Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

ЖАҢЫ ӨКМӨТ ЫҢКЫЛАПЧЫЛАРДАН КУРАЛАБЫ?


Жаңы шайланган президент шайлоодон кийинки алгачкы маалымат жыйынында жаңы өкмөт түзүү чукул чече турган башкы маселе деп билдирди. Курманбек Бакиев ушул максатта парламентке убактылуу өкмөттүн азыркы курамын дээрлик толугу менен сунуштаганы жатат. Саясий чөйрөдө өкмөт курамын түзүүгө байланышкан маселе башкача өңүттө талкууланууда.

Жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев алгачкы жардыгы менен Феликс Куловду биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Президенттик милдетине киришкенден кийин Бакиев Куловду өкмөт башчылыкка көрсөтөт:

- Мен мурда убада кылгандай, мен парламентке Феликс Шаршенбаевич Куловдун талапкердигин бекитип берүүнү сурап кайрылам.

Бирок айрым талдоочулар бул эки лидердин тил табышуусу кыйын болот деп болжошууда. Бул Феликс Куловдун өкмөт курамын конкурстук жол менен тандап алуу ниети менен байланыштырылууда. Ал эми Курманбек Бакиев маалымат жыйынында билдиргенине караганда, өкмөттүн азыркы иштеп жаткан курамында олуттуу өзгөрүү болбойт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун оюнда, кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөрдү күтүштүн деле кажети жок, анткени, эл, башкаруучу чөйрө мурдагы эле калыбында калды. Экинчи жагынан жаңы президент март ыңкылабына катышкандардын эмгегин, талаптарын жокко чыгара албайт:

- Бирок революциялык кырдаал, революцияга катышкандардын үлүшү, алардын талабы,талабын жокко чыгарып кетишке президенттин кудурети жете албайт го сыягы.

Байболовдун пикиринде, жаңы өкмөт башчы деле ошондой шарт-жагдайды эсепке алууга аргасыз. Дээринде, ыңкылаптын аркасы менен куралган убактылуу өкмөт мурдагыдан дурус, бирок муну ойдогудай деп айтууга болбойт. Мындай жагдай парламентте кызуу талашты жаратышы ыктымал:

- Негизинен колдоо табат го деп ойлойм. Ошентсе дагы, парламент өзүн-өзү сактоо рефлексинин негизинде гана колдошу мүмкүн. Ал эми бир нече талапкердин айланасында карама-каршылык болот.

Депутат Мелис Эшимкановду азыркы өкмөттүн 70 пайызы канаааттандырбайт:

- Мен дээрлик 70 пайызын мажирөө, жарабайт, көптөрү популист деп эсептейм. Отурган орундарында моралдык жактан да, кесипкөйлүк жактан да өзүн актабайт.

Мелис Эшимкановдун оюнда, өлкөнүн экономикалык деңгээлин көтөрүү үчүн чыныгы кесипкөйлөрдү тандоо зарыл. Бул жагынан ал өкмөт курамын конкурстук негизде тандоо тууралуу Феликс Куловдун демилгесин колдойт. Анын айтымында, жаңы президент кадр саясатында чечкиндүү кадамдарды жасабаса, ыңкылаптын айланасындагы саясий оюндардын капканына өзү түшүп калышы ыктымал. Ошондуктан, саясий партиялардан, жарандык коомдордон кошулган коалициялык өкмөт түзүү жөндүу дейт.

Жаңы президент өкмөт курамын экономиканы алдыга сүрөөгө жөндөмдүү кесипкөй адамдардан түзүшү керек деген оюн «Азат» корпорациясынын төрагасы Өмүрбек Абдыракманов билдирди. Бирок ишкер ыңкылап аркылуу бийликке келүүнү каалагандар арасында чыгаандар бар экенине ишенбейт:

- Бирок ушуга чейин ошол кишилердин ичинен жарытылуу бир экономикалык пландарын айтып, экономикалык өзгөрүүлөр үчүн күрөшүп келген адамдарды көп анча деле көрө алган жокмун.

«Сын айтуу баарынан оңой» деди, президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча уюштурган маалымат жыйынында тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева. Ал өкмөттүн курамында ишин улантууга даяр экендигин жарыялаган алгачкы министрлердин бири болду:

- Бизден азыр реалдуу, көзгө көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Муну жасаш кыйын, сындаш оңоюраак. Мына эми биз чыныгы сынакка катышабыз.

Жаңы шайланган президент өкмөт курамын бекитүүнү сурап парламентке август айынын башында кайрылаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG