Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

“Англис шпионун” Алматыдан таап жок кылышкан


Репрессияланган алгачкы муундагы интеллигенция өкүлдөрү. ("Ата-Бейит" мемориалындагы экспонат). Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Репрессияланган алгачкы муундагы интеллигенция өкүлдөрү. ("Ата-Бейит" мемориалындагы экспонат). Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Садык Чоңбашев Аксуу районунун Маман айылында төрөлгөн. Эртелеп билим алып калгандыктан совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы саясий иштерге жигердүү катышкан.

20-жылдардагы улут интеллигенциясынын негизги максат-мүдөөсү Кыргыз Республикасын түзүү болчу. Мына ушул улуу максатка белсенип киришкендердин дээрлик баары кийин “эл душманы” болуп атылып кетти. Садык Чоңбашев тагдырына туш келген катаал жазанын курмандыгы болгон. 1991-жылы Чоң-Таштан сөөгү табылып, кайрадан коюлган.

Башталуунун кыйындыгы

Кыргыз тарыхынын 1920-жылдары аз изилденген темалардан. Социализм заманында саясий айыпка туш келип калуудан корккон илимпоздор Компартиянын тарыхында белгиленген кыска бүтүм менен чектелип, жаңы замандын курулушу оңой-олтоң жүргөндөй, коммунизм идеясы карапайым калктын аң-сезимине эртелеп сиңип, татаал, карама-каршылыктуу процесс ийгиликтер менен коштолуп келгендей таасир калтырат.

Садык Чоңбашев (башка бир булактарда Сыдык) ошол процесстин жигердүү катышуучусу болгон. Жаңы коом куруунун кызыгына киришкен ар кыл топтор бири-бирине саясий жарлык тагып, “сыдыковчуларга”, “абдрахмановчуларга”, “кудайкуловчуларга”, “тынаевчилерге” каршы күрөшүн социализмди куруунун ийгилиги, тап күрөшүнүн айкын-ачык көрүнүшү катары эсептешкен. Жаатташкандарды артынан сүрөп, бири экинчиси жеңип чыкса далысынан таптап, аёосуз күрөштүн токтолбой болуп турушун каалаган таасирдүү күчтөр чоң кызматтарда отурушкан. 1922-жылдан тартып байма-бай козголо баштаган Тоолуу Кыргыз автоном облусун түзүү маселеси өлкөнүн келечегин аныктай турган, "Жалпы калкынын саны жарым миллиондон ашкан байыркы эл өз алдынча республика боло алабы же боло албайбы?" деген суроого такалып турган.

Садык Чоңбашев бул маселеде Абдыкерим Сыдыковдун тарабында турган. Кудайкулов менен Бабахановдун Казак республикасынын курамындагы автономдугун четке кагып, Тоолуу Кыргыз облусу Орусия федерациясынын курамында болушун жактырган. Иш жүзүндө мына ушул демилге - Орусиянын курамындагы автономдуу облус - аягында барып союздук социалисттик республикага айланды. Ал эми өз алдынча облус болуу идеясын көтөрүп чыккан Абдыкерим Сыдыковду дайыма колдоп, анын идеясын чындап жактыргандардын арасында Садык Чоңбашев да болгон. Анын саясий ишмердиги тууралуу кеп кылуудан мурда азыраак өмүр баянына токтоло кетели.

Садык Чоңбашевдин ысмы өткөн кылымдын соңку он жылдыгында, горбачевдук “кайра куруунун” заманында гана эскерилип, азыноолак кеп боло баштаган. Ал Көлдүн чыгыш тарабындагы Аксуунун Маман айылында 1897-жылы төрөлгөн. Өмүр баянында кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн чыкканын ырастаганы менен ата-энеси колунда бар манап тукумунан болгон. Ошол себептүү, анан да Караколго жакын айылдан болгондуктан эртелеп билим алып, 1917-жылкы революцияга чейин байланыш тармагында иштеп, совет бийлиги үчүн кызыл аскерлердин катарында согуштарга катышкан. Аскерге алынгандан кийин коммунисттердин катарына өтүп, уруштан келгенден кийин Каракол шаардык үйөздүк комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Ошол эле учурда Жети-Суу облревкомунун жана облаткомунун мүчөсү болуп шайланган. 1924-жылдан тартып Кара-кыргыз автономиялуу облусунун партиялык бюросунун мүчөсү, Пишпек округдук ревкомунун төрагасы, Кара-кыргыз автоном облусунун ревкомунун төрагасынын орун басары, андан соң Каракол-Нарын аткомунун төрагасы болуп дайындалат. А бирок 1924-жылдан тартып Садык Чоңбашевдин партиялык кызматтан көтөрүлүшү олуттуу тоскоолдукка кабылат. Округдук партия комитетинин ишине ичи чыкпаганын ачык билдире коём деп партиялык кызматынан алынып, соода тармагына кетет. РСФСРдин Мамсоодасынын Кыргызстан боюнча башкаруучусунун орун басары болуп, эки жылдан кийин ал кызматынан Кыргыз АССРинин Суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп которулат. Ал жерде көп иштебей Москвадагы Сталин атындагы Соода академиясында, Эл чарба экономикалык институтунда окуйт. 1930-жылы Экономикалык институтту аяктап, Кыргызстанга кайтып келип республиканын Мампландоо комитетинин төрагасынын орун басары болот. Мамлекеттик пландоо кызматынын жетекчисинин орун басары, Эл чарба борборунун комитетинин төрагасы, аз убакыт жеңил өнөр жай комиссары болуп эмгектенет.

