Украинанын чыгышындагы жаңжал дүйнөлүк медиада маалымат согушу менен коштолууда. Киевде 10 жылга чукул турган мекендешибиз Шералы Жаналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар тууралуу иликтөө жарыяланды. Анда Сирияга кеткендердин жашы, үй-бүлөлүк абалы жана башка социалдык өзгөчөлүктөрү талданган.
Президент Петро Порошенко эл аралык күчтөрдү киргизүү өлкө чыгышындагы абалды жайгарууга өбөлгө болот деп ишенет. Киевдин бул сунушуна орусиячыл жикчилдердин пикири каршы.
Бириккен улуттар уюму быйыл Ооганстанда согуштун кесепетинен өлгөн же жарадар болгон адамдардын саны 22% өскөнүн жарыялады. Бул акыркы беш жылдагы эң бийик көрсөткүч.
Украин армиясы бир нече аптадан бери уруш жүрүп жаткан Дебальцево шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Петро Порошенко билдирди.
17-февралда Орусия президенти Владимир Путин Венгрияга расмий сапар менен барды. Бул сапарды утурлай миңдеген мажарлар Путинди нааразылык акциясы менен тосуп алды.
Тынчтык келишими түзүлгөнүнө карабай Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарындагы абалдын начарлаганына Батыш өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирүүдө.
Өзбекстандын борбору Ташкентте адам укуктарынын абалын жакшыртуу талабы менен пикетке чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кетти.
Кыргызстанда электр баасынын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат. Өкмөт болсо Кыргызстандагы электрге баа КМШда боюнча арзан экенин айтууда. Ал эми коңшу мамлекеттерде абал кандай?
Cибирдин Томск шаарындагы көз карандысыз ТВ-2 каналы ишмердүүлүгүн токтотуп жатат. Буга Роскомнадзор мекемесинин каналдын лицензиясын узартпай койгону себеп болду.
Түркияда бийликтер президент Эрдоган душманы катары санаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылына байланышы бар Азия банкка көзөмөл орнотту.
Иранда Холокостту мыскылдаган карикатураларга сынак жарыяланды. Бул акция франциялык “Шарли Эбдо” журналына чыккан Мухаммед пайгамбардын карикатурасына жооп иретинде уюштурулган. Буга чейин француз журналында пайгамбарды мазактады делген сүрөт бир катар мусулман өлкөлөрдө нааразылык жараткан эле.
Түркмөнстанда жашап, унаа сатып алууну кааласаңыз, ак түстөгүсүн тандаганыңыз жөндүү. Анткени түркмөн бийликтери башка түстөгү унааларды өлкөгө киргизүүнү токтотуп, экспортерлорго ак түстүү машинелерди алып келүү кеңешин берди. Бул сунушту түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун ак түстү жакшы көргөнү менен байланыштырып жатышат.
Орусияда “мамлекетке чыккынчылык кылды” деген айып менен камалган Светлана Давыдованы боштондукка чыгаруу үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Жети баланын энеси Давыдованы Федералдык коопсуздук кызматы 21-январда камакка алган.
Өзбекстандын Навои шаарындагы металлургиялык заводдун жумушчулары президенттикке талапкер Ислам Каримовду колдоо баракчаларына мажбурлап кол койдуруп жатышканын айтып чыгышты.
Алматы 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүү укугуна ээ болсо, казак бийликтери дүйнөлүк мелдештер үчүн 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшоого даяр.
Президент Александр Лукашенко Беларус Евразия экономикалык биримдигинин “саясий” макам алышына каршы экенин билдирди.
Украина чыгышында өкмөттүк аскерлер менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы кармаш уланууда. Жикчилдер аймактагы Дебальцево шаарын курчоого алганын айтышууда.
Standard&Poor's эл аралык рейтинг агенттиги Орусиянын кредиттик көрсөткүчүн эң төмөнкү баскычка түшүрдү.
Украинанын Жогорку Радасы Орусияны “агрессор өлкө” деп жарыялады. Мындай резолюцияны украин парламенти шейшембиде кезексиз жыйында кабыл алды.
Дагы жүктөңүз