Нооман Каримов окурман журтуна котормочу, кара сөзчү катары белгилүү.
Мелис Абакировдун “Таш коргон, ак байбиче, кара кемпир” аңгемесинде адеп-ыймандык маселе козголгон.
Кадыркул Өмүркулов окурман журтуна кара сөз чебери катары таанымал. Ал элет турмушун, бийик тоо арасындагы айылдыктардын бир калыптагы жашоо-тиричилигин, жайлоо идиллиясын даңазалаганды жакшы көрчү.
Кыргызстанда канча адам репрессияга кабылганы ушу кезге чейин так эмес. Бул пикир Бишкекте өткөн “Тарыхый эстутум: саясий репрессиялар жана алардын капшабы” деген эл аралык илимий конференцияда да айтылды.
Совет бийлигинин кандуу жылдарында катаал жазага миллиондор туш келген.
Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Т.Айтматовдун кенжеси, профессор Роза Айтматова менен маек.
Эржигит Сыдык уулу репрессия күчөп турган кезде камакка алынып, Сибирге айдалып, андан кайтпай калган. Айыбы - билимдүү болгону, жаңы бийликтеги сабатсыздарды ачык сындап койгондугу.
Молдали Койсон уулунун тагдыр жолу бир чети кызык, экинчи жагынан татаал болгон. Кызыгы - ал өз учурундагы залкарлар менен үзөңгүлөш, жакын дос-курбу катары жүрсө, татаалдыгы - совет бийлиги кезинде жашырын жүрүүгө мажбур болушунда.
Эркин Борбиевдин “Жылаажын” аңгемеси шаар менен элеттин, цивилизация менен көчмөн турмуш ортосундагы айырманы, алардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтүүгө арналган.
Керим Кенебаев 1938-жылы 31 жашында сталиндик репрессиянын тушунда атылып кеткен. “Ата-Бейитте” анын фамилиясы "Кененбаев" деп туура эмес жазылып калган. Жалгыз кызы менен артында калган жары көргөн азап-тозокторду айтса өзүнчө узун сөз.
Профессор Гүлзура Жумакунова чейрек кылымдан бери Түркиянын Анкара университетинде иштеп, “Манас”, Токтогул, Чыңгыз Айтматов, кыргыз адабияты менен тили тууралуу көптөгөн эмгектерин жарыялаган.
Бейшебай Усубалиев - психологиялык прозанын чебери, адам сезиминин тээ тереңде катылган сырларын көркөм иликтөөгө кызыккан жазуучу. Анын бул багытта ийгиликтүү чыккан бир топ чыгармалары бар.
Садык Чоңбашев Аксуу районунун Маман айылында төрөлгөн. Эртелеп билим алып калгандыктан совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы саясий иштерге жигердүү катышкан.
Комсомолдук, партиялык ишмер Курман Камбаровдун сөөгү “Ата-Бейиттеги” 138 кайрандардын катарында 1991-жылы 30-августта кайрадан коюлган. Сталиндик кандуу жазалоо күчөп турган чакта 29 жаштагы азамат жалган айыптар менен 1938-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган.
Султан Раевдин “Пусу” аңгемесинде курч социалдык проблема көркөм иликтөөгө алынган. Чыгарманын сюжеттик курулушу шаардагы кызын көргөнү барган айылдык атанын көргөн-билгендери айтып түгөткүс узун жомокко айланышына негизделген.
Сатар Кулматов 1904-жылы Кемин районундагы Атаке кыштагында төрөлгөн. Ата-энеси колунда бар, орто чарба адамдардан болушкан.
“Касым балбан” Жакып Медетовдун чыгармачылык өзгөчөлүгүн ачык көрсөткөн, сүрөткер катары чеберчилигин айгинелеген аңгемеси.
Сталиндик репрессия азабын тартып, 13 жылдан кийин айылына кайтып келген Шертай Субанов аксакал 102 жашка чыгып мындан эки жыл илгери каза болгон. Касым Тыныстановдун китебин окуткандыгы үчүн түрмөгө түшүп, эчен азап-тозокторду башынан кечирген карапайым мугалимдин биралдын оор, экинчи жагынан кайгылуу баяны китеп болуп чыккан.
Беганас Сартов көп кырдуу талант болгон. Анын каламынан ыр, аңгеме, повесть, атүгүл драмалык чыгармалар жаралган. Ушуга улай таржымачылык өнөрү тууралуу деле кенен-кесир кеп кылса болор эле.
30-жылдардагы репрессиядан жабыркагандарды актоо, аша чабууларды айыптап, адилеттикти калыбына келтирүү аракети социализм заманында эле башталган. Бул иш Никита Хрущевдун советтик коммунисттердин ХХ курултайындагы айтылуу баяндамасынан кийин кыйла жанданып, жүз миңдеген адамдар акталган.
Дагы жүктөңүз