Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Немцовдун өлүмүндөгү жаңы жагдай


Заур Дадаев
Заур Дадаев

Москвада киши колдуу болгон Борис Немцовдун өлтүрүүгө шектелгендердин бири чечен милициясынын мурдагы кызматкери Заур Дадаев айыпты четке какты.

Буга чейин анын күнөөнү моюнуна алганы айтылган эле.

Москвадагы “Лефортово” тергөө абагында камакта отурган Заур Дадаев Немцовдун өлүмү боюнча күнөөсүз экенин Орусиянын Адам укуктары боюнча президенттик кеңешинин жана Коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөлөрү менен жолукканда айткан.

Жолугушууга күбө болгон “Московский комсомолец” гезитинин кабарчысы Ева Меркачёванын жазышынча, Дадаев укук коргоочуларга эки күн бою колу-буту кишенделип, башына жылтырак баштык кийгизилип, кыйноого туш болгонун айтып берген:

- Дадаевдин айтканына караганда, аны кармаган учурда эки сутка бою башына баштык кийгизип, оозун скотч менен чаптап, кыйноого алышкан экен. Ошол учурда ал эптеп аман калуунун айласын ойлоптур. Буга кошумча, анын жакын жолдошу жана кесиптеши Юсуповду кое беребиз дегенинен “азыр эптеп күнөөнү моюнума алайын, Москвага келгенде баарын айтам” деп ойлогон экен.

Немцов өлтүрүлгөн жерге дагы эле гүл алып келишүүдө
Немцов өлтүрүлгөн жерге дагы эле гүл алып келишүүдө

Журналисттин жазганын Адам укуктары боюнча кеңештин расмий сайтында жарыяланган отчет да бышыктайт. Аталган кеңеш мүчөсү Андрей Бабушкин жазган отчетто Дадаевдин денесинде уруп-согуунун издери бар экени айтылат:

- Дадаевдин денесинде көптөгөн көк-ала тактар байкалды. 5-7-март аралыгында тамак бербей, 3-4 жолу гана оозуна суу тамчылатыптыр. Кармалган соң жакындарына телефон чалууга мүмкүнчүлүк берилбептир. Ага эгер Немцовду өлтүрүү боюнча айыпты моюнуна алса, курдашы жана кесиптеши Юсуповду камактан бошотуу убадасын беришиптир. Дадаев бул мыйзам бузуулар тууралуу сотто айтам деп үмүттөнгөн. Бирок судья Мушникова ага сөз бербей эле кеңешме бөлмөсүнө кирип кетиптир.

Мындан сырткары укук коргоочулар Немцовду өлтүрүүгө шектелген бир тууган Анзор жана Шагид Губашевдер менен да жолуккан. Алар да бул иш боюнча күнөөсүз экенин айтып, “кыйноого туш болдук” деп даттанышкан.

Ал эми Немцовду өлтүрүүгө шектелгендерди камакка алуу чечимин чыгарган Москванын Басман райондук соту Дадаевдин укук коргоочуларга айтканы чындыкка дал келбейт деп төгүндөө таратты.

Заур Дадаев
Заур Дадаев

Заур Дадаев - Орусиянын Ички иштер министрлигинин Чеченстандагы “Север” батальонунун колбашчысынын мурдагы орун басары болгон. Ал бул кызматтан Немцов өлтүрүлгөн күндүн эртеси өз арызы менен кеткени маалым болду.

Дадаев кармалган соң Немцовду өлтүргөнү боюнча айыпты дароо мойнуна алганын орус күч органдары кабарлашкан. Ал эми Орусиядагы бийликке жакын маалымат каражаттары Дадаев мындай кадамга “Немцовдун Орусиядагы мусулмандар жана Мухаммед пайгамбар тууралуу айткан терс сөздөрүнөн улам барганын” жазып чыккан.

Ал ортодо “Новая Газета” Немцовдун өлүмү боюнча жаңы жагдай белгилүү болуп жатканын жазып чыкты. Гезиттин божомолунда, саясатчыны өлтүрүүгө буйрук берген чечен улутундагы Руслан аттуу майор болушу мүмкүн. Бул адам тууралуу маалымат президент Владимир Путинге кабарланган. Мындай макала жарыяланар менен оппозционер Алексей Навальный сөз майор Руслан Геремеев тууралуу болуп жатышы мүмкүн деп социалдык тармактарга жазды. Геремеевдер Чеченстандагы таасирдүү адамдар. Анын бир агасы Сулейман Геремеев Орусиянын Федерациялар кеңешинин мүчөсү болсо, дагы бир тууганы Адам Делимханов Мамлекеттик Думанын депутаты.

1-март, 2015-жыл
1-март, 2015-жыл

Ал эми Немцовдун жакын санаалаштарынын бири, “Демократиялык тандоо” партиясынын лидери Владимир Милов “Азаттыктын” орус кызматына сүйлөп жатып, окуянын мындай өнүгүшү Немцовдун көзүн тазалоого орус атайын кызматтары аралашканынан кабар берет деди:

- Менин оюмча, бул жерде орус атайын кызматтарынын кулагы көрүнө баштагандай. Анткени дал ушундай абдан корголгон жана шаар борборундагы оор операцияны жөнөкөй адамдар мынчалык ийгиликтүү ишке ашыра алмак эмес.

27-февралда Москванын чок ортосунда атылган 55 жаштагы Борис Немцов орус оппозициясынын лидерлеринин бири эле. Ал акыркы он жыл аралыгында учурдагы орус бийлигин сынга алып, ар кыл нааразылык акцияларды уюштуруп келген. Акыркы ирет Украинанын чыгышындагы жаңжалга орусиялык аскерлердин катышы боюнча атайын доклад даярдап жатканы айтылган. Оппозиция Немцовдун көзүн тазалоо ушуга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтып жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG