Акцияга катышкан укук коргоочу Жахонгир Шосалимовдун айтымында, пикет 5 мүнөткө гана созулган. Көз ачып-жумгуча милиция кызматкерлери жетип келип, акцияга катышып жаткан Сурат Икромов, Елена Урлаева, Жахонгир Шосалимов жана Манзура Ахмедованы Яккасарай райондук милициясына алып кетишкен. Мындан соң кармалгандар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Акциянын алдында көз карандысыз укук коргоочулар тобунун төрагасы Сурат Икромов “Азаттыктын” өзбек кызматы менен байланышып, нааразылык иш-чарасын өткөрүүгө өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы абалдын начарлаганы себеп болгонун билдирген эле:
- Президенттин аппаратына кирип, президентке жолугуп, абалды түшүндүрүүнү талап кылабыз. Ошондой эле пикетте коррупцияга каршы күрөшүүнү да талап кылабыз.
Пикетке катышкандар арасында ташкенттик ишкер Манзура Ахмедова да бар. Өзүнө таандык жеке клиниканы бийликке жакын адамдар коррупциялык жол менен тартып алышканын айткан Ахмедова бул иш боюнча бир нече жолу сотко кайрылган. Бирок алардан адилеттик таппай, акцияга катышууга аргасыз болгонун “Азаттыкка” төмөнкүчө айтып берди:
- Пикетке чыгуудан башка эч бир ылаажы калган жок. Соттун бардык инстанцияларына кайрылдым. Эч жыйынтык болгон жок. Эми президенттен үмүт кылып отурам.
Укук коргоочулар альянсынын төрайымы Елена Урлаева болсо пикетке Норвегияда иштеп жүрүп, Өзбекстанга кайтканда, диний себептерден улам 12-13 жылга камалган алты адамга тергөө учурунда кыйноо фактылары болгонун териштирүү талабы менен чыккан.
Урлаева ошондой эле эркин журналист Малохат Эшанкулова, укук коргоочулар Шухрат Рустамов, Аделида Ким, Өктөм Пардаев жана өзүнө чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берилишин да талап кылууда:
- Биз Сеулда эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземине барышыбыз керек. Бизге Кореянын Сон Хак атындагы тынчтык жана адилеттик үчүн күрөш сыйлыгы ыйгарылган. Аны тапшыруу аземи 11-мартта Сеулда болот. Биз 10-март күнү учуп кетишибиз керек. Бирок Өзбекстандагы тиешелүү органдар бизге сыртка чыгуу үчүн уруксат виза берүүдөн баш тартууда. Кечээ күнү биз бул маселе боюнча бийликтин жогорку органдары, президенттик аппаратка чейин арыз жаздык. Тиешелүү органдар бул маселени териштирип, жооп беребиз деп убада кылып жатышат. Бирок качан болот, ал белгисиз.
Пикетке чыккан укук коргоочулардын айрымдары президент Ислам Каримовдун 29-марттагы шайлоого кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө нааразылык билдирип келет. 3-февралда укук коргоочулар Елена Урлаева, Шухрат Рустамов жана эркин журналист Малохат Эшанкулова Каримовдун талапкерлигин алып салуу талабы менен Өзбекстандын Башкы прокуратурасы, Конституциялык соту жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.
Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочулар тобу президенттик шайлоодо Ислам Каримовго добуш бербей, бойкот жарыялоого үндөп жатышат. Алар өлкө Конституциясынын 90-беренесине ылайык, буга чейин үч ирет президенттикке шайлаган Каримовдун кийинки шайлоого катышуусуна мыйзам жол бербейт деген жүйөнү келтирүүдө.
Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өтөт. Шайлоого Либерал-демократиялык партиядан азыркы президент Ислам Каримов аттанса, Элдик-демократиялык партия Хатамжан Кетмоновду, Социал-демократиялык "Адилет" партиясы Наримон Умаровду, Демократиялык улуттук кайра жаралуу партиясы Акмал Саидовду көрсөттү.
Бул саясий партиялардын бири да Өзбекстанды 1990-жылдан бери башкарып келе жаткан Ислам Каримовдун бийлигине оппозиция эмес. Каримовго атаандаш болгусу келген үч саясатчынын талапкерлиги альтернативдүү шайлоо өттү деп жымсалдоо үчүн гана жасалып жатканын саясат таануучулар белгилешет. Өлкөнү чейрек кылымдан бери башкарып келаткан 77 жаштагы Каримов марттагы шайлоодо кайра эле жеңип чыгары күтүлүүдө.