Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо 12-декабрда 84 жашка чыкмак. Залкар жазуучунун мурастары кандай абалда?
Кыргызстанда аялдарга шайлануу квотасы берилгенине беш жыл болду. Аялдардын азыркы саясаттагы салмагы арттыбы?
Аялды басмырлоону кантип токтотууга болот? Бул маселе зомбулукка бөгөт коюу боюнча 16 күндүк акциянын алкагында “Азаттыкта” талкууланды.
Бишкекте бүгүн Кытай өкмөт башчысы менен Кыргызстандын жетекчилиги кызматташтыктын келечегин талкуулашат.
Шайлоо жыйынтыкталаар алдында вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев “Азаттыкка” маек курду.
Камактан бошотулган экс-министр Равшан Сабиров кызматын кайтарып алууга мыйзам жол берет.
Өкмөт Кыргызстандагы экинчи кирешелүү алтын кени саналган Жерүйдү ишке киргизүүнү көздөөдө.
Жогорку Кеңештин ишмердиги жана аброю бүгүн депутаттар арасында жана коомчулукта кызуу талкууга түшүүдө.
2011-жылы эмгек мигранттары жиберген акча Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 29 пайызын түздү.
Кыргызстандагы оппозициянын бүгүнкү абалы жана келечеги “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды.
Дарыгерлер Орусияда эмгек мигранттарынын саны өскөн сайын оору-сыркоолордун да түрү көбөйүп жатат деп коңгуроо кагышууда.
Өтүп бараткан аптада кыргыз-орус мамилелеринин бекемделип жаткандыгын далилдеген окуялар басымдуулук кылды.
Жогорку Кеңеште тышкы карыздарды чектөө демилгеси көтөрүлүп, бирок өкмөттөн, айрым депутаттардан колдоо таба албай жатат.
Карылардын коомдогу барк-баасы, салмагы жана жоопкерчилиги "Азаттыкта" талкууланды.
12-ноябрда Ак үй алдында камактагы саясатчыларды бошотуу талабы менен дагы бир митинг өттү.
Москва-Оренбург-Бишкек темир жолу аркылуу каттаган кыргыз мигранттары арасынан Илецк өтмөгүндө мыйзам бузду деп кармалгандар көп болууда.
Массалык спорттун өнүкпөй жатышы улуттун саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизүүдө.
Кыргызстандагы дааратканалардын коопсуздугу жана санитардык абалы “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды.
Кыргызстан - Улуу Октябрь социалисттик революциясын майрамдаган постсоветтик бирден бир өлкө.
Юстиция жана Ички иштер министрликтери жолду тоскон жарандарга жазаны катаалдаштыруу демилгесин көтөрүүдө. Бул эркиндик укугуна каршы келтирбейби?
Дагы жүктөңүз