүл Мамбеталиеванын билдиргенине караганда, добуш берүүнү каалап, бирок мыйзам жол бербеген шайлоочуларга уруксат берилген жок:

- Аларды биз кайра жибердик. Өзүңөрдүн жашаган жериңерге барып көргүлө, балким жетишип каласыңар деп.

Ушундай эле жагдайга кирептер болгон соодагер Пазылов Жаркынбай добуш берүүгө ынтызар, көчмө добуш берүү уюштурулса деген тилекте. Бирок жолдун алыстыгына, жол киренин кымбаттыгына байланыштуу өзү туруктуу жашаган жерге барып келе албай калгандыктан, шайлоого катышпай калгандар абдан көп, керек болсо миңдеп саналат дейт:

- Көчмө неме (үкөк) болобу, болсо ошого деле добуш берет элек. Туруктуу катталган жерибизге кантип барып, справка алып келебиз, жол кире 2 миң сом болуп атса.

Президенттик шайлоого 3 миң байкоочусу көз салып жаткан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикиринде, шайлоочулардын добуш берүү укугунан ажырап жатышы – жаңы проблема эмес. Азыр жашаган жери аркылуу добуш берүү деген талаптын айынан 100 миңдей шайлоочу өз укугунан ажырап отурат. Байсаловдун айтымында, бул маселени маркировканын киргизилиши аркылуу эле күн тартибинен алып, шайлоочуларга жол ачып койсо болмок. Ушундан улам Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү сунушу менен коалиция БШКга бир нече ирет кайрылган. БШКнын болсо шайлоочу өз талапкери үчүн добушту өз шайлоо округунда бериш керек деген негиздемеси бар.

Ал эми Эдил Байсалов болсо референдумдарда жана президенттик шайлоодо мындай тартип өзүн актабайт дейт:

- Эми болуптур, аны да түшүнсө болот. Бирок президенттик шайлоодо, референдумдарда мындай система башкача болуш керек эле. Анткени, биякта баткендиксиңби, нарындыксыңбы, жалпы бир округ боюнча добуш берүү болуп атпайбы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG