24-августта орусиячыл жикчилдер Донецк шаарынын борбордук көчөлөрүнөн туткун болгон украин аскерлерин алып өтүштү.
Өткөн жумада аялзатын куттуктоочу зор окуя болду. Математиктер дүйнөсүндө эң кадырлуу саналган сыйлык – Филдс медалы биринчи жолу аялга ыйгарылды.
Акыркы жылдары сырт өлкөлөргө расмий сапарга өзү жалгыз барып жүрчү Ислам Каримов бул эрежесин Бээжинге барганда өзгөрттү. 76 жаштагы президентти зайыбы Татьяна Акбаровна колтуктап жүрдү.
Жакында эле 35 жаштагы Ыкбал Синхти Жалалабад шаарынын базарында 12 жашар бала “каапыр” деп, чириген жемиштер менен уруп, базардан чыгып кетүүнү талап кылган.
АКШнын Фергюсон шаарчасында 9-августта ындыкара улан Майкл Браун полициянын огунан өлгөндөн бери кымгуут. Өткөн түнү шаарды тополоңго салган демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш агызчу газ пайдаланды.
Акыркы күндөрү Алматы шаарында эң өтүмдүү АИ-92 маркасындагы бензин тартыш болууда. Айдоочулардын айтымында, тартыштыкка удаа эле бул маркадагы бензиндин баасы бир апта ичинде 6,5% чейин кымбаттады.
Берлинде украин кризисин жөндөө боюнча Украина, Орусия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү аяктады.
Ирактагы катаал жагдайды премьер-министр Нури Малики дагы чайпалтчудай болуп турат. Ал шаршемби күнү Федералдык соттун чечими жок кызматтан кетпесин жарыялады.
12-августта Орусия Украинанын чыгышына 280 машине гуманитардык жардам жиберди. АКШ гуманитардык кербенди Орусия Украинага аскер киргизүүгө шылтоо катары пайдаланышы ыктымал деген кооптонуусун билдирди.
Ирак президенти Фуад Масум жаңы өкмөттү түзүүнү шиит саясатчысы Хайдар ал-Абадиге тапшырды. Ал эми премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан Нури -ал- Маликинин жактоочулары буга каршы Багдадда демонстрация өткөрдү.
10-августта Британия жана Франция Ирактын түндүгүндөгү качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү аракетин баштады.
7-августта Ислам мамлекети уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндөгү Каракош шаарын жана анын тегерегин басып алды.
1-июлда Ирактын курамындагы Күрдистан автономиясынын президенти Масуд Барзани Күрдистандын күнкорсуздугу боюнча жакынкы айларда референдум өткөрүлөт деп кулак какты кылды.
Бириккен улуттар уюмунун мартабалуу чиновниктери Чыгыш Украинада кырдаал начарлап баратат деп эскертишти.
Вашингтон Эл аралык диний эркиндик тууралуу 2013-жылдагы баяндамасын жарыялады. Анда диний ишмердүүлүк катуу чектелген Түндүк Корея дүйнөдөгү эң репрессивдүү режим деп саналды.
Кашка-Дарыя облусунда үч аял жана үч эркек Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү, өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулаткысы келген деп 9 жылдан 15 жылга чейин соттолду.
10-август - Түркияда президентик шайлоо күнү. Бул күнү биринчи жолу президентти жалпы эл шайлайт.
Дагы жүктөңүз