1933-жылдын майында Кыргызстанда контрреволюциячыл улутчул уюм “Социал-Туран партиясына” каршы иштер ачылганына байланыштуу Садык Чоңбашевге шектүү кылмышкер катары артынан куугун түшкөн. Борбордогу кызматтарынан бошотулган Садык Чоңбашев 1934-1935-жылдары Сүлүктү көмүр кенинде кен башкармалыгынын башчысынын орун басары, Сүлүктү шаар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштейт. 1935-жылы "шахтанын ишин жөндөй албады, “отуздун” катына кол койгон, улутчул" деген жалаа менен партиянын катарынан чыгарылган. Алыс деген Сүлүктүдө тынч иштетпегенине нааразы болгон Садык Чоңбашев Алматыга көчүп кетип, ал жерде эт комбинатынын өндүрүм өткөрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1937-жылдын 30-майында камакка алынган. Ага "Социал-Туран партиясынын мүчөсү, Англиянын шпиону болгон" деп айып коюлуп, 1938-жылы атылган. 1957-жылы жарандык тартипте, бир жылдан кийин саясий жагынан акталган.

Садык Чоңбашевдин өмүр жолундагы эң урунттуу учур Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү иштерине түздөң-түз катышып, ошондогу саясий тиреште, кырчылдашкан жааттардын күрөшүндө республиканын өз алдынча болуу идеясын тартынбай колдогонун, Абдыкерим Сыдыковдун ачык тарапкери болгонун айтса болот. Тоолуу кыргыз Автоном облусун түзүү идеясы эки жылга чукул убакыт ичинде кыргыз интеллигенциясынын ким экендигин таамай аныктаган чоң сыноого айланган.

Жарашпаган топтордун жаалы

"Улутчул-буржуазиячыл топтор совет бийлигин жактырбай, өз алдынча болууну эңсеп калышканын" Кудайкулов менен Бабахановдун тобундагылар Москвага чейин билдиришип, ортодо ачык-тымызын катаал күрөш жүргөн. Башка республикалардын катарында Тоолуу кыргыз автоном облусу Орусиянын катарында болушун жактаган “отузчулардын” каты Москвада отургандарды кадыресе чочулаткан белем, көп өтпөй артынан куугунтук башталган. Жаңы идеяны жактоочулар менен ага ачыктан ачык каршы чыккандардын ортосундагы айыгышкан тиреш кийин “таптык күрөш курчуй беришин” ырастаган сталиндик доктринага салынып, ага катышкандардын текши баарынын жок кылынышына алып келди. Айтса, ошол чуулгандуу катты даярдоо жашыруун жыйында Абдыкерим Сыдыковго тапшырылып, ага улуу муундагы революциячылар, алардын катарында Садык Чоңбашев кызуу жардам бергени аныкталган. Катка кол койгон отуз адамдын арасында жалаң эле кыргыз коммунисттери эмес, башка улуттардын өкүлдөрү деле болушкан. Алар ошол кездеги облустук партиялык жетекчи Каменскийдин ишине катуу сын айтышып, саясий талаптарын ачык коюшкан.

Айрым тарыхчылардын маалыматы боюнча, Абдыкерим Сыдыковдун тарапкерлери, Кыргызстандын союздук республика таризинде чыгышын каалаган күчтөр чын эле арбын болушкан. Ал кезде ВКП(б) катчысы И. Сталиндин бийлиги кенен тамыр жая элек. Ошон үчүн катка кол койгондордун экөө партиядан чыгарылып, калгандарына сөгүш, эскертүү берилген. Чыныгы айыптоо кийин, 1937-38-жылдары башталып, көбү атып жок кылуу менен жыйынтыкталган. Демилге көтөрүп чыккан Сыдыков кызматтан четтетилип, партиянын катарынан чыгарылганы менен башка тарапташтары маселени кайра-кайра коюшуп, үнү жеткен жерде айтып отуруп, алгач Орусия курамындагы автоном облус, андан соң республика, 1936-жылдан союздук республика болуу ыкыбалына туш келбедиби. Эгер ошол кезде айрым бийликчил инсандардын демилгеси колдоо таап, тоолуу облустун бир тарабы Казакстан, экинчиси Өзбекстанга кошулуп кетсе, ансыз да 1916-жылкы алааматты башынан кечирген жаралуу элдин кийинки тагдыры кандай болорун болжош кыйын. Кыргыз элинин чындап өнүп-өсүшү башка теңата союздук республикалардын катарында турганда гана ишке ашты. Абдыкерим Сыдыков өмүрүн сайган бул иши жүзөгө ашканын көрбөй кетти.

Бир топ жыл бою Абдыкерим Сыдыковдун тобундагылар “сыдыковчулар”, "партияны ичтен ириткен душмандар, бай-манап идеологиясын жактагандар, буржуазиячыл улутчулдар" деп айыпталып, “эл душмандары” деп сыпатталып келди. Садык Чоңбашев Абдыкерим Сыдыковдун демилгесин аягына чейин колдоп, баштапкы позициясынан тайбай күрөшүп келгендердин бири болгон. Терең билимдүү, элинин эртеңкисин ойлогон нукура интеллигент Садык Чоңбашев өз кезегиндеги саясий иш-аракеттерге мамилесин ачык билдирген. Партиялык түзүмдүн мыктылыгы сын жана өзүн-өзү сыноо деп түшүнгөн. Партиялык жыйындарда, көпчүлүк чогулган жыйындарда пикирин ачык айтып, "коммунисттик идея тезирээк ишке ашса жамы журттун жашоо-турмушу батыраак оңолот" деген ойго аябай ишенген.

Сыдыковчулар партиялык турмуштагы өткөндү жерүүнү, калкты социалдык ажырымга жиктөөнү, бай-манаптарды кодулоону, өз-жатка бөлүнүүнү жактырышкан эмес. Азыркы түшүнүк менен айтканда, сыдыковчулардын позициясы либералдык-демократиялык баалуулуктарга кыйла жакын. Эскини түп-тамырынан талкалап, бай-манаптарды толук жок кылып, жалаң кедей-кембагалдардын теңчил коомун түзүүнү көздөгөндөр сыдыковчулардын позициясын ашык-кеми жок совет өкмөтүнө каршы, жаңы коомду ичтен ириткен душмандык катары баалашкан. Мунун баары кийин аларга каршы айныксыз айып катары чыккан. “Сыдыковчулардын” айыгышкан душмандары “кудайкуловчулар” болчу, алар баарын жок кылып, жалаң жарды-жалчылардын гана таламын талашчу коом курууну жактаган эле. Билимсиз, караңгы, кандай да болсо учурдагы башаламандыктан пайдаланып бийликке келүүнү самаган ууру-кескилерден, шумпайлардан куралган “ур-токмокчулар” каршылаштарын жаманатты кылуунун ар кыл жолдорун издешкен. Саясий куугунтуктун ошентип башталган илебине жаатташкан тараптардын экөө тең туш келген.

Анткен менен “сыдыковчулар” Кыргыз Республикасын түзүүгө, чек арасын аныктоого жетишкен, улуттук мүдөө-кызыкчылыкка төп келген оголе көп иштер жасалган. Алардын баарына “кудайкуловчулар” көшөрүп каршы чыгышканына карабай, Абдыкерим Сыдыковдун тарапташтарынын аракети акырындап ишке ашкан. Ал катарда И. Арабаев, Ж. Абдыракманов, Т. Кудайбергенов, Д. Зульфибаев, С. Чоңбашев, К. Тыныстанов, Д. Иманов дага башка көптөгөн кыргыздын мекенчил уулдары турушкан. Кыргыз Республикасы болушу үчүн каруусун казык кылып күрөшкөн алгачкы муундагы интеллигенция өкүлдөрүнун арасында биринчи иретте Садык Чоңбашевдин аты аталат.

Абдыкерим Сыдыков менен анын тарапкерлерин жок кылгандан кийин Кыргыз АССРинин коопсуздук кызматы “кудайкуловчуларды” жазалоо өнөктүгүн баштаган. Кийинки жазалоо көпчүлүктүн көз алдында большевиктер партиясын ичтен иритип, фракциялардын ролун күчөтүүнү көздөгөн жексур күчтөр катары айылталган. Кудайкуловдун “калк атасы” болуу тилеги таш каап, кечээ эле өзү айыптап жаткан атаандаштары туш келген азапка башы малынган.

Абдыкерим Сыдыков бийликтен четтетилгенден кийин ал орунга ат салышчулардын арасында Садык Чоңбашев да бар болчу. Өз өлкөсү үчүн өмүрүн арнаган азаматтын жашоосу арадан он жылга жакын убакыт өтүп-өтпөй кыйылып, аты бир топ жылдар бою аталбай, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин гана анын коомдук-саясий, мамлекеттик ишмер катары эмгеги эскериле баштады. Анын ойлогону - өз өлкөсүнүн эркиндиги болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG