Президент болууну каалаган талапкерлерди тил комиссиясы дээрлик сынап бүттү. 4-июнда өткөн отурумунда дагы төрт талапкерди сынап, “кыргыз тилин билет” деген баа койду. Мындай баага жалпысынан 12 талапкер татыктуу болду. Комиссиянын сыноосунан өтпөй калгандар болгон жок.
Жогорку сот толук курамында кызматтан кетсин деп талап кылгандар нааразылык чараларын эки күндөн бери имараттын сыртында улантып жатышат. Ал эми март окуясында жапа чеккен ишкерлер өкмөткө нааразылык билдирип, өкмөт үйүнүн жанында турушат.
22-апрелден бери парламенттик шайлоого нааразы шайлоочулар тобу ээлеп турган Жогорку соттун имараты 1-июнда бошотулду. Бул окуяга өздөрүн элдин өкүлдөрүбүз деп атаган жоон топ адамдардын имаратка келиши негиз болду. Окуя тараптардын кагылышуулары менен аяктады. Учурда имаратты Улуттук гвардиянын аскерлери жана Бишкек ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кайтарууга алып турушат.
31-майда Бишкекте Интерньюс жана “Кыргызстан-Сорос» фондунун колдоосу астында медиа форум өттү. Кыргызстандагы маалымат каражаттарын реформалоо форум талкуулаган башкы маселе болду.
Укук коргоо комитетинин мурдагы кызматкери Александр Елисеев башкы прокуратураны сотко бергени жатат. Мындай демилгенин чыгышына анын акыркы кайрылуусуна Башкы прокуратура берген жооп себеп болду. Бул Елисеев менен укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин ортосундагы соттук териштирүүлөргө байланышкан маселенин кайрадан көтөрүлүшүн шарттоодо.
Орусиялык адвокат Кыргызстандын вице-премьер-министрин сотко бермей болду. Бул тууралуу экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович жума күнү “АКИ-пресс” агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Адвокат ошондой эле экс-президенттин укугу Кыргызстан соттору сыяктуу эле Орусия аймагындагы соттор аркылуу да корголорун жана Акаевдин жеке буюмдарын өткөрүп алуу боюнча азыркы бийлик менен макулдашуу болгонун жарыялады.
Кыргызстанда март окуясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде аялдар жаңы өкмөттүн көңүл сыртында калууда. Ал эми саясий күчтөр аялдарды пикет-митингдерде саясий ресурс катары пайдаланышууда. Ушул өңдүү маселелер президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин аялдардын эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен өкмөт үйүндө өткөн жолугушуусунда талкууланды.
Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин нотасы учурда тиешелүү мекемелер тарабынан иликтенип жатат. Ушундай маалымат берген Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү кыргыз-өзбек чегарасындагы жагдайды сүйлөшүү аркылуу гана чечүү керек деп эсептешүүдө.
Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматын укту. Бирок парламент комиссия сунуштаган чараларга канагаттанган жок. Ошондуктан, маселени кароону 27-майга калтырды. Ага чейин документти тиешелүү комитеттер комиссия менен бирге ийине жеткире иштеп чыкмай болду.
Аскар Акаев өзүнүн ар намысын, беделин коргоо максатында адвокат жалдады. Учурда Москвада жашап жаткан экс президент бул ишти «Кыргызстан элинин ар намысын, беделин коргоо» комитетине ишенип тапшырды. Макулдашуу Акаевдин Кыргызстандагы тарапкерлеринин ортомчулугу аркылуу ишке ашып, анын кепили катары Москва нотариусунун мөөрү басылган ишеним кат комитет төрагасы Акин Токталиевге берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаева депутаттык укуктан ажыратылды. Мындай чечим ал шайланган №1-Университет шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүүнү шарттады. Мыйзам боюнча бул округда шайлоо күнүн БШК бир ай аралыгында дайындашы керек.
Ишемби күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы тил комиссиясы президенттикке талапкер болуу үчүн арыз бергендердин алгачкы үчөөнө сынак уюштурду. Алардын ичинен Жыпар Жекшеев менен Акпараалы Айтикеевге кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет деген бүтүм чыкты. Ал эми Жеңишбек Назаралиев келерки аптада кайра сыналмай болду. Мындай чечимге добуштардын тең чыгып калышы себеп болду.
Март окуясынан кийин Кыргызстандан кетүүнү каалаган орус тилдүү калктын өкүлдөрүнүн саны өстү. Мындай жагдайды кетүүнү каалаган жарандар өздөрү өлкөдө стабилдүүлүктүн жоктугу менен негиздеп жатышат. Ал эми расмий тарап Кыргызстанда орус тилдүү калктын укуктары корголгонун белгилешип, орус тилдүү калктын агымын убактылуу көрүнүш катары баалоодо.
Жогорку сотко байланышкан жагдай кандай нукка түшөөрү аныктала элек. Айрыкча, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү тууралуу мурда берген арызын кайра кайтарып алышы жагдайды ого бетер бүдөмүктөтүп койду. Мындай көз караштарды айрым байкоочулар Жогорку сот имаратынын 20 күндөн бери нааразы шайлоочулардын колунда экендиги, Соттордун курултайынын өтпөй калгандыгы менен да байланыштырып жатышат.
Кыргызстандын аймагында жаратылыш кырсыктарына байланышкан жагдай курч бойдон кала берүүдө. Бирок аны турукташырууга каражат жетпей жатат. Ишемби күнү биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов жетектеген жумушчу жыйын абалга ушундай баа берди.
Март окуясы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мамилеге залалын тийгизе албайт. Мындай пикирин жума күнү Бишкекте расмий жолугушууларга катышкан вице-премьер министр, тышкы иштер министри Абдуллах Гүл тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын жетегиндеги Түркиялык делегация 5-6-майда Кыргызстанда иш сапары менен болду.
5-май Эгемен Кыргызстанда Конституцияны кабыл алган күн катары саналат. Бирок бул күнгө коомчулук да, расмий бийлик да өзгөчө маани берген жок. Муну байкоочулар март ыңкылабынан кийин көтөрүлгөн конституциялык реформа менен байланыштырышууда. Күтүлүп жаткан кезектеги конституциялык реформа коомчулуктун үмүтүн актай алабы?
Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу 3-майда ишин Кыргызстан башкаруунун кайсы тартибин тандап алышы керек деген маселеден баштады. Жыйын аталган маселе боюнча жалпы жагдайды аныктап алуу максатын көздөп, эркин талкуу уюштурду. Талкуу Конституциялык кеңешменин төрагасы, Парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен башталды.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиевдин пикиринде акыркы мезгилде өлкөдө тартипсиздикти белдүү саясатчылар, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары уюштуруп жатышат. Мындай көз карашын өкмөт башчы саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Мунун чындыгы канчалык?
30-апрелде Жогорку соттун толук курамында кызматтан кетишин талап кылган нааразылык чаралары улантылды. Нааразы тарап парламент жана өкмөт алардын талаптарын аткармайынча бул жерде тура бере турушкандыктарын билдиришти. Парламенттик шайлоонун чечимдери бурмаланды деп эсептеген тараптар эки жумадан бери Жогорку сот имаратынан кетпей турушат.
Дагы жүктөңүз