Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Орусиянын гумжардамы Киевди чочулатууда


Орусиядан Украинага жөнөтүлгөн гуманитардык кербен. 12-август, 2014-жыл.
Орусиядан Украинага жөнөтүлгөн гуманитардык кербен. 12-август, 2014-жыл.

12-августта Орусия Украинанын чыгышына 280 машине гуманитардык жардам жиберди. АКШ гуманитардык кербенди Орусия Украинага аскер киргизүүгө шылтоо катары пайдаланышы ыктымал деген кооптонуусун билдирди.

Украинанын президенти Петро Порошенко Орусия гуманитардык жардам көрсөтүүгө эл аралык нормаларга ылайык кошула аларын жана ар кандай кербен орусиялык аскерлердин коштоосу астында болбошу керек экенин эскерткен.

Орусия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун Financial Times гезитине айтышынча, Москвадан чыккан гуманитардык кербен Украинанын территориясына Киев менен макулдашылган гана жерден кирет.

Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлү Ситара Жабин:

- Эгер Орусия бул ишти Кызыл Чырымдан бөлөк жүргүзсө, алар өздөрү каалагандай жасасын. Муну Кызыл Чырым жүргүзсө, баары биздин принциптерге жана усулдарга ылайык болот,- деп эскерткен кечээ дүйшөмбү күнү орустардын “Дождь” телеканалына берген интервьюда.

11-августта украин президенти Петро Порошенко жикчилдердин колундагы Луганскка эл аралык гуманитардык миссияны өткөрүүгө макулдук берген.

Евробиримдик, АКШ, Орусия жана башка өлкөлөр менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылчу бул миссияны Эл аралык Кызыл Крест уюму жетектемекчи.

Гуманитардык жардам Украинанын чыгышындагы азык-түлүк кризисин жеңилдетүүгө көмөктөшөт. Лугансктын бийликтеринин айтымында, эки жумадан бери жүрүп жаткан салгылашуулардын кесепетинен 250 миңдей адам суусуз жана электрсиз отурат. Шаарда дүкөндөр, дарыканалар жана ар кандай телефон байланышы иштебейт. Бул жакка орусиялык автокербен 2 миң тонна тамак-аш, дары-дармек, төшөк кап, электрогенераторлорду алып баратат.

Европа биримдиги да Чыгыш Украинага 3 миллион доллардан көп суммага гумжардам жөнөтмөк болууда.

Батыш державалары Орусия гумжардамды Украинага аскер киргизүү үчүн пайдаланышы ыктымал деп чочушат. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Марие Харф дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө:

- Орусия гумжардамды же тынчтык операцияны Украинага аскерий күчтөрдүн элементтерин жөнөтүү үчүн колдонот деп кооптонобуз. Украинада гуманитардык же башка акция Киевдин уруксатысыз жүргүзүлбөшү керек. Орусияда гуманитардык кербенге же башка жүйөгө таянып, Киевдин уруксаты жок Украинага кирүүгө акысы жок. Бул бизди тынчсыздандырат жана ага этият көз салып турабыз, - деди.

Ушундай эле кооптонууну Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус да айтты.

- Биз өтө кылдат болушубуз абзел. Себеби, орустар Луганск жана Донецктин жанына жайлашып алып, анан бизди факт алдына коюшу этимал, - деди 12-августта France Info радиосуна берген интервьюда.

11-августта НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен да "Москва гуманитардык операцияны шылтоо кылып, Украинадагы кырдаалга аскердик жактан кийлигишүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору",- деген. "Себеби, Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган 20 миң аскерди Орусия ары алып кеткенин жышааналаган эч кандай белги жок. Ошондуктан гумжардамды кошточу аскерлер Украинада мыйзамсыз операцияларды өткөрүү үчүн пайдаланылышы ыктымал",- дейт Расмуссен.

Соңку маалыматтарда өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенконун Орусиянын гуманитардык кербени андагы жүк Кызыл Чырым комитети тарабынан текшерилмейинче киргизилбеси тууралуу айтканы белгилүү болду.

Батыш жана украин расмий өкүлдөрү Орусия гуманитардык жардам шылтоосу менен Украинанын чыгышына аскерлерди жөнөтүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирүүдө.

Орусиядан 300дөй жүк ташуучу унаа Украинага бүгүн жол тарткан. Орус расмий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, көлөмү 2000 тонна келген жүктүн арасында балдардын тамак-ашынан тартып, төшөнчүсүнө чейин бар.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, апрелдин ортосунда Киев өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдерге каршы операцияны баштагандан берки урушта бардыгы 1 200дөн көп адам апаат болду. Алардын 568и аскерлер экенин украин жетекчилиги 11-августта расмий түрдө тастыктады. Андан тышкары 2120 солдат жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG