Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Россия-Украина газ сүйлөшүүсү жылбай жатат


Россия президенти Медведев эгер Украина газ карызын төлөбөсө, Москва борчту өндүрүү үчүн бар мүмкүнчүлүгүн пайдалана турганын кулак какты кылды. Өкмөттүк «Газпром» компаниясы болсо 2009-жылдын келишимине 1-январга чейин кол коюлбаса, Украинага көгүлтүр отун берилбей турганын эскертти.

Россиянын «Газпром» компаниясынын билдиришинче, Украинанын газ үчүн борчу 2 миллиард доллардан ашып кетти. Анын 450 миллион доллары акыркы эки айда төлөмдөр кечиктирилген үчүн кошулган айып пул.

Украинанын «Нафтогаз» компаниясы менен шаршемби күнү Москвада болгон сүйлөшүүдөн кийин, «Газпромдун» өкүлү Сергей Куприянов «Нафтогаздын» карызды төлөөгө чамасы жетпей жатканын билдирди:

- Алар октябрь үчүн карызды эми гана төлөштү. Ноябрь жана декабрь үчүн карызды төлөй албасы анык. «Нафтогаз» ноябрь-декабрдын карызын акчалай түрдө төлөй албаганы бүгүнкү сүйлөшүүдө тастыкталды.

24-декабрда Украинанын президенти Виктор Ющенко билдиргенге караганда, эки жак макулдашканга ылайык, Киев газдын акысын бир нече айдын ичинде төлөп берет. Алтурсун Киев карызын корго кармап турган газы менен да төлөшү ыктымал.

Ющенконун берегидей сөзүн «Газпромдун» өкүлү ошол эле күнү төгүнгө чыгарды жана газ сүйлөшүүсү «саалгып жатканын» маалымдады:

- Газ келишими болбой туруп, 1-январдан кийин Украинага газ бере албайбыз.

Азыр Киев 1000 куб метр газды Россиядан 179,5 доллардан сатып алат. «Газпром» эскерткенге караганда, жаңы жылдан 1 000 куб метр газдын баасы Украина үчүн 400 долларга чыгышы ыктымал.

Эки ортодогу газ талашына карабай, Москва жана Киевдин ырасташынча, быйыл кышта европалык керектөөчүлөрдү көгүлтүр отун менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт.

Куприяновдун билдиришинче:

- Европалык керектөөчүлөрүбүзгө газды Украина аркылуу толук көлөмдө жеткирүүгө мыйзамый негиз жана техникалык мүмкүнчүлүк бар.

Президент Ющенко да Украинанын жетерлик кору болгондуктан, Европаны газ менен камсыздоо үзүгүлтүккө учурабайт деп сөз берди.

Москва 2006-жылдын кышында Украинанын борчуна шылтап, газ берүүнү азайтканда, европалыктарга көгүлтүр отун толук жетпей калган.

Евробиримдик керектеген газынын 40 процентин Россиядан алат. Анын 80 проценти Украина аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG