Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Өзбекстанда "диний экстремист" деп, эмгек мигранттары соттолду


Карачи аэропортунда канабайрам уюштурган Өзбекстан ислам кыймылынын желдеттери
Карачи аэропортунда канабайрам уюштурган Өзбекстан ислам кыймылынын желдеттери

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда үч аял жана үч эркек 9 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар тыйуу салынган Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү, өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулаткысы келген деп айыпталды

Бул сот жараянын адам укугун коргоочу “Эзгулик” уюму буйрутма иш деп атап, бийликти тергөөнү эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүүгө чакырды.

Өзбекстандын адам укугун коргоочу “Эзгулик” коомунун билдиришинче, өкмөттүк төңкөрүш жасоону көздөгөн, тыйуу салынган диний экстремисттик уюм менен байланышы бар деп, дагы 60тан ашуун адамдын үстүнөн сот жүрүүдө.

7-июлда алардын алгачкы алтоосу(үч эркек жана үч аял): Атабек Ачылов, Зафар Пулатов, Бахтияр Базаров, Лолахан Кудратова, Нигара Эрназарова жана Азиза Мухитдинованын өкүмү угузулду. Алар Өзбекстандын кылмыш кодексинин 155 (терроризм), 159 (конституциялык түзүлүштү алмаштыруу) жана 244-беренелерине ( диний-экстремисттик, жикчил, фуданменталистик ж.б. тыйуу салынган уюмдарга кирген) ылайык, 9 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кесилди.

Соттун өкүмүнө караганда, алар Орусияга иштегени барып жана ал жакта 2010-2013-жылдары жашап жүрүшүп, азыр Пакистандын аймагында аракеттенген Өзбекстан ислам кыймылына мүчө болуп өтүшкөн. Өздөрүндөй эле Орусияга кара жанын бакканы келген эмгек мигранттары арасында аталган кыймылдын идеяларын жайылтып, бийликти басып алууну мерчемдешкен. “Бул максатта Орусияда иштеп тапкан акчаларынан 500 доллардан чегеришкен. Алардын “Москва-Баку-Захедан-Вана” поездине түшүп, Пакистандагы террордук группага кошулууну көздөгөнү анкыталды. Анүчүн Орусия Федерациясынын белгисиз жайларында ок атуучу куралдарды пайдалануу, жанкечтилик боюнча даярдыктан өткөн кылмышкерлер Өзбекстандагы президенттик жана парламенттик түшүлүштү өзгөртүүнү көздөгөн,”- деп айтылат өкүмдө.

“Эзгулик” уюму Кашка-Дарыя облустук сотунун чечимин тийиштүү кызматтардын буйрутмасын аткаруу жана бейкүнөө жарандарды негизсиз каралоо деп баалады. Ошон үчүн жогорку инстанциядагы сотторду бул ишти Өзбек республикасынын жана эл аралык нормаларына ылайык кайра карап чыгууну суранды.

Ал эми сотолуп жаткан 70тей адам мүчөсү деп шектелген Өзбекстан ислам кыймылы акыркы 10 жылдан ашуун мезгилде Пакистанда баш калкалап жүрөт. Ислам Каримовду президенттиктен кулатып, Борбор Азияда ислам халифатын курууну көздөгөн уюмдун бул мүчөлөрү Өзбекстандан 1990-жылдардын башында чыгып кетишкен. АКШ башындагы күчтөр 2001-жылы талиптердин өкмөтүн талкалаганга чейин алар Ооганстанды конуш тутуп жүрүштү. Башынан эле талиптер жана “ал-Каиданын” согушчандары менен тыкыс иштешет. Быйыл 9-июнда өзбекстандык согушчандар Пакистан армиясынын формасын кийип алып, Карачи эл аралык аэропортуна кирип барып, канабайрам салышты. Шамдан таң азанга чейин уланган аткылашууда 37 адам, анын ичинде белине бомба байлаган он жанкечти өлдү.

Пакистандын аскерий жетекчилиги аэропорттогу чабуулду өзбек жихадчылар уюштурганын билдирди. Жарыша эле Пакистан талиптери аэропортко чабуулду өзбек жихадчылар менен чогуу уюштурганын жар салган.Ал эми Өзбекстан ислам кыймылы өз сайтында урушта “шейит өлгөн” он мүчөсүнүн сүрөтүн чыгарды ошондо. Сүрөттө сакал-муруттуу, кара селдечен согушчандардын тобу колдоруна Калашников автоматын кармап турушат.

Исламабаддык эксперт Имтияз Гүлдүн Ройтерс агенттигине айтымында, пакистандык уруулардын башкаруусундагы Түштүк жана Түндүк Вазиристандын тоолуу аймактарында өзбекстандыктарга жанаша уйгур согушчандар да аракеттенет. Тили, маданияты, үрп-адаттары жакын элдин Халифат курууну самап жүргөн жихадчыларга конушту жергиликтүү талиптер берет. Андыктан, алар талиптердин буйруганын чыкпаганын жана террордук чабуулдарды чогуу уюштуруп, өкмөттүк күчтөргө макулдашып кол салышат дейт серепчи.

XS
SM
MD
LG