Дарыгерлер Орусияда эмгек мигранттарынын саны өскөн сайын оору-сыркоолордун да түрү көбөйүп жатат деп коңгуроо кагышууда.
Өтүп бараткан аптада кыргыз-орус мамилелеринин бекемделип жаткандыгын далилдеген окуялар басымдуулук кылды.
Жогорку Кеңеште тышкы карыздарды чектөө демилгеси көтөрүлүп, бирок өкмөттөн, айрым депутаттардан колдоо таба албай жатат.
Карылардын коомдогу барк-баасы, салмагы жана жоопкерчилиги "Азаттыкта" талкууланды.
12-ноябрда Ак үй алдында камактагы саясатчыларды бошотуу талабы менен дагы бир митинг өттү.
Москва-Оренбург-Бишкек темир жолу аркылуу каттаган кыргыз мигранттары арасынан Илецк өтмөгүндө мыйзам бузду деп кармалгандар көп болууда.
Массалык спорттун өнүкпөй жатышы улуттун саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизүүдө.
Кыргызстандагы дааратканалардын коопсуздугу жана санитардык абалы “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды.
Кыргызстан - Улуу Октябрь социалисттик революциясын майрамдаган постсоветтик бирден бир өлкө.
Юстиция жана Ички иштер министрликтери жолду тоскон жарандарга жазаны катаалдаштыруу демилгесин көтөрүүдө. Бул эркиндик укугуна каршы келтирбейби?
Орусияда жарык көргөн иллюстрациялуу китепче чын эле эмгек мигранттарынын беделине шек келтирип жатабы?
Кыргызстандагы уу зат калдыктарын зыянсыздандыруунун оош-кыйыштары коомчулуктун көңүл назарында турат.
“Кумтөрдүн” экологияга тийгизген зыянын аныктоо үчүн чет элдик экологдор кендеги он чакты шектүү жайдан лабораториялык анализ алып кетти.
Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 85 жашка чыкты. Ал ушу бүгүн күн сайын бештен операция жасап, көргөн-билгенди таң калтырып келатат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов эки өлкө кызматташтыгы, кыргыз мигранттарынын абалы тууралуу кеп салды.
Кыргызстандын коопсуздугу менен эгемендигин коргоого Орусиянын Канттагы бириккен аскер күчтөрү жардам берет.
Кыргыз өкмөтү калктын инвесторлорго каршы маанайы тоо-кен тармагына эле эмес, экономикага коркунуч келтирип жатат деп тынчсызданууда.
"Азаттык" бул ирет талкууга “Саясатчылардын бири-бирине ок кезеп, эрөөлгө чакырып жатышы канчалык адепке сыят?” деген суроону койду.
Улан-Баторго бараткан жолдогу чаң, жол боюндагы жалпак үйлөр, жыгач кашаалар менен тосулган жалпак боз үйлөр анчалык деле көңүлдү жубатпайт.
Парламенттеги оппозициялык жаңы коалиция өзүнүн иш багыттары боюнча жобону келерки аптада талкуулап, кабыл алууну болжоодо.
Дагы жүктөңүз