Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Тажик оппозициясы: бут тосуулар күчөдү


Тажикстанда парламенттик шайлоо 1-мартта өтөт. Ага сегиз партиядан 288 талапкер ат салышууда.
Тажикстанда парламенттик шайлоо 1-мартта өтөт. Ага сегиз партиядан 288 талапкер ат салышууда.

Тажикстандагы оппозициялык партиялар парламенттик шайлоо алдында бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, алардын үгүт жарнактарын айрып кетип жатышканын билдирүүдө.

Оппозициячыл Социал-демократиялык партиянын лидери Рахматилло Зойировдун айтымында, өлкө борбору Душанбе баш болгон бир нече аймактарда партиянын үгүт жарнактарын белгисиз адамдар айрып кетишкен. Учурда борбордогу илинген үгүт жарнактардын 80 пайызы жараксыз абалга келди.

"Мындай иштин артында бийликтин кулагы көрүнүп жатат”- дейт оппозициячыл саясатчы:

- Жергиликтүү бийлик органдарынын буйруктары менен атайын топ үгүт материалдарды тытып кетип жатат. Маселен, Шахритус районунда плакатыңарды айрып жатышат дегенинен биздин партия мүчөлөрү жетип барса, Коопсуздук комитетинин жергиликтүү кызматкери үгүт плакатыбызды тытып жок кылып жаткан экен. Ал бизге “плакатты башка жерге гана чаптап коеун дегем” деп актанды. Буга ким ишенет?

Рахматилло Зойиров
Рахматилло Зойиров

Зойиров жергиликтүү бийлик башчыларына президент Эмомали Рахмон жетектеген Элдик-демократиялык партиядан башка партиялардын үгүт кампаниясына бут тосуу буйругу берилгенин кошумчалады.

Ага чейин оппозициячыл саналган Ислам кайра жаралуу партиясы да бир катар бут тосуулар болуп жатканын айтып чыккан. Маселен, борбор калаа Душанбенин четиндеги Рудаки районунда партиянын үч талапкери шайлоодон четтетилген. Шайлоо комиссиясы буга партия мүчөлөрүнүн талапкерлигин өз ыктыяры менен алуу боюнча арызы себеп болгонун билдирген. Бирок аталган талапкерлер андай арызды жазбаганын жана шайлоо комиссиясы кабардар кылбай туруп, саясий өнөктүктөн четтеткенин айтып чыгышты. Оппозиционерлер арызга белгисиз адамдардын колу коюлганын айтып, муну бийлик партиясынан көрүп жатышат.

Борбордук шайлоо комисссиясы оппозициялык партиялардын арызын териштирүүдө. Бирок бийлик органдары мындай айыптоолорду толугу менен четке кагууда. Социал-демократиялык партия өкүлөрү айтып чыккан окуяны Шахритус райондук милициясынын башчысы Валиджон Муллоев төмөнкүдөй чечмелейт:

- Эгер чын эле болсо анда мыйзамсыз аракет. Бирок мындай көрүнүш бизде болгон жок. Эч ким андай үгүт жарнактарын айрыган жок. Мунун баары жалган маалымат.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Ал эми президент Эмомали Рахмон жетектеген Элдик-демократиялык партиянын маалымат катчысы Махмуджон Файзрахмонов партия дарегине айтылган дооматтарды четке какты.

Файзрахмонов “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргендей, президенттик партиянын үгүт материалдарын деле айрым жерлерде айрып кетип жатышат. Алар мындай бейбаштык фактылары боюнча шайлоо комиссиясына кайрылууну эп көрбөсүн бийликтеги партиянын өкүлү кошумчалайт.

Ошол эле учурда байкоочулар өлкөнүн ар тарабында бийликчил партиянын үгүт жарнактары башкаларга салыштырмалуу оголе көп көзгө учураарын белгилешет.

Тажикстанда парламенттик шайлоо 1-мартта өтөт. Ага сегиз партиядан 288 талапкер ат салышууда. Шайлоого көз салуу үчүн жүзгө жакын эл аралык байкоочу Тажикстанга барды.

Тажик парламенти 63 депутаттан турат. Азыркы чакырылыштагы 55 депутат президент Эмомали Рахмондун партиясынын мүчөлөрү. Бул жолку шайлоодо деле бийлик партиясы көпчүлүк орунду алаарын байкоочулар алдын ала боолгошот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG