Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Керим Кенебаевдин өкүттүү тагдыры


Керим Кенебаев.
Керим Кенебаев.

Керим Кенебаев 1938-жылы 31 жашында сталиндик репрессиянын тушунда атылып кеткен. “Ата-Бейитте” анын фамилиясы "Кененбаев" деп туура эмес жазылып калган. Жалгыз кызы менен артында калган жары көргөн азап-тозокторду айтса өзүнчө узун сөз.

Алматыда жалданып иштеген

Керим Кенебаевдин кыска өмүрү ушунчалык оор, татаал болгон. 1916-жылкы Үркүндүн алдында жакындарынан ажырап, каргадай кезинде катаал турмушка кабылган.

Кабыргасы ката электе кара жумуш жасап, бирөөлөргө жалданып иштегенге мажбур болгон. Жетим жүрүп жетилип, билим алып, жаш кезинен советтик партиялык кызматка тартылган.

Шашылгандай кызмат орундары да тез-тез алмашып, жооптуу жетекчи болуп жарым жыл иштеп-иштей электе камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.

Кыргыздын дагы бир азаматы 31 жашында жайран болуп, арадан 19 жыл өткөндө акталган.

Белгилүү партиялык, мамлекеттик ишмер Керим Кенебаев Көлдүн күңгөйүндөгү Бостери айылында 1907-жылы төрөлгөн.

Совет бийлиги тушунда билим алып, жаңы түзүлүштү жан дили менен жактырып, ага аянбай кызмат кылган.

Бостери айылынан чыккан айтылуу кара сөз чебери Казат Акматовдун учкул сөзгө айланып кеткен туюнтмасын колдонуп айтсак, “эки сап өмүрдө” Керим Кенебаев көп иштерди жасоого үлгүргөн.

Аны Көл кылаасынын өткөн кылымдагы тарыхын иликтеп келаткан Бейшемби Ибраевден уксак.

- Булардын улуусу Керим Кенебаев, 1907-жылы төрөлгөн. Үркүндүн алдында атасы өлүп жетим калат да эл үрккөндө Акмат деген агасы экөө Алматыга барып Коркочор деген байга жалданып иштеп, Үркүндөн кийин Бостериге келишет. Туулган жеринде Ефим Баженов деген оруска жалданып иштейт. Жан багыш үчүн иштешкен да. 1921-жылы Караколдогу балдар үйүнө кабыл алынган. 1923-жылга чейин ал жерде окуп, Алматыдагы Казак-кыргыз педагогикалык техникумга окууга жиберилип, 1923 – 25-жылдары ошол жерде билим алган.

1925-жылдан 1930-жылга чейин Бишкектеги педагогикалык техникумга кирип, аны толук бүтүрүп чыккан. Аны аяктагандан кийин Фрунзе шаарынын партиялык үгүт бөлүмүн башкарат. Андан шааркомдун уюштуруу бөлүмүнө өткөн. 1932-жылы Фрунзе шааркомунун массалык үгүт бөлүмүн жетектеген. Анан 1932 – 33-жылдары Алай-Гүлчө райкомунун 1-катчысы болот. Кийинки жылы Кызыл-Жар райкомунун 1-катчысы болуп иштейт.

Кенебаевге партиянын Кыргыз обкомунун 1-катчысы М. Белоцкий мындай мүнөздөмө берген экен. “Кызыл-Жар райкомунун 1-катчысы жолдош Керим Кенебаев 1928-жылдан бери партия мүчөсү, 1934-жылы партиянын башкаруу органына жетекчи катары жиберилген. Райондун чарбалык абалы кыйын акыбалда, партиялык уюмдар чачкын, чарбалык пландар ишке ашырылбай турган чакта Кенебаевдин активдүү аракети менен райондун абалы оңолду. Партиянын ишине берилген талыкпас, иштемчил жигит. Жолдош Кенебаев кыргыз партиялык уюмунун жаңы муундагы мыкты өкүлү" деп баа берген экен.

Ошол партиялык иштерден көтөрүлүп отуруп бул киши Кыргызстан компартиясын төрт айдан ашуун башкарган биринчи кыргыз болгон. Кызыл-Жардан келгенден кийин 1937-жылдын башында Каганович райкомунун 1-катчысы болот. Ушул эле жылдын 1-октябрына чейин Фрунзе шаардык партиялык комитеттин 1-катчысынын орунбасары, андан кийин 1-катчысы болуп эмгектенет.

1937-жылдын 21-октябрында Кыргызстан компартиясынын БКнын 2-катчысы болот. Ошол жылы 7-ноябрда парад болуп атканда Максим Аммосов “Жашасын коммунизм!” дебей “Жашасын фашизм!” деп айтып алган дешет. Ал кандай айтылганы деле белгисиз. Кээ бирөөлөр атайлап жасалган дешет.

Аммосовду жумуштан алышканда анын ордуна Кенебаев катчылык милдетти да аткарып калат. Бул кызматты ал 1938-жылдын 20-февралына чейин аткарган. Андан кийин март айында катчылыктан алынып, Кыргызстандын Дыйканчылык эл чарба комиссарлыгынын Жылкы чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштейт. 7-апрелде “эл душманы” деп камакка алынып, партиядан чыгарылат.

1938-жылдын 5-ноябрында Керим Кенебаев “СССРге каршы уюмдун мүчөсү болгон” деп айыпталып соттолуп, атууга кеткен. Кийин Чоң-Ташты ачканда анын сөөгү ошол жерден табылды. Документтери бар экен. Ал эми үй-бүлөсү боюнча, аялы Идаят Раимбаева деген өзбек кызы болгон. Балалуу болушпаптыр, Нургүл аттуу бир кыз багып алган экен. Уул баласы болгон эмес. Айылда агасы бар эле анын кыздары бар.

“Нараак басчы!”

Адам чыдагыс азап-тозокторго чыдабай тергөөчүлөр ойлоп таап алган айыптардын баарын мойнуна алып, атылып кетерине ынангандан кийин деле “Улуу Сталин жашасын” деп акыркы деми калганча коммунисттик идеалды туу туткандардын артында калган жакындары ачык-тымызын кодулоолорго туш келишкен.

Айрымдарынын алган жары абакка салынып, балдары азаптуу турмушка туш келишкен. Керим Кенебаевдин жалгыз чүрпөсүн бооруна кысып отуруп калган жары күйөөсү акталгыча толгон азаптарды башынан кечирген.

1957-жылы Керим Кенебаев акталгандан кийин анын үй-бүлөсүнөн тартылып алынган үйүнүн ордуна эки бөлмө квартира берилген. Эң негизгиси, жок жеринен атылып кеткен кайрандардын жакындарына баш калаада жашоого уруксат кылынган.

Керим Кенебаевдин жубайы Идаят Раимбаеванын эки бөлмө квартирасында белгилүү акын Үрүниса Маматова чогуу жашап, бул үй-бүлөнүн кайгылуу тарыхын ал студент кезинде угуп калган.

- Керим Кенебаевдин аркасы менен алынган үй экен, эки бөлмөлүү квартира болчу. Бирге жашап, курдаш болуп, эне-баладай болуп жакшы билип калдым. Идаят эне көп сүйлөбөгөн киши эле. Анда-санда чечилип бирдеме айтчу. Басса-турса ойлонуп ошол өткөн турмушунда калып калган киши эле. Тиричиликтин майда-чүйдөсүнө, шаан-шөкөткө аралашпаган, унчукпай эле өзүнчө жүрө берген киши болчу. Сүйлөсө өткөн турмушунан, Кенебаевден аз-аз айтып берчү.

Кантип алып кеткенин, 31 жашында атылганын, канча жылдар дайынсыз болуп эч нерсе билбей жүргөнүн айтчу. Ошол кармалып кеткен кишилердин жакындары, үй-бүлөсү менен башка кишилер жолобой, ал тургай “нараак басчы” дегендер болгон экен. Ошолорду айтып берчү. Анан Чоң-Таш ачылганда, 137 кишинин сөөгү бир чуңкурдан табылбадыбы, ошого барган. “Фамилиясы Кененбаев болуп калыптыр, Кенебаев болчу” деп аябай кейиген. Идаят эне 85 жашка барып көз жумду.

Керим Кенебаевден туяк да калган эмес. Бир Клара деген кыздуу болушкан экен. Ошол кызынын табытынын жанында турган сүрөттөрүн да көргөм. Кийин бир кыз багып алган экен. Аны акын Мариям Буларкиева таап бериптир. Анан анысы эки бөлмө квартираны барымтага коюп банктан карыз акча алып, алдырып ийиптир. Кызынын кайда калганын эч ким билбейт. Сүрөттөрү бар эле. Ал сүрөттөр кайда калганын да эч ким билбейт. Ушундай тагдыр.

Идаят эне күлгүндөй кезинде жесир калып, бирок кийин турмушка чыкпай өмүрү өткөнчө элине аянбай эмгек кылган жарынын арбагын сыйлап, коломтосун өчүрбөй, 85 жашында каза болгон. Ал кишини капа кылган жагдай “Ата-Бейитте” сөөгү коюлган кайрандардын катарындагы Керим Кенебаевдин фамилиясынын өзгөртүлүп Кененбаев болуп калганы экен.

Биртоп жылдар “эл душманынын” аялы, ачык-тымызын басым-кысымдан жедеп жүрөкзаада болуп келген, анын үстүнө кем сөз кемпир буту жеткен, сөзүн уга турган биртоп жерлерге көзү тирүүсүндө кайрылыптыр.

Бу жалгандан өтүп кетсем унутушпасын деп жакындарына керез кылып да айтыптыр. Анын көкүрөгүндө бир гана адамдын элеси - иш, кызмат деп убакты-саатын карабай эмгектенип келген жарынын кыйын заманда “эл душманы”, “совет мамлекетинин душманы”, “социал-туранчы” деп камакка алынып, апыл-тапыл атылып кеткенден кийинки азасы айыкпас жара катары айыккыс жара болуп калган.

Анан ошо бейкүнөө атылып кеткен кыргыздын аттын кашкасындай таанымал кайрандарынын катарында Керим Кенебаевдин сөөгүнүн табылып калышы тирүүлүктүн жоготуу деген азабына кайдыгер карап калган жарын толкунданткан болушу керек. Баарынан да ошончодон анын аты-жөнү эстелик тактада ката жазылып калганын айтпайсызбы. Ансыз да азапты аянбай тарткан байбичени мына ушул жөнөкөй маселе катуу капага салган.

Үрүниса Маматованын айтуусунда, Бишкектин чок ортосундагы эки бөлмө батиринде киши урмат кылган дагы бирөөнүн - Сталиндин сүрөтүн аспиеттеп илип алган экен. Күйөөсүн жок кылгандардын анабашында турган коммунист өкүмдар анын жарын атып салууга буйрук бербегенин, кандуу ишти бул жердеги душмандары жасаганын тажабай айтып берчү эле дейт Үрүниса Маматова.

- Идаят эненин үйүндө Сталиндин сүрөтү илинип турчу. Портрети. Саймаланган ак кездеме менен жаап койгон. Анан мен сурагам да: “Күйөөңүздү аттырган Сталиндин сүрөтүн эмне кастарлап илип алгансыз?” десем, “Менин күйөөмдү Сталин билчү эмес. Менин күйөөмдү Сталин атыптырбы? Аны биздикилер, өзүбүздүкүлөр аткан. “Мындай Кенебаев деген бар. Атыш керек ушуну” деп аны өзүбүздүн кыргыздар аттырган” дебедиби.

Совет бийлиги кыргыз жерине кенен жайылып, бекем орун-очок алып калган кезинде жергиликтүү кадрлардын кызматтан-кызматка которулушу ушунчалык тез, географиясы аябай эле кенен экенин байкоого болот.

- Мен аны - кадрды тарбиялоо совет убагында ошондой болгонбу деп ойлойм,- дейт Бейшемби Ибраев.

- Көпкө иштетсек террордук уюмдарга биригип кетишеби деп өйдө жактын саясаты ошондой болгонбу? Союзга каршы чыгабы деген арам ойлор менен тез-тез алмаштырып турушканбы дейм.

Керим Кенебаев кыска мөөнөттүн ичинде Алай-Гүлчө районунун партиялык комитетин жетектеп, андан Кызыл-Жар, Каганович райондоруна которулуп, аз өтпөй Бишкектеги партиялык ишке дайындалган. Большевиктик төбөлдөр жергиликтүү кадрларга ишенбей, алардын баары уруучулук же жаатчылык оорусуна чалдыгып калат, ошондуктан аларды тез-тез которуштуруп туруу керек деп чечишкен.

Жергиликтүү жагдай-шартты жакшы билбеген жетекчи иштин көзүн тапкыча башка жерге которулуп, анын натыйжасы экономикалык-социалдык маселелердин убагында чечилбей калышына, 30-жылдардын башында ачарчылыкка алып келген.

Партиялык башкаруунун ушундай башаламандыгы көпчүлүк арасында нааразылыктарды туудурган. Жаңы бийликке карата андай ичимтап мамилени жактырбаган большевиктик бийлик репрессияны күчөтүү, өз алдынча ойлонууга жөндөмдүү кадрларды жок кылуу аркылуу басып, караламан калктын үшүн алган. Бул система коммунисттик заман аягына чыкканча чейин жашап келди. Анын салдарынан постсоветтик коом азыркыга чейин толук арыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG