Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Сарпашев: Шайлоого киришкен акимдер кызматтан алынат


Шайлоо жыйынтыкталаар алдында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүнү уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев “Азаттыкка” маек курду.

- Шайлоону уюштуруу ойдогудай болду деп айтканга негиз барбы?

- Негиз бар. Бүгүн 2028 участокто шайлоо болуп атат. Бирөөндө да шайлоону токтотуу, үзгүлтүккө учуратуу болгон жок. Айтылып аткан фактылар он беш чактынын айланасында болушу мүмкүн. Ар бир фактыны ИИМ, укук коргоо органдары аркылуу текшерип атабыз, БШК иликтеп атат. Бирок, алар 0,1 пайызга да жетпейт. Негизинен бардык жерлерде шайлоо тынч өтүп атат.

- Ошол эле мезгилде бир топ мүнөздүү мыйзам бузуулардын катарында административдик ресурстар колдонулду деген пикирлер көбүрөөк айтылып жатат. Карусель ыкмасы аркылуу бюллетендерди ташуу сыяктуулар. Ушул өңдүүлөр боюнча сиздерге түшкөн далилдүү маалыматтар барбы? “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялардын коюп жаткан дооматтары жөн жеринен чыкпаса керек.

- Негизи “Республика” партиясынын дооматтарына байланыштуу бизде айта турган бир жагдай бар да. Анткени административдик ресурс деп айта турган болсок, бүгүн республикадагы жети облустун экөөнү “Республика” партиясынан губернаторлор башкарып жатышат. 44 райондун 23 районундагы акимдер - “Республика” партиясынан.

Өкмөт мүчөлөрүндө да “Республика” партиясынан өкүлдөр бар. Ошондуктан, бул айткан дооматтардын бардыгы суу кечпейт. Биз фактылар боюнча текшерип да чыктык. Менин байкашыма караганда муну жөн гана шайлоо күнүндөгү пиар-компания катары кабыл алсак болот.

Анткени административдик ресурсту колдонгудай бүгүн шарт деле жок. Бүгүн бир да партия монополдук эмес. Бүгүн беш партия парламентте, бийликте отурушат. Ошол шайлоо өтүп жаткан жерлерде деле көпчүлүк акимдер ошол доомат коюп аткан “Республика” партиясынан болгондуктан, буларды да байкап көрдүк. Анан эртеден бери беш-алты участокто ушундай шайлоолор боюнча мэрия иштеп атат деп, фамилиялары менен көрсөтүлгөн дооматтарды текшерсек, дегеле андай кызматкерлер жок экен. Ушундан улам ойлоп атабыз: эртең же бүрсүгүнкү кандайдыр бир саясий жүрүштөргө элди идеологиялык жактан даярдоого аракет кылган гана кадам катары бааласа болот.

- Сиз эртең-бүрсүгүнкүнү кеп кылып калдыңыз. Адатта, тажрыйба көрсөткөндөй, добуш берүү аяктап, жыйынтыктар чыга баштаган кезде нааразылыктар көбөйө баштайт. Коомдук тартипти, коопсуздукту сактоонун кандай чаралары көрүлүп жатат?

- Негизи шайлоо бүткөндөн кийин дагы, расмий жыйынтыгы чыгарылганга чейин Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул боюнча бардык чаралар көрүлгөн. Экинчиден, кандайдыр бир күчтөрдүн чоң нааразычылыгына алып келет деген ойдон алыспыз. Анткени бул шайлоодо болуп көрбөгөндөй аракеттерди жасадык. Административдик ресуртарды колдонгонго тыюу салдык.

Жоопкерчилигин эскерттик. Мен республиканын бардык облустарын кыдырып чыктым. Жетекчилерге, кызматкерлерге эскерттим. Анан жанагы карусель деген жок экендигин, бул ушак-айыңдын деңгээлиндеги эле сөз экендиги да далилденип атат.

- Сиз административдик ресурстарды пайдаланууга тыюу салдык дедиңиз. Ошол эле кезде бийликте эмес “Республика” партиясынан да акимдер бар дедиңиз. Алардын таасири бар экендигин далилдөөчү фактылар барбы сиздерде?

- Жок. Негизи менин айтайын деген оюм башкада. Алар өздөрү да бийликте отурат деп айткым келет. Бирок эртеңки күндө ушу бүгүн өтүп жаткан шайлоого “Республика” партиясынын акимиби, КСДПнын акимиби, кайсы партиянын акими болбосун, административдик ресурсту колдонгону байкалса, биз аны кызматтан четтеткенге даярбыз. Мен муну шайлоого бир ай калганда, он беш күн калганда байма-бай эскертип аттым.

- Сиз жаңы конуштарда өксүктөр бар экен деп өткөндө бир айттыңыз эле. Жаңы конуштардагы шайлоочулардын укуктары корголдубу? Алар добуш берүүгө жетише алыштыбы?

- Негизи паспортко арыз бергендердин бардыгын паспорт кызматы тарабынан күнү-түнү тез иштөө жолу менен толук камсыз кылганга аракет кылдык. Акыркы он миң паспортту жума күнү түштүк аймакка жөнөттүк. Бул жагынан жакшы аракеттер болду. Бирок, жаңы конуштардагы көп адамдардын каттоосу айыл жерлеринде кала берген, мисалы, Алайдан, Аксыдан, Ат-Башыдан, алардын укуктарын биз чектеген жокпуз. Айылдарынан добуш берсе болот. Шайлоо жергиликтүү кеңештерге болгондуктан, ал жергиликтүү каттоо боюнча гана шайлоого катыша алат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG