"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештеги кайрылуусун бир катар депутаттар жылуу кабыл алышты. Алардын пикиринде, коомдогу саясий кырдаал, Конституциянын жаңы редакциясына жана ХИПК программасына байланыштуу суроолорго президент өз көз карашын билдиргени ар кандай божомол сөздөрдүн чыгышына бөгөт коет. Ал эми айрым депутаттардын пикиринде, Бакиев бүгүнкү кайрылуусунда ой-пикирин толук жеткире алган жок.
Эл аралык издөөдө жүргөн орус олигархы Борис Березовский менен электрондук почта аркылуу Дело № гезитинин 29-ноябрдагы санындагы аңгеме-дүкөн коомчулукта кызуу талкууга түшүүдө. Анда Березовский ушул жылдын июль айында Кыргызстанга келгендигин тастыктап, келген максаты тууралуу айтып берген. Бул окуя Кыргызстандын коомчулугунда кызуу талкууга түштү. Айрым көз караштарда аны кызыкдар тараптар атайын уюштурган жасалма маек болушу да мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Ал эми парламенттик комиссия бул маселени келерки жумадагы отурумунда талкуулаган жатат.
Президент Курманбек Бакиев 27-ноябрда Беларус президенти Александар Лукашенко менен жолугушуп, “Достук жана кызматташтык жөнүндөгү» эки тараптуу келишимге кол коюшту. Айрым байкоочулар бул документ Кыргызстан менен Беларусь кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимде. Кыргызстандын жарандык коом өкүлдөрү болсо жарандык коомдун карым-катышы артарына үмүт байлап жатышат.
Бүгүн өлкө башчысынын парламенттеги билдирүүсүнөн кийин айрым депутаттар, Бакиев өлкөдөгү кырдаалдан чыгуу тууралуу орчундуу көз карашын айтпастан, тескерисинче төрт-беш депутатты айыптап, коркутууга кирди, деген пикирлерин билдиришти. Алардын бири депутат Темирбек Сариев кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде, Бакиевдин билдирүүсү өз максатына жетпегенин белгиледи.
“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү жолугушуунун форматын бузууга президент өзү жол берди деген пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми президент оппозициячыл саясатчылардын жолугушууга келбегенин, алар диалог эмес өктөм талап коюу жолун тандап алышканын белгиледи. Айрым байкоочулар бул жолугушуунун үзгүлтүккө учурашын бийлик менен оппозициянын бир-бирине кыр көрсөтүп, тирешүүсүнүн натыйжасы катары баалашууда.
19-октябрда «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери бир катар чет өлкөлүк дипломаттар менен жолугушту. Алар 2-ноябрда өтүүчү мөөнөтсүз митингде бийликке коюлуучу талаптар, митингдин максаты тууралуу толук маалымат беришти. Чет элдиктерге Өмүрбек Текебаев алардын негизги мүдөөсү тынчтык, мыйзамдуулук менен өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жетишүү экендигин билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов кечээ, 16-октябрда “Реформа үчүн” кыймылы 2-ноябрда Бишкекте өткөрө турган митингди парламент талкуулоого тийиш деген сунуш менен чыкты. Ушул эле күнү депутаттар кабыл алган чечимге ылайык Жогорку Кеңеш жума күнү 2-ноябрда баштала турган митингди талкуулайт жана ал жыйын толугу менен КТРдан көрсөтүлө турган болду. Аталган кыймылдын мүчөлөрү митинг маселесинин Жогорку Кеңеште каралуусуна каршы эместигин билдиришүүдө.
Бейөкмөт уюмдар, жарандык коомдор, оппозициячыл саясатчылар аткаруу бийлигине тез аранын ичинде жаңы Конституция кабыл алууну талап кылып келишүүдө. Президент тарабынан түзүлгөн Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ аткаруу бийлигинин үч формасы боюнча жаңы Баш мыйзамдын долбоорлорун жазып бүтүшүп президентке августта сунуштаган. Бирок ал долбоорлор эл аралык талаптарга жооп бербейт деген пикирлер да айтылууда. Ал эми Бекназаров Конституциянын долбоорун Бакиев өзү даярдап аткандыгын жакында маалымдады.
Башкы прокуратура тарабынан экс-президент Аскар Акаевдин үстүнөн кылмыш иши козголбогонун Акаевдин адвокаттары Галина Скрипкина менен Чолпонбек Айтбаев 3-октябрда өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Ал эми өлкө башчысы Курманбек Бакиев 20-сентябрдагы күч структуралары менен болгон жолугушууда Аскар Акаевдин үстүнөн 8 кылмыш иши козголгонун ырасмий жарыялаган. Акаевдин адвокаттары укук коргоо органдары Бакиевге туура эмес маалымат беришкен деген пикирде.
Кыргызстан сүрөтчүлөр биримдигинин 300дөн ашуун мүчөсү бар. Алардын кырк пайызга чукулу өзүлөрүнүн өнөрканасы болбогондуктан ар кандай оор шарттарда чыгармчылыгын улантышууда. Ал эми өнөрканасы бар сүрөтчүлөр электр, ижара, суу жана башка акылардын кымбаттыгынан жабыр тартышууда. Сүрөтчүлөр биримдигинин төрагасы Таалай Курманов кыргыз сүрөтчүлөрү мамлекеттин колдоосуна муктаж, деген көз карашта.
Эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын эң бай адамдарынын бири Борис Березовскийдин Кыргызстанга келип, президенттин уулу Максим Бакиевдин сыйын көргөндүгү тууралуу ар кандай уу-дуу кеп коомчулукта айтылууда. Президент Курманбек Бакиев 14-сентябрда парламент депутаттары менен болгон жолугушууда Березовский менен эч убакта жолукпаганын айткан эле. Бирок парламент депутаты Мелис Эшимканов Березовскийди Ысыккөлдөн көргөн күбөлөр бар экенин жума күнү билдирди.
Бүгүн өлкөдөгү жалпы билим берүү мектептеринде “Билим күнү” белгиленет. Билим берүү илим жана жаштар саясаты боюнча министри Досбол Нур уулу жаңы окуу жылына мектептер толук даяр болгондугун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мектептерде жаш мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйлүү маселелердин бири болуп келүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы шейшембидеги жыйынында №39-Куршаб шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу боюнча талашып-тартышып, акыры бир чечимге келбей тарады.
Ишкер Мугруш Сулеймановго кол салгандар аны өлтүрүүгө аракет кылышкан атайын жалданган адамдар, деп билдиришти Сулеймановдун жубайы жана уулу маалымат жыйынында. Алардын айтымында, ишкердин артынан белгисиз адамдар бир топтон бери акмалап жүрүшкөн. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, Сулеймановду тоноого аракет кылышкан деген шек менен үч адам кармалып, учурда алар тергөөдө көрсөтмө беришүүдө.
Кечээ (ишембиде) Боом капчыгайынын кире беришинде Үркүндө шейит кеткендерди эскерген ири эстелик тургузулду. Бишкек шаарынын үй куруучулар жамаатынын демилгеси жана каражаты менен тургузулган бул айкелдин бийиктиги -тогуз метр. Ушул жерде мындан 90 жыл мурда Атаке болушунун айылдарындагы (Кичикемин өрөөнүндөгү) кыргыздарды орустун ак падышасынын аскерлери кыргынга алганы тууралуу тарых барактарында жазылып калган. Айкелдин расмий ачылышы 25-августка болжолдонууда.
Кечээ президент Курманбек Бакиев 57 жашка чыкты. Ага бир катар чет мамлекеттин башчыларынан куттуктоолор келип түштү. Өткөн жылы 10-июлда Бакиев президенттик шайлоодо 89 пайыз добуш менен атаандаштарын жеңип мамлекет башчылыгына шайланган. Айрым талдоочулар бир жылдан ашуун мезгилде президент өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөргө кадам таштаган жок деп сындашса, айрымдары өлкөнү оор кризистен алып чыгат деген ишенимде.
Кайталангыс улуу талант Калый Молдобасановду акыркы сапарга узатуу аземи бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Залкар менен коштошууга анын талантына таазим эткен карапайым шаар тургундары, кесиптештери,замандаштары, бийлик өкүлдөрү катышты. Аза күтүү аземинде Молдобасановду жакындан билген адамдар анын көп кырдуу чыгармачылыгына, өрнөктүү өмүр жолуна токтолушуп, коштошуу сөздөрүн айтышты. Маркумдун сөөгү мамлекеттик Алаарча көрүстөнүнө коюлду.
“Борбордук Азиядагы глобалдашуу, Европага жибек жолу” деген аталыштагы эл аралык семинар өз ишин аяктады. Илимпоздордун айтымында, аталган семинар Кыргызстандын илимин, маданиятын өнүктүрүү максатын көздөйт. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент менен болгон маегинде семинар тууралуу кененирек айтып берди. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сынара Алымкулова кабарчыбыз менен болгон маегинде семинар тууралуу кененирек айтып берди.
Биринчи Май эмгек майрамы Бишкекте борбордук Алатоо аянттагы спорттук мелдештер менен белгиленди. Айрым шаар тургундары спорттук оюндарды башка күнү өткөрүп, май майрамы шаңдуу маанайда белгиленсе болмок деген пикирде калышты.
Жума күнү 21-апрелде Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу билдирүү таратты. Анын мындай кадамга баруусуна жаңы бийликтин жүргүзгөн саясаты, уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын күчөшү, чечкиндүү реформаларндын жүрбөгөнү себеп болгон. Президенттин маалымат кызматы Алмаз Атамбаев кызматтан кетүү менен өзүнүн алсыздыгын көрсөттү деп бааласа, айрым саясатчылар аны президенттик орунга татыктуу саясатчы, ошого жараша кадам таштады деген ойду айтышууда.
Дагы жүктөңүз